Линктер

Мындан сегиз жыл мурун дүйнөдөн өткөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду кечээ, 10-июнда адабий чөйрө эскерди. Айтматовдун замандаштары жазуучу тууралуу айтылбаган, жазылбаган нерселер көптүгүн белгилешти.

Айтматовду эскерүү иш-чарасы 10-июнда Улуттук илимдер академиясында өтүп, соңунда акын-жазуучу, илимпоз, окумуштуулар Ата-Бейиттеги жазуучунун бейитине барып, гүл коюшту.

Иш-чаранын башында Чыңгыз Айтматовго жана анын чыгармаларына арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Тасмада улуу жазуучунун жашоосундагы айрым бир ирмемдер, анын чыгармаларынын негизинде жаралган фильмдерден, спектаклдерден үзүндүлөр камтылган экен. Фильм Айтматов таануучу, акын Абдылдажан Акматалиевдин маркумга арнап жазган поэмасы менен коштолду.

Айтматов менен он беш жыл Жазуучулар бирлигинде бирге иштеген Теңдик Аскаров улуу жазуучунун жеке адамдык сапаты тууралуу кеп салды:

- Жазуучулар союзуна келгенде кээ бир талаш маселелерге катышып өз пикирин билдирчү. Чынын айтуу керек, кээ бир аксакалдар Чыкеме жөндөн-жөн эле тийишкиси келип турар эле. Ал ошонун баарын угуп, бирок эч качан ачууланган эмес. Мен анын эмоцияга алдырганын көрбөдүм. Тек гана калыс сөзүн айтып, акырындап ынантып, оппоненттерин жеңип кетчү. Чыкемдин мындай өзөчөлүгүнө бир нече жолу күбө болдум.

Айтматовду эскерүү иш-чарасы. 10-июнь

Айтматовду эскерүү иш-чарасы. 10-июнь

Аскаров мындан сырткары Айтматовдун үзөңгүлөш курбуларынын жанында жөнөкөй, камкор, шайыр боло калганын да кошумчалады.

Илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев Чыңгыз Айтматовдун улуу ойчулдугу, элинин эле эмес адамзаттын жандүйнөсүндө боло турган терс көрүнүштөрдү көрө билип, жазганын айтып, мындан сырткары Айтматовдун элчилик кызматына жана мамлекеттик ишмердигине баа бергендер жок болууда деген оюн билдирди:

- Анын ошол кездеги союздук республикалардын Жогорку Кеңешинин бир нече жолу депутаты болгону изилдене элек. Ал жерде сүйлөгөн сөздөрү да айтылбай, жазылбай жүрөт. Ал жерде айткан шедевр сөздөрү бар. Мен Айтматовдун депутат болуп жүргөн учурундагы бир эле сөзүн айта кетейин. Ошол кезде мен дагы Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты элем. Негизи ал киши аз, бирок саз сүйлөчү. Сынды да аз айтаар эле. Бирок айтса, ток этер жерин айтчу. Бир ирет анын губернаторлорду сындап жатканын угуп калдым. “Силер Далай лама болуп калдыңар. Силерге карапайым элдин жолугушу кыйын экен. Жумушка мамилени өзгөртсөңөр”, - деп катуу сындаганы эсимде.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев Кыргыз мамлекети жыйырма беш жыл бою ирдене албай жатканына кейип, эгемендик алган жылы Жогорку Кеңеш Чыңгыз Айтматовду өлкө президенттигине сунуш кылганын, бирок ал өзү эки себептен улам бул кызматтан баш тартканын айтып берди:

- Дагы эле суранып жүрөбүз. Дагы эле бутубузга тура албай жатабыз. Өзүн өзү сыйлаган мамлекет мындай абалга туш болбошу керек эле. Эми муну айтып жаткан себебим, токсонунчу жылдары Жогорку Кеңеште президенттик кызмат киргизгенде биз "бул орунга кимди шайласак" деп талаш-тартышка түшкөнбүз. Ошондо көбү Айтматовго токтолушкан. Бирок ал “Биринчиден, мен чыгармачыл адаммын, мага убакыт керек. Экинчиден, жашым келип калды, ден соолугума карашым керек”, - деп баш тартып койгон. Эми ойлосом Чыкем ошол кезде болгону 62 жашта экен.

Филология илиминин доктору Лайли Үкүбаева бул жыйында негизинен Айтматовдун чыгармачылыгынын башка кырлары тууралуу сөз болгонун, кийинки мезгилде залкар жазуучунун мамлекеттик ишмер катары калтырган изи изилденбей жатканы кайра-кайра айтыла баштаганын белгиледи:

- Бүгүн так ушул маселе боюнча Ата-Бейитке зыяратка барганда да кеп болду. Жазуучулар бирлигинин төрагасы Акбар Рыскулов да ушул маселеге токтолду. Себеби чындыгында эле Айтматовдун саясаттагы, дипломатиялык мамилелердеги орду, аткарган иши, Кыргызстандын өнүгүшүнө эгемендигине чейин жана андан кийин кошкон салымы изилдене элек. Дың боюнча турат.

Лайли Үкүбаева Чыңгыз Айтматовду таануу үчүн бир борборго бириккен атайын институт ачылышы зарылдыгын, ал жазуучуну ар тараптуу изилдегенге ылайыкташы керектигин кошумчалады.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарыкка келип, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. Коомчулук жазуучуну жыл сайын эки жолу: 12-декабрь туулган күнүндө, 10-июнь каза болгон күнүндө эскерет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG