Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Дыйкандар узакка созулган кыш жазгы талаа иштерин кечиктиргенине тынчсызданышууда.

Адистер болсо бул түшүмгө да кедергисин тийгизип, бул жылы азык-түлүк жетишсиздиги болушу ыктымалдыгын айтышууда.

Өлкөнүн түштүгүндө бул убакта жазгы айдоо иштери кадимкидей күч алып, суу кагаздын алдында дарбыз-коон баштаган жашылча-жемиштер өсүп, жаздык буудай себүүгө даярдык көрүлүп калчу.

Кыргызстанда жаз эрте келүүчү аймактардын бири – Ноокен районунда талаа иштерин баштоого али эрте. Бул тууралуу аймактагы “Кенч” айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев айтты:

- Кеч калып жатабыз. Суу кагаздын алдына эгилүүчү жашылчалар да, буудай да, пахта да баары кечигип атат, бир топ эле кечиктик. Марттын башынан баштап эле бизде иш башталчу. Жер табына келмейинче айдоого да, малалоого да мүмкүн эмес. Эгүү тууралуу сөз да жок. Эми мындан кийинки аба ырайынан да көбүрөөк көз каранды болобуз.

Өткөн жылы октябрь айында түшкөн кар пахтакерлерге пахтанын түшүмүн толук жыйнап алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Натыйжада талааларда терилбей калып кеткен ак була менен кошо анын козо паясы бүгүнкү күнгө чейин турат.

Карасуулук пахтакер Айчүрөк Касымова эрте түшүп, кеч чыгып аткан кыш дыйкандарга бир топ түйшүк жаратты деген оюн “Азаттыкка” айтты:

- Октябрь этектеп түшкөн кардан улам пахтаны терип ала албай, мээнетибиз талаада чирип кетти. Эми талааны кийинки айдоого даярдап, козопаялардан тазалайлы десек, улам кар жаап, суук болуп иштетпей жатат. Жылда бул учурда талааны айдап, малалатып алчу элек. Быйыл эми кандай болорун бир кудайдан башка эч ким билбейт. Азыр деле бизде кар чилдедегидей болуп эрибей турат.

Айчүрөк Касымова дыйкандар эми мындан аркы күнгө үмүт артышарын кошумчалады.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, мындан ары күн улам жылып отуруп, кыш чыгып кетет. Алдыдагы эки аптага карата берилип жаткан божомолдорго таянсак, марттын акыркы күндөрү абанын температурасы дээрлик 25 градуска чейин көтөрүлөт.

Нооруз майрамына карай жылыган күн мындан ары дагы жылып кетүүсүн тилеп отурушканын “Азаттыкка” Чүй районунун Мээнеткеч айылынын тургуну Гүлсайра айым билдирди:

- Бул кезде жер айдалып, алды сээп баштачу. Азыр болсо жерден тоң кете элек. Эгерде күн бүгүнкүдөй жылып кетсе, он күндөн кийин Токмоктун тегерегинде жерди айдоого болот. Ал эми өйдөңкү айылдарда дагы он күнгө кеч болот. Быйыл жазгы талаа иштери 15-20 күнгө кечикти.

Илгерки убактарда дыйкандар жазында эгинди жылдыз карап, күн санап, “амалы келди” деп, анан ошол убакыттан кечиктирбей айдоого аракет кылышчу экен.

Ноокаттык дыйкан Рахманберди Мажитов эгинди өз убагында айдабаса, түшүмгө да терс таасирин тийгизерин айтат:

- Жылда бул маалда жаздык эгиндерди сээп койчу элек. Быйыл бир айга кечикти. Азыр биздин Ноокат районунда жарым метр кар бар, ошондуктан 20-30 күнгө чейин айдоо иштери болбойт. Эгинди амалында экпесек түшүм болбойт. Ным болгону менен учуру өтүп кетип баратат. Жаздык эгиндерди мына азыр сээп калуу керек эле, тилекке каршы андай болбой атат.

“Жаздын бир күнү бир жылды багат” деген сөз да тегинен айтылбаган болсо керек, жазгы талаа иштеринин кечигүүсү - келерки жылы азык-түлүк жетишсиздигине алып келет деген тынчсызданууларын адистер айтышууда.

Айыл чарба тармагы боюнча адис, коомдук ишмер Жамин Акималиев өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылам десе, бүгүнкү күндөн тарта айыл чарба иштерине катуу киришип, тиешелүү чараларды көрүшү керек деп эсептейт:

- Абалыбыз абдан кыйын. Анткени айыл чарба техникасы, себе турган үрөнү, күйүүчү майы жок дыйкан он-он беш күндүн ичинде талаачылык иштерин бүткөрө албайт. Анткени жаздык эгиндерди айдоого ошончо эле убакыт калды. Айыл чарбасы боюнча жоопкерчиликти өкмөт менен Жогорку Кеңеш мойнуна алып, бүткөрүп бериши керек. Антпесе быйыл чатак болот, социалдык жарылуу болуп кетиши толук ыктымал.

Жамин Акималиев жазгы талаа иштерин илгерилетүү үчүн өкмөт тез арада атайын агрардык штаб түзүүгө тийиш деп белгилейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG