Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Акмат Бакиевдин абактын качышы боюнча жаңы жагдайлар айтылууда.

Акмат Бакиевдин иши менен жакындан тааныш адвокат Икрамидин Айткулов анын абактан качышы сот жана прокуратуранын биргелешкен ишинин жыйынтыгы болгонун айтып чыкты. Мындан улам адвокат бул ишке аталган органдардын катыштыгын текшерүүнүн сунуштоодо.

Өз кезегинде Жогорку Сот менен Башкы прокуратура Айткуловдун айыптоолорун четке кагып, бул боюнча жаңы иликтөөлөр башталганын билдиришти.

Кезегинде Акмат Бакиевдин кысымына кабылып, жапа чеккен жалалабаддык ишкер Касым Исмановдун адвокаты Икрамидин Айткулов кенже Бакиевдин качышына негизги жоопкер катары бул ишти тергеген прокуратуранын тергөөчүлөрү менен ишти караган соттун атын атоодо.

Анын айтымында, прокуратуранын тергөөчүлөрү Акмат Бакиевдин оор кылмыштарга катыштыгын далилдеген бир катар документтерди көз жаздымда калтырып, Бакиевге коюлган айыптарды жумшартуунун камын көрүшкөн. Алардын бири катары адвокат төмөнкүдөй мисал менен бөлүштү:

- Акмат Бакиевдин кылмыш ишинен бир катар документтерди алып салышып, алардын изин да калтырышкан эмес. Мисалы, прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Абдысатаровдун 2010-жылы 14-сентябрдагы токтому бар болчу. Анда Акмат Бакиев баштаган бир катар адамдардын Курманбек Бакиев президент болуп турган 2005-2010-жылдары бийликтеги ар кыл адамдар жана топтор менен мыйзамсыз байланыштарды курганы, коомдун кызыкчылыгына коркунуч келтирген иштерди жасап, ар кандай жеңилдиктерди алып турганы жана башка кылмыштары жөнүндө айтылган эле. Азыр болсо Акмат Бакиевдин кылмыш ишинде бул материалдар аталган токтом баш болуп кирбей калган.

Икрамидин Айткуловдун айтымында, бул сыяктуу Акмат Бакиев жасаган кылмыштарынын бетин ачкан бир канча документтер кылмыш ишке кирбей калган. Мындан улам адвокат Бакиевдин качышы сот менен прокуратуранын алдын-ала даярдаган иши катары баалап, бул иштин айкын териштирилишине бийлик кызыкдар болбой жатат деп билдирүүдө:

- Бул органдар атайын Бакиевдин жоопкерчилигин жумшартып, аз жаза беришкен. Андан соң бул мөөнөт менен жатак абака чыгарып, андан соң качып кетишине шарт түзүп берип коюшту.

Атайын комиссия иликтөөдө

Айткулов ачыкка чыгарган маалыматтарды Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков да тастыктап жатат. Депутаттын айтымында, бул ишти иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн жумушчу топ Бакиевге ачылган кылмыш ишти тергөөдөгү мыйзам бузууларды аныктап чыгып, өкмөттүн карамагына териштирүү үчүн жөнөттү:

- Бул ишти тергөө учурунда эле кандайдыр бир мамлекеттик аткаминерлердин басымы болгону билинип эле турат. Ага иштин кантип өнүгөөрү, тергөө жүрүш керек, сот кандай чечим чыгарат, анан кантип чыгарып кетебиз деп схемасы түзүлгөндөй.

Туратбек Мадылбековдун айтымында, Акмат Бакиевге козголгон иштерди адилет иликтеп чыкканда, ал өтө узак мөөнөткө кесилиши керек эле. "Бирок Бакиевдин жети жылга кесилип, андан соң мунапыска илинип, жатак абакка которулушу иштин атайын даярдалганынын бир белгиси", - дейт Мадылбеков.

Бирок Жогорку Сот менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү мындай маалыматты төгүнгө чыгарууда. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү "айтылган айыптар боюнча териштирүү жүрүп жатат" деген менен чектелишти.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин маалымдашынча, сотто Акмат Бакиевдин ишин кароо учурунда мыйзам бузуунун болуп-болбогонун иликтөө үчүн атайын комиссия иликтеп жатат:

- Акмат Бакиевдин ишине байланыштуу Жогорку Сот атайын иликтей баштады. Бул текшерилип бүткөн соң анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Алгачкы жыйынтыктар бар

Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде Жалал-Абад облусунун көмүскө губернатору катары эл оозуна алынган. Июнь окуясынан кийин Жалал-Абадда жашынган жеринен кармалып, Жалал-Абад облустук соту аны жети жылга эркинен ажыраткан. Аз өтпөй мунапыска илинип, мөөнөтү азайтылып, абактагы жүрүм-туруму жакшы деген негиз менен жатак абакка которулган.

Жатак абакка которулган соң ден соолугунун начарлашынан улам ооруканага жаткырылган эле. Бирок ушул жылдын 3-мартында ооруканада качып кеткени белгилүү болгон.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Акмат Бакиевди кайтарууга алган эмес деген жүйө менен Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковду кызматынан бошоткон.

Мындан улам мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов Акмат Бакиевдин качышы атайын уюштурулуп, мунун кылдат териштирилишине бийлик кызыкдар эмес деген божомолдорго кошулбайт. Анын пикиринде, териштирүүсүнүн алгачкы жыйынтыктары көрүнө баштады:

- Бул иште ар бир фактыны териштирүү зарыл. Мен билгенден Акмат Бакиевдин качышы боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иш алып барып, анын негизинде Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков кызматтан алынды. Мындан териштирүү болуп, иш жүрүп жатат деп жыйынтык чыгарса болот. Анан териштирбей туруп эле мындай болду, мындай болгон жок деп айтуу туура эмес.

Кенже Бакиевдин качып кетиши ар кандай жоромолдор жана имиштерге ширелишти. Чек ара кызматы али күнчө Акмат Бакиев чек арадан чыкпаганын билдирсе, ИИМ издөө уланып жатканын айтып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG