Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Кыргызстандык триатлончулар эл аралык сынакта жеңишти


Кыргызстандык спортчу
Кыргызстандык спортчу

Кыргызстандык триатлончулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн Indoor Triathlon World Class Open 2016 деп аталган ачык чемпиондукта эки алтын, бир күмүш байге алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын расмий сайты кабарлайт.

Быйыл үчүнчү жолу уюштурулган мелдеш 4-декабрда өтүп, ага ар кайсыл өлкөлөрдөн 60 адам катышкан. Кыргызстандан 11 спортчу барган. Аларды башкы машыктыруучу Андрей Ханадеев жана машыктыруу Евгений Требунский жетектеди.

Таймаштар «Супер – спринт» дистанциясында болду. Спортчулар 400 метр сууда сүзүп, 15 чакырым велосипед тээп, үч чакырым чуркап байге үчүн ат салышты.

Натыйжада 30-39 жаштагы аялдар арасында кыргызстандык Юлия Фернас биринчи орунду багындырды. 18-29 жаштагы кыз-келиндер арасында дагы бир кыргызстандык Айзада Тыналиева 2-орунду ээледи.

Эркектер арасында кыргызстандык триатлет Тимерлан Айтимбетов абсолюттук чемпион болду. (ECh)

XS
SM
MD
LG