Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Кыргызстандагы ветеринарлардын жетишсиздиги, дыйканчылыктын айрым маселелери боюнча айыл чарба министри Сапарбек Тынаев маек курду.

- Кыргызстандын аймактарында мал догдурлардын жетишсиз экени айтылып келет. Буга чейинки өкмөт, министрлер ветеринардык тармакты реформалайбыз, жеке ветеринардык кызматтарды ачабыз дегени менен малдын ылаңдары чыкканда бул убадалар кандай аткарылганы көрүнүп калууда. Сиз министр катары мал догдурлардын маселесин чече аласызбы? Ал үчүн эмне керек?

- Айыл чарба министрлиги эки-үч жылдан бери ветеринардык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чоң иштерди алып барып жатат. Бул иштерге атайын инвестиция тартылган. Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын долбоору бар. Евробиримдик да кошумча каржылап жатат.

Азыркы күндө алты чоң оору боюнча стратегия иштелип чыгууда. Анын негизинде шарп, бруцеллёз, эхинококкоз өңдүү алты оору боюнча стратегияны бекиткени жатабыз. Ошол алты ооруга бул жылдан баштап, вакциналарды сатып берип жатабыз. Маселен, эки жарым миллион долларга вакцина сатып алабыз.

- Ал эми мал догдурлардын маселесин кантип чечесиздер?

- Азыр биз жеке ветеринардык кызматтарды өнүктүрүшүбүз керек. Бул боюнча миң ветеринарга атайын препараттарды сатып берип жатабыз. Аларды окутуп жатабыз. Бара-бара мамлекеттик ветеринардык кызмат көрсөтүү жеке адамдарга өтүшү керек.

Кызматкерлердин санын азайтуу боюнча мамлекеттик саясат болуп жатат. Ошого жараша 20 пайызга кыскарып жатат. Бирок биз ветеринарлардын сапаттык жагына көп көңүл бөлөлү деп жатабыз. Аларды окутуп, райондордо оору чыккан жерлерди тазалоо үчүн атайын машинелердин сатып бердик.

- Кыргызстанда канча мал догдуру бар, өлкөдөгү малдын санын эске алганда канча мал догдуру иштеши керек?

- Мал догдурлардын саны 5-6 миңдин тегерегинде болушу керек эле. Азыр мамлекеттик 681 мал догдур калып жатат. Андан тышкары 1,5 миң жеке менчик ветеринардык кызматтар бар. Ошол жеке ветеринарларды өнүктүрүү керек. Мына Агрардык университет менен келишип, ветеринардык кесипке окуган адистер көбөйүп жатат.

- Айыл чарба министрлигинин дарегине сын айтылып жатат. Бизге Германияда иштеп жаткан, кесиби боюнча мал догдур Бактияр аттуу “Азаттыктын” окурманы кат жазып, Кыргызстанда деги мал чарбасына көңүл бурулабы деп суроо узатыптыр. Азыр айрым аймактарда тоют жетишсиздигинен жут болуу коркунучу айтылып жатат? Аларга эмне себептен көңүл бурулбайт?

- Баягы Совет маалындай мамлекет тоют даярдашы керек деген жок да. Ар ким өзүнүн алына жараша тоютту камдап алышы керек. Албетте Алайда, Чаткалда, тоолуу райондордо кар басып калган учурлар болуп жатат. Аларга мүмкүн болушунча жардам берип, маалымат жеткирип жатабыз. Ал жер кароосуз калган жок. Азыр тоютту Чүйдөн, Оштон ташып жатышат.

- Айдап себүүнү алсак, быйыл күздүк эгин былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла аз айдалып калганы айтылууда. Мунун кесепети эмне болот?

- Биз эми жазында себебиз. Азыр программа кабыл алдык.Өкмөттө жазында себиле турган өсүмдүктөрдүн түзүмү бекиди. 50 миллион сомдук үрөөндү сатып алып, кайра дыйкандарга берүү боюнча токтом кабыл алынды. Андан тышкары бир миллиард сом кредиттик ресурс каралды. Анын жарымы талаачылыкка жумшалмакчы.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG