Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Орус адабият таануучусу Феликс Кузнецов “Азаттыкка” Айтматов феномени тууралуу айтып берди.

Октябрь айынын соңунда Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган маданий кече өттү. Анда орус маданият ишмерлери жазуучунун мурастарынын жаш муундарды тарбиялоодо мааниси зор экенин белгилешип, “Айтматовду окуйбуз” аттуу программаны иштеп чыгууну сунушташты. Алардын катарында “Азаттыкка” убакыт бөлүп, маек берген адабият таануучу жана сынчы Феликс Кузнецов да бар.

“Азаттык”: Феликс Федосеевич, эки-үч күндөн бери сөз болуп жаткан "Айтматов феноменин" сыры эмнеде?

Кузнецов: Баса белгилеп айта кетчү нерсе, өзүнүн чыгармачылыгы, дүйнөнү кабылдоосу менен Айтматов эбегейсиз чоң эки каада-салтты айкалыштырган. Бул Кыргызстан аркылуу чагылдырылган Чыгыш жана 19-20-кылымдагы улуу орус адабияты. Ушул биримдик, бир эле маалда кыргызча да, орусча да жаза билүү жөндөмү, жазуучунун чыгармачылыгы менен инсандык сапаты дүйнөлүк жана Ата Мекендик адабиятта кайталангыс экенин далилдеп турат. Бекеринен анын китептери 160 тилге которулган эмес да.

«Азаттык»: Айрым замандаштар Чыңгыз Айтматовду өзү жашаган доордогу системанын эрке баласы болгон деп эсептешет. Мунун канчалык чындыгы бар?

Кузнецов: Минтип анын тагдырынан кабарсыз адамдар айтат. Чынында Айтматовдун тагдыры трагедиялуу болгон. Өзүңөр карап көргүлө, ал 30-жылдары дээрлик бузулуп, талкаланган үй-бүлөдө чоңойду. Атасы камакка алынып атылса, апасы атасынын туулган жерине качып келип, төрт баланы жалгыз багып чоңойтту. Чыңгыз бармактайынан үй-бүлөсү, апасынын жана ини-карындаштарынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти моюнга алды. Мына ушундай татаал жолду басып өтсө да ал мүңкүрөп калган жок. Жайдары, жашоону сүйгөн адам болчу. Аны эч ким деле эркелеткен эмес. Өз эмгеги менен баар таап, атак-даңкка жеткен.

Азаттык: Орус адабиятында Айтматов кандай орунду ээлейт?

Кузнецов: Менимче, Айтматовдун орду 20-кылымдын экинчи жарымында биздин адабиятка күргүштөп кирген күжүрмөн жазуучулардын тобунда. Ал жазуучулар - кыргыз, казак, орус, грузин адабиятынын жүзү болгон. Ошол мезгилде, 30-жылдар тууралуу чындык айтылгандан кийин суурулуп чыккан жазуучулар жараткан адабият укмуштуудай болгон. Ал жазуучулар - Улуу Ата Мекендик согуш жылдары катаал сыноолордон өткөн согуштун балдары. Ата Мекенине чексиз берилген чыныгы патриоттор.

«Азаттык»: Ал эми бүгүнкү Орусиядачы?

Кузнецов: Жазуучунун чыгармачылыгы өзгөчө маанилүү. Ал Орусия качанкы бир кезде өз тегерегине топтогон элдерге жана республикаларга чыккынчылык жасагандын натыйжасында пайда болгон улуттук араздашуунун коркунучтуу тенденцияларын жеңип чыгууга жардам берет. Бул чоң күнөө жана ал үчүн биринчи кезекте Орусия өзү жоопкерчилик алат. СССРдин кыйрашы коомдо азыркы учурда түзүлгөн абалга алып келди. Бул – мурда болуп көрбөгөн улуттук араздашуу. Ошол кезде жаралган адабият, биринчи кезекте Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук араздашууну жеңип чыгууга жана элдер ортосундагы достук менен түшүнүүчүлүктү калыбына келтирүүгө жардам берет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG