Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Каржы министрлигинин айтымында, Айыл чарба министрлигине бөлүнгөн каражаттын жарымынан көбү айлык төлөгөнгө кетет.

Ошол эле учурда коом арасында бул министрлик өз милдетин жакшылап аткара албай жатат, андыктан жоюп салуу керек деген да сунуштар бар.

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, фермер Марат Мусуралиев.

“Азаттык”: Чыңгысбек мырза, Кыргызстан агрардык өлкө деп аталганы менен ал акталбай жатат, министрликти жоюп эле коюш керек деген пикирлер жок эмес. Анын үстүнө бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун жарымынан көбү айлык төлөгөнгө кетет экен. Сарпталган каражат өзүн актап жатабы?

Чыңгысбек Узакбаев: Бүгүнкү күнү айыл чарбасынын айланасында көп маселе, суроолордун жаралып жаткандыгы баарыбызга маалым.

Кыргызстан калкынын 65% айыл жеринде жашайт же 70% ашуун эл айыл чарбасы менен түздөн-түз байланышта. Ошондуктан бүгүнкү күнү бул министрлик Кыргызстанга керекпи, же жокпу дегендин өзү одоно жана туура эмес суроо.

1990-жылы өлкөнүн дүң продукциясынын 48% айыл чарба берсе, 2000-жылы 38%, учурда 18% түшүп отурат. Бул эгемендикти алган 20 жыл ичинде жалпы айыл чарбасына карата мамлекеттин саясатынын туура эместигин айкындап жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Ушундай шартта Айыл чарба министрлигин жоюп салыш керек деген пикир канчалык орундуу?

Мирлан Бакиров: Бул министрликтин кереги барбы же жокпу деген суроо коомчулукта, дыйкан, фермерлер арасында көтөрүлүп жүрөт.

Учурунда ички дүң продукциянын 48% айыл чарбасы түзүп келгени, азыр ал 18% түшкөнү жогоруда белгиленди. Ортодогу жоготуу миллиарддаган сомду түзөт.

Ошол эле мезгилде сырттан алынган насыя, гранттардын бир топ бөлүгү ушул тармакка кеткен. Алсак “Азия өнүктүрүү банкынан” 134 млн., Дүйнөлүк банктан 142 млн., Британиядан 12, Германиядан 22 млн. доллар жана башка каражаттар ушул тармакка берилген. Кыскасы өлкөнүн тышкы карызы 3 млрд. долларды түзсө, анын 20-30% айыл чарбага келген каражаттар.

Мамлекет бул тармакка бир топ шарт түзүп, каражат бөлүп берип жатат. Ооба, 20 жылдын ичинде бизде эки жолу революция болду. Балким ошонун кедергиси тийгендир, бирок финансист жана дыйкандын көзү менен карагым келет. Ушунча каражат алып туруп ички дүң продукцияга кошкон салымы жылдан жылга түшүп жатканы өкүнүчтүү.

“Азаттык”: Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлер, жалпы коом алдында өз милдетин өтөп жатабы?

Марат Мусуралиев: Чындыгын айтканда Айыл чарба министрлиги барбы-жокпу бизге белгисиз. Кээде айылдарда шарп ылаңы чыкса, ветеринарлар менен гана иштейбиз.

Министрлик 20 жылда кандай ийгиликтерге жетишип, эмне иштерди жасаганын көргөн да жокпуз. Азыр бул министрлик керек эмес, жоюп коюш керек деген пикирлер айтылып жатат. Бирок Айыл чарба министрлиги керек.

Дыйкандарга үрөндөрдү алып келүүдө жана башка багытта кеп-кеңештерди берип турганы жакшы. Анткени алардын башка мамлекеттер менен тыгыз байланышы бар, чоң корпорация, институттар аркылуу үрөн жана башкаларды алууга мүмкүнчүлүгү бизге караганда алда канча көбүрөөк.

Дыйкандарга көбүрөөк кеңеш берилсе, министрликтин өзүнүн сайтынан кандай үрөн алыш керек, качан, кандай нормалар менен себиш керек, малдын кандай породасын алыш керек деген кеңештер болсо, ошого да каражат бөлүнүп, көңүл бурулса жакшы болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG