Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Айтматова: Күмбөздү бүтүрө албай жатабыз


Роза Айтматова Москвада 28-октябрда өткөн Айтматовго арналган конференцияда.

Роза Айтматова Москвада 28-октябрда өткөн Айтматовго арналган конференцияда.

Быйыл өкмөт залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө тууралуу токтом кабыл алган. Буга даярдык кандай, эмне иштер бүтүүдө? "Азаттыкка" бул тууралуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова маек курду.

- Роза айым, Айтматовдун 85 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргызстанда пландаштырылганбы? Кандай иштер болуп атат?Айтматовду эскерүү, анын чыгармачылыгын кайра жандандыруу жагы кандай болууда?

- Мени тынчсыздандырган нерсе - бул чоң долбоор менен башталган Чыңгыз Төрөкуловичтин күмбөзүнүн бүтпөй турганы. Мавзолей сындуу ак мрамордон тургузулган, учурда 80 пайыз гана иш жасалды.

- Күмбөздү ким куруп жатат?

- Уулу Аскар. Баштаганда өз каражатына ишенген эле. Бирок күн өткөн сайын курулуш материалдары, кызмат акылар кымбаттап атпайбы. Азыр кичине кыйналып жатат.

Кинорежиссер Болот Шамшиев менен. Татарстан, Казан шаары. 2013-жыл

Кинорежиссер Болот Шамшиев менен. Татарстан, Казан шаары. 2013-жыл

- Башка балдары жардам берген жокпу?

- Жардам берип жатышат. Бирок эми баарында эле чоң каражат жок да. Бир журналист кыз келип “Айтматовдордо акча жокпу, өзүңөр эле чогултуп курбайсыңарбы” деп ачууланып айтты эле. Биздин үйдө эми белдүү, каражаты ашыкча киши жок экен. Совет доорунда кандай жашасак, ошондой калыптырбыз. Мен айттым "пенсиямды жыйнап берейин, андан башка мүмкүнчүлүк жок" деп. Башка туугандарда деле ошондой. Долбоор боюнча башында 750 миң доллар болот деп айтылган. Андан кийин кошулду, кымбаттады. Ошон үчүн ушундай абал жаралды да.

- Өкмөт жактан кандай жардам болду?

- Жардам болгон жок. Кийин жетпей калды дегенде бердиби же берген жокпу билбейм. Мен мындан жыйырма күн мурда барганда токтоп турган.


- Татарстанда болгондо да, Москвадагы иш-чаралар маалында да белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиев айтып жатат. Эстелик тургузган, көчөлөргө атын берген жакшы иш. Бирок жазуучунун чыгармалары жарык көрүп турбаса, ал акырындап эстен чыгып кете берет. Ошон үчүн китептери чыкса жакшы болот эле деп, бул жагы кандай болуп жатат?

- Быйыл баары дал келген жыл болуп атат. Атабыз Төрөкул Айтматовдун 110, Чыңгыз Айтматовдун 85, “Ата Бейиттин” 75 жылдыгы. Ушул үч дата мени абдан ойго салат. Баары бир жылга туш келди эле. Мамлекет ушуну эске алып кошуп койсо болмок. Бирок андай болбой калды. Мен өзүм атамдын 110 жылдыгына арнап китеп чыгардым, “Тарыхтын актай барактары” деген китептин экинчи басылышы. Бирок андай болгону менен ал жерде көп жаңы нерселер, толуктоолор, тактоолор болду. Албетте, ата-энем тууралуу жазганда Чыңгыз Төрөкулович, биздин бала чагыбыз да жазылат. Чыңгыз Төрөкуловичтин автобиографиясына кошумча фактыларды да алса болот ал китептен. Биздин үй-бүлөбүз тараптан ушул китеп болду. Анан Казат Акматов жазды. Абдылдажан Акматалиев деле китеп артынан китеп жазып атат.

Москвадагы Айтматовдун эстелигин ачуу аземинде. 24-октябрь, 2013-жыл

Москвадагы Айтматовдун эстелигин ачуу аземинде. 24-октябрь, 2013-жыл

- Москвадагы Чыңгыз Айтматовдун айкели боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ал эми сиздин көз карашыңыз кандай, кандай баа бердиңиз?

- Орусча айтканда “непривычный образ”. Мындайды күткөн эмес элек. Бир жагынан кандайдыр бир өзгөчөлүктөрүн баса көрсөткөн да. Мурдунун чоңдугун, көзүнүн алдындагы шишиктерин. Менин оюмча кандайдыр бир шарж тартышат го, ошондой экен. Сыягы скульптор ушул стилди тандаса керек, бирок ошол китепкана алдындагы эстеликтин баары башкача стилде жасалыптыр. Дон Кихоттун, Лихачевдун эстеликтери. Кандайдыр бир жери өзгөчө. Биздин түшүнүгүбүздө классикалык образ болушу керек эле. Бул андай болбой калыптыр. Ар бир сүрөткөр өзүнүн көз карашы боюнча эмгек жаратат эмеспи, ага толук укугу бар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG