Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

ВИЧ жыныстык жол менен көп жугууда


Кыргызстанда соңку жылдары ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен жуккан учурлар көбөйдү. Оору көпчүлүк учурда билинбей жүрө берип, аялдар кош бойлуу болуп каттоого турган убакта гана аныкталууда.

Бишкек шаарынын тургуну Марат 2002-жылдан бери ВИЧ статусу менен жашайт. Казакстанда иштеп жүргөн кезинде баңги затын пайдаланып жүрүп, акыры ийне аркылуу ооруну жуктуруп алган. Мараттын айтымында, ооруну илештирип алганы эртерээк билинип калгандыктан, ал үй-бүлөсүнө коркунуч жараткан эмес.

- Казакстандан кайтып келатып, башка эле бир себептер менен анализ тапшыруу керек болуп калды. Ошентип үйгө жеткиче ВИЧти жуктурганымды билдим. Дагы жакшы үйгө келе электе билдим, кудай сактады окшойт. Өтө оор кабыл алдым.

Аялыма келип айтсам, ал катуу шок болду. Бирок мени түшүнүп, чогуу күрөшөлү деди. Азыр сактанып жашайбыз. Эң негизгиси презерватив колдоном. Жеке гигиеналык буюмдарымды баарынан оолак кармап, катуу көзөмөлдөйм. Үй-бүлөм, жакындарым, досторум мени туура түшүнүштү. Азыр четке чыккан эркекпи, аялбы кайра келгенде сөзсүз канын текшертиш керек деп калдым. Анткени адам ар кандай шартта жүрөт эмеспи. Балким бөтөн жерде жыныстык жакындашуу болот, же операция болгондур, же тишин дарылаткандыр. Иши кылып жукпайт деген кепилдик жок да. Анан жуктурганын билбей жүрө берсе, үй-бүлөсүнө кесепти тийет. Азыр мына боюнда барлардан дагы ВИЧ чыгып жатпайбы.

ВИЧ илдети боюнча элде маалымат аз

Айрымдар минтип ооруга чалдыкканын кокустан билип, үй-бүлөсүн сактап калса, билбей эле жүрүп өзү менен кошо дагы бир кишини оорулуу кылгандар четтен чыгат.

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 10 кош бойлуу аял каттоо учурунда ВИЧке чалдыкканы аныкталган. Алардын бардыгына оору жыныстык жол менен жуккан. Облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Эльмира Сатарованын айтымында, азыр баңги затын пайдалангандарды жана Орусия менен Казакстанга иштегени кетип, ооруну илештирип келгендерди көзөмөлдөө өтө оор болуп жатат.

- Быйылкы 2014-жылга 63 адам ВИЧти жуктуруп катталды. Алардын 76 пайызы жыныстык жол менен жугузгандар. Баары эле Орусияга, Казакстанга кетип жатышат. Алардын баарын көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатат. Көпчүлүк учурда ооруну жуктуруп келген эркектер аркылуу илдет аялдарга өтүүдө.

Австралиядагы СПИДге каршы акция. Июль, 2014-жыл.
Австралиядагы СПИДге каршы акция. Июль, 2014-жыл.

Адистин айтымында, айрым жарандар өзүнүн, жакындарынын коопсуздугун ойлоп, сыртка кетип баратканда жана келгенде борборго келип текшерилген учурлар бар. Бирок алардын саны өтө аз, басымдуу бөлүгү бул нерсе туурасында ойлоно беришпейт. “ВИЧ менен жашагандардын биримдиги” ассоциациясынын адиси Эркинай Калакулованын пикиринде, борборго караганда региондордо ВИЧ/СПИД тууралуу дагы эле жетиштүү маалыматтын жоктугу ушундай кесепеттерге алып келүүдө.

- 1-декабрь – СПИДке каршы күрөшүү күнү гана атайын иш-чаралар уюштурулуп, дарыгерлер окуучуларга диктант жаздырып, маалымат берип, акциялар уюштурулат. Ошол менен эле тынып калып жатабыз. А бизге региондордогу эл кайрылып, көбүрөөк маалымат болсо деп сурап жатышат. Маалымат ар бир өспүрүм балага, мугалимге, жетекчиге жетсе жакшы болмок. Бишкекте иш активдүү жүргүзүлөт, активист адамдар көп. Ал эми региондордо андай эмес. Мисалы, Ошто деле маалымат жетишсиз да.

Ооруну аныктоо ыкмалары жаңырды

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ВИЧти жуктургандар бир айда эле 100 кишиге өскөнү маалым болду.

Азыр илдетти жуктуруп алгандардын 68 пайызын эркектер түзсө, 32 пайызын аялдар түзөт. Оорулуулардын 30 пайызы Чүй облусунун, 20 пайызы Ош облусунун тургундары. Алардын басымдуу бөлүгү 20 дан 40 жашка чейинки эмгекке жарамдуу жарандар, 300гө жакыны- кичине балдар.

Республикалык СПИД борборунун төрайымы Үмүткан Чокморова соңку жылдары ВИЧке чалдыккандарды санынын өсүшү ооруну аныктоо иштеринин жолго коюлганы менен да байланыштуу экендигин белгилейт. Азыр бул багытта лабораториялык жабдуулар жаңыланып, ооруну аныктоо, андан сактануу ыкмалары дагы жаңырган.

- Быйыл 21 бейөкмөт уюм менен бирдикте шилекейден анализ алуу ыкмасы киргизилди. Анын негизинде баңгини пайдаланган жарандардын аялдарын текшердик. Жыйынтыгында текшерилген 890 аялдын ичинен 4,8 пайызы ВИЧти алып жүргөнү аныкталды. Боюнда бар аялдарды текшердик. Бүгүнкү күнгө 720 боюнда бар аялда ВИЧ инфекциясы катталды. Мунун баары илдетти аныктоо механизмдеринин жакшырышынан улам билинип отурат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бара жаткан 25 мамлекеттин катарына кирет. Өлкөдө азыр 5586 киши ВИЧ илдети менен жашайт. Адистердин айтымында, ушул тапта ар бир 100 миң кишинин сегизинде ВИЧ вирусу бар. Оору жуктургандардын арасынан 1029 киши каза тапкан.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG