Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Тик учактын кулашы териштирилүүдө


"Ми-8" тик учагы.
"Ми-8" тик учагы.

Ысык-Көлдө Коргоо министрлигине караштуу "Ми-8" үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурады.

Эңилчек ашуусунда кырсыктаган швейцариялык альпинистти куткарганы барган тик учак катуу шамалдан улам жогору көтөрүлө албай кулап түшкөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Бүгүн түшкө маал Ысык-Көл облусунун Эңилчек аймагында кулап түшкөн экипажда үч адам болгон. Башкы штабдын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбеков кырсыктын чоо-жайы тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү кабарлады:

- Бүгүн эртең менен саат 9 чамасында Ысык-Көл облусундагы тоолордун биринде жүргөн альпинисттин буту сынып, тезинен эвакуацияга муктаж экени тууралуу кабар түшкөн. Аталган альпинистти куткаруу максатында "Ми-8” үлгүсүндөгү тик учактын экипажы чыгып кеткен. Тик учак Түндүк Эңилчек аймагында катуу шамалдын кесепетинен кырсыкка учурады. Андан экипаж жана альпинист жабыркаган жок.

Кырсыкка учураган тик учак Коргоо министрлигинин карамагында болгон. Башкы штабдын өкүлү Эрнис Элемановдун айтымында, аскердик тик учакта эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болгон эмес:

- Тик учактын абалы жакшы, жаңы болчу. Командири да Ооганстанда учкуч катары кызмат өтөгөн, өтө тажрыйбалуу адис. Кырсыкка эмне себеп болгонун аныктоо керек. Биздин оюбузча табигый шарттар себеп болгон окшойт. Аны атайын комиссия аныктайт.

Элеманов билдиргендей, учурда кырсыктын чоо-жайын Башкы прокуратурадан, Жарандык авиация департаментинен жана Башкы штабдын кызматкерлеринен турган комиссия жеринен териштирип жатат. Ал эми тик учактын учкучтары жана швейцариялык жаран Бишкекке алынып келмекчи.

Коргоо министрлигинин карамагында турган тик учакты келишимдик негизде өлкөдөгү туристтик компаниялар жалдап турушкан. Бүгүн дагы швейцариялык турист бутун сындырып алганына байланыштуу кырсык болгон жерге учуп чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын башчысы Мухаммед Сваров билдирди:

- Негизи туристтик компаниялар Коргоо министрлиги менен келишим түзөт. Эгер өлкөгө келген альпинисттер кырсыктаса, аталган министрликтин тик учактарын жалдап барып, куткарышат. Бүгүн деле ошондой болгон. Мисалы, бүгүн түштүк жакта дагы бир турист кырсыкка учураган экен. Азыр Коргоо министрлигине бул боюнча кайрылдык.

Кыргызстанда буга чейин да Коргоо министрлигине караштуу тик учактар туристтер үчүн жалданып, кырсыкка учураган учурлар катталган болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG