Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстандык дыйкандар арасында жеңилдетилген насыя адилет бөлүштүрүлбөй жатат деп нааразы болгондор көбөйүүдө.

Алар дээрлик 7 пайыздык насыя жең ичинен тааныш-билиштерге тарап кетип жатат деген ишенимде. Өкмөт муну кредитке жетпей калгандардын таарынычы катары кабылдап жатат

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Сатаркул Өмүралиев өкмөттүн жеңилдетилген насыясын алып, ага кара мал сатып алууну болжоп жаткан. Бул үчүн тээ күздөн баштап эле документ чогултуп, Ат-Башыдагы РСК банктын бөлүмүнө кезекке турган экен.

Бирок фермердин насыя алам деген үмүтү ордунан чыкпай, банктагылар анын кезеги келгенче арзандатылган насыяга деген акча түгөнгөнүн айтат:

- Февралдын ортосунда окшойт, бардык документтерди чогултуп тапшырганмын. Мени тизмеге 62-болуп жазылдыныз деген эле. Бирок андан кийин эле сизге чейин акча жетпей калды деп коюшту. Бирок менден кийин документ тапшыргандар деле кредит алышты. Алар тааныштар аркылуу алып жатышат да. Айылда мен сыяктуулар көп эле.

Кыргызстанда Сатаркул Өмүралиев сыяктуу кардарлар насыя жең ичинен тааныш-билиш аркылуу бөлүштүрүлүп жатат деп күмөндөнүшсө, башкалары банк кызматкерлери берген насыядан үстөк пул сурап, өөнөп калып жатканын айтууда.

Кыргыз өкмөтү дыйкандарга 7 пайыздык насыяны былтыртан баштап мамлекеттик «Айыл банк» жана РСК банк аркылуу бере баштаган. Бул банктардын өкүлдөрү насыяга жетпей калган дыйкандардын дооматтарын четке кагууда.

Маселен, «Айыл банктын» маалымат кызматынан башчысы Жайнагүл Мамбеталиеванын айтымында, насыянын адилетсиз бөлүштүрүлгөнү тууралуу айыптоолор акча жетпей ызаланып калгандардын чыгарганы:

- Андай нерсе жок. Себеби бул кичинекей эле акча. Бизге берилгени 500 миллион, акча алууну каалап кайрылгандардын суммасы 2 миллиард сомдон ашык каражатты түзүп жатат. Албетте, баарына жетпейт. Азыр 2 миң адамга эле бердик. Дагы 2 миң адамга берилет. Ал эми бизге кайрылгандардын саны 11 миңден ашык болуп жатат. Мына ушундай кырдаалда адеп жетишкендер алып калды. Калгандар болсо ичи күйөбү же башка себептер барбы, ушундай сөздөрдү чыгарып жатышат. Сөз айтылган соң аны далилдеш керек.

Мамбеталиеванын маалыматы боюнча, жеңилдетилген насыя үчүн жалпысынан 11 миңге жакын кардар кайрылган. Алардын ичинен бүгүнкүгө чейин «Айыл Банк» аркылуу 1906 дыйкан 255 миллион сомго жакын насыяны алышса, эми банкта сакталып турган 278 миллион сом 2167 адамга берилиши керек. Ал эми РСК банкка болсо 3705 дыйкан кайрылып, насыя алардын жарымынан азыраагына берилген.

Каржы министрлиги казынадан каралган 1 миллиард сомдун мамлекеттин көмөгүнө муктаж болуп турган дыйкандар үчүн кумга сиңген суудай болгонун мойунуна алууда. «Ошондуктан, дыйкандарга акча жетпей, мындай нааразычылыктардын болоорун мурдатан эле күтүп жактанбыз»- дейт каржы министри Акылбек Жапаров.

Министрдин айтымында, өкмөт жеңилдетилген насыянын бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыз жосундарды териштирүүнү өз колуна алууда:

- Өкмөттөн атайын тапшырма берилип, бул насыяларды мурдатан эле алып жүргөндөр алышып, жаңыдан кайрылган дыйкандарга берилбей жатат. Өзгөчө колунда жокторго берилбей жатат деген сөздөрдү териштирип жатабыз. Бул бүткөндөн кийин биз дагы бир жолу караштырабыз.

Акылбек Жапаров насыяны бөлүштүрүүдө өзгөчө маани мал чарбачылыгына берилип жактанын кошумчалады.

Анткен менен Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрага орун басары Абдимуталип Кочкорбаев маселенин тамыры башкада деген ойдо:

- Элде айтылып жаткан сөз тегин жерден чыккан жок. Чындыгында бул жерде коррупция да бар, акчанын жетишсиздиги да бар. Мунун баары биригип келип дыйканга таасирдүү жардам бере албай жатат. Мындай жол менен биз дыйканчылыкты көтөрө албайбыз. 20 жылдын ичинде дыйкандарды караган мамлекеттик саясат болгон жок. Анан биз агрардык саясатты жүргүзүп жатабыз деп бүтүндөй бир министрликти кармап отурабыз. Андан көрө ошол айыл чарба министрлигин жоюп, ага кеткен каражатты дыйканга бергенде кайтарым көбүрөөк болмок эле.

Айыл чарба министрлигинен болсо дыйкандарга бериле баштаган үстөгү аз насыя кыска мөөнөттө жемишин берет деп ишенишет.

Айыл чарба министри Сапарбек Тынаев буларды айтат:

- Азыр дыйкан менен фермер министрликти өзүнүн өнөктөшү катары көрө албай жатат. Ошондуктан биз министрликтин алдында агрохолдинг түзүп, ага агро биржа киргизүү менен техникаларды алып келүүчү агро лизингди ишке ашырууну пландап жатабыз. Буга «Айыл банкты» кошушубуз керек. Ошондо дыйканга жардам берүүчү үчүн кандайдыр бир механизм пайда болот деп ойлойбуз.

7 пайыздык насыя берүү азыркы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун парламенттик шайлоо алдындагы убадасы эле. Былтыр бул үчүн 465 миллион сом бөлүнсө, быйыл казынадан 1 миллиард сом каралган. Өкмөт бул насыя айыл чарбаны колдоо үчүн олуттуу жардам болоорун айтканы менен мунун кайтарымы калың болооруна ишенбегендер да арбын.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG