Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Пенсионерлерди "кара ниет риелторлордон" коргоо сунушталды


Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын өткөн аптадагы жыйынында Кыргызстандагы кары-картаңдарды "кара ниет риелторлордон" коргоо маселеси көтөрүлдү. Айрым депутаттар жакында Бишкекте каза тапкан жубайлардын өлүмүнө жогорку жагдайдын тиешеси жокпу деген маселени иликтөөгө укук коргоо органдарын чакырышты.

Жакында эле башкалаада улгайган түгөйлөр бир жумага чейин көрүнбөй калып, андан кийин сөөктөрү өз үйүндө табылган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги жарандардын ишенимине кирип, алардын үйлөрүн жасалма документтер менен сатып жүргөн шылуундар тобу кармалганын жарыялаган. Маалыматка караганда, алардын торуна көбүнчө жалгыз жашаган, пенсия курагындагы жарандар түшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG