Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу айыл чарбасы боюнча адис, экономика илимдеринин доктору, профессор Аманкул Зулпукаров кеп салат.

- Бириккен Улуттар уюму “2011-жылдагы азык-түлүк коопсуздугунун абалы” деп аталган жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда азык-түлүктүн азыркы кымбат баасы алдыда дагы сакталарын, а түгүл кымбатташы мүмкүндүгүн эскерткен. Ушундай шартта Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?

- Экономиканын өзүнүн негизги суроо талап жана сунуш деген мыйзамдары бар. Сунуш канчалык аз болсо баа жогору болот. Ошондуктан биздин негизги жер ресурстары туура эмес пайдаланып, көзөмөл жоктугунан өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн көлөмү азайып кетип атканы чын.

Айыл өкмөттөр айдоо аянттарын оңго, солго пайдаланбай көзөмөлгө алыш керек. Мисалы Жалал-Абадга кире бериш жерде пахта, жашылча-жемиш өңдүрүлгөн жерлер азыр бүт эле саман тамдар болуп кетти.

Мурда ар бир гектарды тизмеден чыгарыш үчүн атайын токтом чыгыш керек эле. Азыр андай көзөмөл жоктугунан айдоо аянттары толук пайдаланбай жатат. Бул маселени өкмөт, өзгөчө Айыл чарба министрлиги колго алыш керек.

- Айдоо аянттарынын жеке адамдарга бөлүнүп кеткендигине токтолдуңуз. Айыл чарба жаатында адистер эгер инвестиция жумшалса, Кыргызстанда айдоо аянттардын көлөмүн көбөйтүүгө болорун айтышууда. Эгер бир топ жерлер бөлүнүп кетсе кантип көбөйтүүгө болот?

- Негизинен эми болгон жерлерди туура пайдаланыш керек. Ал үчүн суу маселесин чечиш керек. Мурдагы ири чарбалык каналдар бузулуп, андагы темирлерден бери жок болду. Суу системасын оңдомоюн жердин түшүмдүүлүгү жөнүндө сөз кылып болбойт.

Экинчиден, үрөн маселеси. Мисалы, базарга саткан эле буудайды эккендиктен жогорку түшүм алынбай жатат. Дүйнөлүк тажрыйбада ар бир гектар жерден 10 тоннага чейин эгин ала турган болсо, биздин республикада эки тоннадан ашуун гана эгин алынары айтылды.

- Кыргызстан агрардык өлкө болгон менен айыл чарба өнүмдөрүнүн 80% сырттан ташылып келинет экен. Жергиликтүү азык-түлүктөрдү колдонуп, ал элге жетиштүү болуш үчүн эмне кылыш керек?

- Азыр 1 млн. ашуун суу баскан айдоо аянтыбыз бар. Биринчиден, ошолор толук пайдаланылбайт.

Экинчиден, ирилештирилген чарба түзмөйүнчө биз алдыга жыла албайбыз. Кооперативдерди түзүш керек. Чет элден келген инвестицияны, трактор, комбайнды жеке адамга бербей кооперативге, же район аралык техникалык кызмат түзүп ошолорго бериш керек.

Мен доктордук диссертацияма да тогуз кызматты түзүү зарылдыгын белгилеп кеткем. Алар: агрохимиялык, ветеринардык, техникалык кызмат. Андан сырткары суу ассоциациясын, асыл тукум өндүрө турган чарбаларды түзүш керек. Мына ушулар болгондо айыл чарбаны өнүктүрө алабайбыз. Азыр карасаңыз, дүкөндөрдө чет элдик товарлар, айрыкча Кытайдан келген товарлар көбөйүп кетти. Алардын сапатына эч ким көңүл бурбайт. Ал эми биздин табигый ресурстарды, жер ресурстарын эске алганда дүйнөдөгү эң алдыңкы азык-түлүктөрдү өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.

- Балыктын пайдалуулугуна карабай колдонуунун көлөмү Кыргызстанда абдан түшүп кеткен экен. Аны калыбына келтирүү мүмкүнбү?

- Мурунку балык чарбаларын калыбына келтиришибиз керек. Мисалы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунунда көл бар болчу. Ал жерде тонналаган балык өндүрүлчү. Ош облусунун Өзгөн районунда балык чарбасы бар эле. Андан сырткары Чүй аймагында балык чарбаларын калыбына келтирсе абдан жакшы болмок. Чындыгында бул адамдын ден соолугуна да абдан пайдалуу. Жапондор эмнеге акылдуу, анткени алар балыкты көп жешет.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG