Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Чүйдө учак кулап түштү


Транзиттик борбордун май куюучу учагы, 7-июнь, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Транзиттик борбордун май куюучу учагы, 7-июнь, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Чүйдүн Чалдовар айылына жакын жерде жүк ташыган учак жерге кулап түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, "тактала элек маалымат боюнча, ал "Манастагы" авиабазанын май ташыган учагы болушу мүмкүн".

Чүйдүн Чалдыбар айылынын жанына кулап түшкөн учак күйүп бүткөнүн Панфилов районунун акиминин орун басары Канат Давлетов билдирди. Анын айтымында, учкуч учактын ичинен чыгып кетүүгө үлгүргөнүн жергиликтүү чабандар көргөн. Учкуч учак кулаганга чейин, тоо жакка барып түшкөн. Азыр аны издеп жатышат.

Учак эл жашабаган ээн жерге түшкөнүн Чүй облус губернаторунун орун басары Туратбек Жунушалиев да билдирип, жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар жок экенин айтты. Ушул эле маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов да тасыктады.

Ал арада кулап түшкөн учак боюнча маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" "Манас" аэропортундагы Транзит жүк ташуучу борбордун маалымат кызматынан кабарлашты. "Кырсыкка учураган учак аталган борборго таандыкпы, жокпу, азырынча так айта албайбыз", - дешти борбор өкүлдөрү. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG