Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Калың кардан жайлоодогу эл кыйналды


Кайыңды
Кайыңды

Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндөгү Кайыңды жайлоосуна түшкөн эки метрге чукул кар жолду жаап, малчылар менен байланыш үзүлдү. Ал жайлоодо мал кармаган 19 кожолуктун төртөө байланышка чыкпай жатат. Боз-Учук айылынын тургуну жолдо Сары-Жаз суусуна кулап, каза болду.

Боз-Учук айылынын тургуну Орунбек Маданбеков Кайыңды жайлоосундагы малчысынан кабар ала албай, атчан балдарын жибергенин айтты:

- Топоз, жылкылар тирүү болсо жиретип салып, койду чубаткыла дедим. Бери айдап келбесе, жайыт эми ачылбайт. Бир жарым метр кар жатат, төрт-беш күн аралыгында мал кырылып калат го.

29-апрелден 2-майга чейин Эңилчек аймагына жааган кар эки метрге жеткен. Боз-Учук жана Ак-Чий айылдарына караган Кайыңды жайлоосуна кетчү жол жабылып, малчыларга каттам токтогон:

- Ал аймакта жашаган малчылардын абалы оор бойдон калууда. 80 сантиметрден, бир метр отуз сантиметрге чейин кар жатат. Учурда кар баскан аймакта дагы эле жайыттарга жол ачыла элек. Ошол себептүү тоют ташууга муктаж болуп жатабыз. Жолду тазалап бергиле деп жетекчилерге кайрылсак, жыйынтык жок. "Жол ачык" деп маалымат беришкен. Ага ишенген мал ээлери чөп ташып баратып жолдон кырсыкка кабылды. Бир адам кайтыш болду, - деди Боз-Учук айылынын тургуну Орунбек Маданбеков.

Кайыңдыга бараткан жолдо
Кайыңдыга бараткан жолдо

Ал эми райондогу Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бул дооматтарды четке кагууда. Башкармалыктын жетекчиси Нарынбек Абиров жол тазалоо иштери убагында жүргөнүн, азыр да уланып жатканын айтты. Абиров кырсыкты кокустук деп сыпаттады:

- Биринчи күнү эле ошол жакта болгом. Чөп ташыган үч машина өтпөй калганда биз эки сутка бою күндөп-түндөп жол ачып жүрдүк. Ал эми каза болгон киши боюнча айтсам, ажалды токтото албайт экенбиз. Кар алдында калып же машинеде отуруп өлгөн жок. Машинеси менен баратып оодарылып кетип каза тапты, бул кырсык.

Нарынбек Абиров техниканын жетишсиздиги, эскилиги ушундай оор кырдаалда кыйла тоскоолдук жаратаарын да кошумчалады:

- Колдон келишинче иштеп жатабыз. Вертолетубуз болсо же техникаларыбыз жайында болсо эмнеге мындай абалда калмак элек?! Техникалар эски, улам бузулуп жатты.

Кар калың жааган жерде иштеп жаткан райондук жол тейлөө кызматынын үч техникасынын экөө жарабай калганын райондук жетекчилик да ырастады.

Район акими Улан Доконбаев учурда малга тоют жеткирүү аракети жүрүп жатканын, бир-эки күн аралыгында жол толугу менен ачыларын айтууда:

- Биз азыр айыл өкмөттөр менен сүйлөшүп, жолду тезинен ачып, тоюттарды жеткирүү маселесин карап жатабыз. Бүгүн толук тазалап бүтсө, эртеңден баштап жол толук ачылат.

Жайлоодо кырылган мал
Жайлоодо кырылган мал

Ак-Чий айылынын тургуну Эрик Черикбаев жайлоодогу чабандарга тоют жеткирип келген. Ал элдин абалы оорлоп, мал жутап жатканын, жолду өздөрү ачканын айтып берди:

- Биз барсак мал кырылып, кыйналып жатышыптыр. Мал үйдү тегеректеп эле турат. Жолду ачтык, кетип баратып бир машине кырсыктады. Андан мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги орто жолдон бурулуп кетишкен экен. Трактористтер жол тазалаганы кечээ кетишти.

Учурда Кайыңды жайлоосундагы канча мал кырылганы белгисиз.

Кайыңды жайлоосуна союз убагынан бери Ак-Суунун Ак-Чий жана Боз- Учук айылдары жайлап келет. Союз тараганы жол жабылып чыкпай калышкан. 2000-жылдары кайрадан жол ачылып, ошондон бери 19 кожолук ошол жерде туруктуу жашап, мал багып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG