Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Үмүтүн үзбөгөн, алдыга умтулган Нурлан Шонкоров


Нурлан Шонкоров Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккан үч миңден ашуун адамдын бири. Ал алгычкалардан болуп ВИЧ позитивдүү макамын коомчулукка ачык айтып чыккан.

Учурда ал аталган илдетке чалдыккан адамдарга колдоо көрсөтүүчү бейөкмөт уюмду жетектейт. 35 жаштагы Нурлан Шонкоров үй-бүлө куруп, эки бала тарбиялап кадимкидей турмушту башынан өткөрүп жатат.

Н. Шонкоров:
Жаш кезекте, Советтер союзу жоюлган мезгилде баары ичкиликтен башталды. Андан кийин наша чегип көрдүк. Анан бара-бара оор маңзаттарды колдонууга өттүк. Баңги затты биринчи жолу венага он сегиз жашымда сайып көргөм. Ал кезде жүргөн жоро-жолдошторум да начар болчу. ВИЧ илдети мага ийне аркылуу эле жукту деп ойлоп атам.

- Дээрлик жыйырма жыл илгери маң заттарды жолдошторум менен бирге колдонуп көргөм деп атасыз. Алар азыр тирүүбү?

Н. Шонкоров: Көбү ашкере көп өлчөмдө сайынып алып, түрмөгө түшүп, көп жашашкан жок. Саналуу эле адамдар жашоосун өзгөртүп, мындай туңгуюктан чыгып кете алды.

- Кээ бир ВИЧ илдетине чалдыккан адамдар кайгыруудан, жашоого болгон нааразычылыгынан улам бул илдетти башка да адамдарга жугузганга аракет кылган учурлар айтылып калат. Сиз бул дартка чалдыкканыңызды укканда кандай абалда болдуңуз?

Н. Шонкоров: Ушундай реакция болушу мүмкүн. Болгондо да дал ошол түшүнбөстүктөн болот. Анткени адамдар ачыкка чыгып айтса, коомчулуктун реакциясы терс болот, четке чыгарып бөлүп салат деп жини келгендиктен мындай аракеттерге барышы мүмкүн. Эгерде башка адамдар туура түшүнүп, туура кабыл кылса мындай нерселер болбойт деп ойлойм.

- Ал эми ачыкка чыгуу кыйынбы?

Н. Шонкоров: Албетте кыйын. Бир жагынан мага тийбесе да менин жакындарыма терс таасири тиет экен. Тааныштар көрүп калса артыңан кол көрсөтүп, артыңан сүйлөгөн көп эле учурлар болду. Ошондуктан жакшылап көп ойлонуп, бул кадамга барыш керек.

- Сиз тууралуу ата-эне, тууган-туушкандарыңыз укканда кандай кабыл алышты? Алар сизден атайлап алыстап, обочолонгонго аракет жасашкан жокпу?

Н. Шонкоров: Жок. Бул үчүн ошол жакын туугандарыма, досторума ыраазычылык билдирем. Алар мени түшүнүп, колдогону мен үчүн чоң дем, кубат болду. Алардын колдоосу, түшүнүүсү менен мен кайра мага окшоп каргашалуу илдетке чалдыккандарга жардам көрсөтүп жатам. Себеби мен өз тажрыйбам аркылуу андай адамдардын алгачкы абалы, маанайы кандай болоорун жакшы түшүнөм.

- Мына ушундай жүктү көтөрүп жүрөсүз. Ал эми жашоого көз карашыңыз, алдыга койгон пландарыңыз, келечекке үмүтүңүз кандай?

Н. Шонкоров: Сөзсүз үмүтүм чоң. Анткени азыр ВИЧ инфекция өмүргө коркунучтуу эмес өнөкөт болгон оору сыяктуу болуп калды. Буга атайын антиретровирустук дарылоо терапиясы мүмкүндүк берет. Бул дарылар вирусту өлтүрө албайт, организмден толук чыгарбайт, бирок вирустун организмге тийгизген терс таасирин төмөндөтө алат. Ошондон улам жашообуз улана берет жана үмүт да пайда болот. Буйруса үй-бүлөм бар, эки балам бар.

- Бул тууралуу окуп жаткан окурмандарыбызда "кантип ВИЧ инфекциясын көтөрүп жүргөн адам үй-бүлө курду, балалуу болду? Жакындарына жуккан жокпу? Дегеле бул мүмкүнбү" деген суроо пайда болсо керек...

Н. Шонкоров: Бул мүмкүн. Анткени антиретровирустук терапия менен дарыланганда вирустун коркунучтуу таасири төмөндөйт. Бирок тобокелдик баары бир болот. Негизи эки адамдын ортосунда бул өтө жоопкерчиликти талап кылат. Менин келинчегим экөөбүз тең туура түшүнүп ушундай тобокелдикке барып көрдүк. Кудай сактап буйруса мына эки балалуу болуп отурабыз. Алар ооруканаларга барып текшерилип турат. Аларга оору жуккан эмес.

XS
SM
MD
LG