Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Учактарды көзөмөлдөгөн Эрлан Нарбаев


Эрлан Нарбаев "Азаттык" радиосунун Прагадагы студиясында

Эрлан Нарбаев "Азаттык" радиосунун Прагадагы студиясында

Кыргызстандын аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөрү быйылкы жыл ичи кезек-кезеги менен келип, Чехиядан билим алышууда.

Алардын бири “Кыргыз аэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын кызматкери Эрлан Нарбаев "Азаттык" үналгысынын Прагадагы студиясында болуп, өзүнүн Европадагы окуусу, тармактагы азыркы абал тууралуу айтып берди.

Эрлан Нарбаев: Бизди ишканабыз өз деңгээлибизди көтөрүү үчүн дайыма Чехияга жөнөтүп турат. Азыр дүйнө боюнча бүт аба кыймылынын башкаруучуларына, диспетчерлерге төртүнчү баскычты талап кылат. Ал баскычта англис тилин билүү керек, азыр РВСМ деген жаңы система өтүп атат. Мурда учактардын ортосундагы аралык 600 метр болсо, учактардын кыймылы көп болуп кеткен үчүн азыр 300 метрге түшүп атат. Азыр учактар аябай көп учууда. Биздин жаныбыздагы кошунабыз Кытайга аябай көп каттап атат. Ошондуктан бизди да окутуп атат. Кытай да ушундай 300 метрлик ыкманы колдонот.

- Абада учактардын көбөйүшү, же кыймылдын тездеши диспетчерлердин жаңы чеберчилигин талап кылат экен да?

Эрлан Нарбаев: Чеберчиликти талап кылат, анан учурдун талабы болуп атат. Себеби учактар аба кыймылынын тездешинен кийин бийиктикте жетпей калып атат, биз муну эшалон деп коебуз. Тездик өтүмдүү болуш үчүн РВСМди колдонуп атабыз.

- Кыргызстан аба мейкиндигинен кайсы өлкөлөрдүн жүргүнчү учактары көп өтөт?

Эрлан Нарбаев: Кыргызстанда азыр “Манас” аэропортунда “Ганси” базасы (ред. - азыркы Транзиттик борбор) болгондон кийин басымдуу бөлүгү америкалыктар учат, анан кошуна Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Италия, Малайзия, АКШ, Араб Эмираты ж.б.
Кээде чартердик рейстер болуп калат. Түркиядан учушат. Дүйнө жүзү боюнча уча беришет.

- Демек тигил, же бул өлкөнүн учактарын, мисалы Кыргызстан аба мейкиндигине киргенде алардын маршрутун көзөмөлдөө силердин милдет болуп калабы?

Эрлан Нарбаев: Биздин милдетибиз болот. Биздин мамлекеттик ишкананын Бишкекте жана Ошто эки филиалы бар. Түштүктү толугу менен көзөмөлдөйбүз. Түндүктү болсо Бишкек көзөмөлдөйт. Ошто биздин радарыбыз бар, учактар кайсы жактан кайсы жакка учуп кетип атканын толугу менен өзүбүздүн компьютерден көрүп турабыз.

- Чехияда билим алуу пайдалуу болуп атабы?

Эрлан Нарыбаев: Пайдалуу болуп атат. Эми мунун пайдасын кийин иштегенде ишке ашырабыз.

- Бир нече жылдан бери аба кыймылын көзөмөлдөө жагында иштейт экенсиң. Ушул чөйрөдө Кыргызстанга биринчи кезекте эмне жетишпейт?

Эрлан Нарбаев: Ушул тармакта бизде биринчиден жаңы технология жетишпейт. Азыр бүт өлкөлөр өнүккөн. Локаторлорду алмаштырыш керек. Байланышта кээде кыйналып калабыз. Бири-бирибиз менен байланышып турганга бизге түз байланыш керек. Кээде Казакстандын, же Тажикстандын диспетчерлери менен байланыш начар болуп калат. Анан айлык маянаны көтөрүп койсо.

Кыргызстандан Орусияга учкандар көп

- Технология жагы кандай, анча-мынча жаңылануу жүрүп жатабы, же такыр эле жокпу?

Эрлан Нарбаев: Жаңылануу сөзсүз болуп турат. Себеби мамлекет тарабынан жардам келип турат, Америка тараптан кредит бөлүнгөн. Жакында Санкт-Петербург Орусиянын локаторун Бишкекке орнотушту. Азыркы маалда эң эле заманбап локатордун бири Бишкекте. Жакында кудай кааласа Ысык-Көлгө, Тамчыга, анан Ошко орнотушат. Ошондо Кыргызстандын аба кыймылын толук көрүп турабыз.

- Демек Кыргызстандын аба мейкиндигине жергиликтүү аба компаниялардын үлүшү анча деле чоң эмеспи? Жергиликтүү рейстер аз эле да?

Эрлан Нарбаев: Мисал катары айтып кетсем, жергиликтүү рейс Оштон Бишкекке, күнүгө Бишкектен Ошко төрт рейс келип кетет, анан ошол рейстер кайра учуп кетет. Эң эле көп басым бизде азыр Орусия тарапка болуп атат. Себеби Оштон Орусиянын бардык бурчтарына ачып коюшту. Оштон Москавага, Санкт-Петербургга, Новосибирск, Казань, Самара, Иркутскка учат.

- Кыргызстандын аба диспетчери чет өлкөдө иштей алабы? Бул үчүн эл аралык деңгээлде таанылган кандайдыр бир сертификаттарга, стандарттарга ээ болуу керекпи?

Эрлан Нарбаев: Мисалы, Кыргызстандын диспетчерлери Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Орусияга барып иштесе болот. Себеби ал жакта баарыбыз орус тилин билебиз. Эң негизгиси англис тилин да билишибиз керек.

Ал эми Европада, же Кытайда иштейм десең сөзсүз түрдө Чехияда, же Канадада эл аралык академия авиация деген бар, ал жакка барып 5 жыл окугандан кийин диспетчердин эл аралык сертификатын берет. Ошол сертификат менен дүйнө жүзү боюнча кайсы аэропортко барба, ошол жерде өзүңдүн деңгээлиңди көрсөтүп иштесең болот. Ал эми биздин диплом Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, анан Кыргызстанда колдонулат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG