Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Түркияда Айтматов Нобелге көрсөтүлгөн


12-декабрда Анкарада Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт. Аны Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Евразия жазуучулар биримдиги, Түрк өкмөтүнүн алдындагы чет өлкөлүк түрктөр жана бир тууган элдер башкармалыгы жана Кыргыз достук маданият коому уюштурууда.

Коомдун негиздөөчүлөрүнүн бири, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумаканова Айтматовдун Түркия менен байланыштары тууралуу айтып берди.

- Мен Түркияда 20 жылдан бери иштеп жүрөм. Бул жердеги маданият жана адабият чөйрөсү менен жакшы таанышмын. Айтматовду жакшы көргөн, жакшы билген адамдар көп. Китеп дүкөндөрүнө кирсеңиз, классикалык адабият бөлүмүндө бир чоң бурчту Айтматовдун китептери ээлеп турат. Биз жыл сайын 12-декабрда ар кандай иш-чараларды өткөрүп келебиз. Ошондо коомдун алдыңкы өкүлдөрү, интеллигенция, жөнөкөй эл болобу, чоң кызыгуусун көрөбүз. Айтматовдун чыгармалары жарык көргөндөн бир ай өтпөй түркчөгө которуп, окурмандарга дароо тартуулап турушчу экен. Чыгармаларынын негизинде кино тартышкан.
Гүлзура Жумаканова Чыңгыз Айтматов менен. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Гүлзура Жумаканова Чыңгыз Айтматов менен. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

- “Кызыл жоолук жалжалым” боюнча тартылган фильмде башкы ролду белгилүү актриса Түркан Шорай аткарбады беле...

- Ооба, абдан мыкты тартылган фильм. Убагында Ташкенттеги эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган. Айтматов кийин башкы каармандарды Таласка алып барган экен. Андан кийин да байланыштары үзүлгөн жок. Өткөндө Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумуна да катышканына күбө болдук.

- Азыр жазуучунун чыгармаларына кайрылгандар барбы? Сиз иштеген университетте илимий иштерди жазгандар көппү?

- Айтматов классик болгондугу үчүн анын чыгармачылыгы боюнча канчалаган диссертациялар жакталып жатат, канчалаган киши китеп жазган. Изилденип да, окулуп да жатат. Кайра каралып, жашап келатат десек болот.

- Түрктөргө Айтматовдун чыгармалары эмнеси менен жагат, кайсы ойлору, философиясы аларга өзгөчө жакын?

- Айтматовдун алгачкы повесттеринен, жөнөкөй айыл турмушунан алынган чыгармаларынан баштап, кийинки философиялык деңгээлдеги чыгармаларынын баарынан өздөрүн көрүп, өздөрүнүн жашоосу, ойлогон ойлору менен салыштырып, кабыл алышат. Айтматов философиясынын жаралышын көп талкуулашат. Аны атагы Ааламга тараган түрк дүйнөсүнөн чыккан негизги жазуучу катары көрүшөт.

- Айтматов жалпы түрктөргө таандык дешет турбайбы?

- Албетте, ошондой дешет. Анын үстүнө Айтматов да түрктөрдү жакшы көрчү, такай келип турчу. Ал 70 жылдыгын, 75 жылдыгын бул жерде өткөргөн. 80 жылдыгын белгилөөгө камылга жүрүп жаткан кезде кайтыш болбодубу. Түркияда жазуучуну Нобел сыйлыгына көргөзүү боюнча комитет түзүлүп, 80 жылдыгынын алдында иштеп жаткан. Анын алдында бул жердеги Элазык деген шаарда болуп кеткен. Анын ысымын калаадагы эң чоң паркка беришкен. Ошондо өзү келгенде даректүү тасмага тартып калышыптыр. “Пайгамбардай тостуңар, силер элди маданият жагынан чындап эле азыктандыра турган шаар экенсиңер”, - деп тамашалаган экен. Ошону түрктөр эмдигиче айтып жүрүшөт.

Анкарада да чоң парктардын бирине Айтматовдун аты берилген. Биз ал жерге барып, гүлчамбар коюп, эскерип турабыз.
XS
SM
MD
LG