Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Какшаал элестери



1.
Үркүндө,

Чалкайып жаткан Ала-Тоо

Койнунан ырыс төгүлгөн.

Жемиш жыттуу, дан жыттуу

Түздөрү мейкин керилген.

Салаалап куйган тоолордон

Саамалдай суулар көбүргөн.

Ажайып ЖЕРи Кыргыздын

Төрт түлүк ыңкып семирген.

Көргөндүн бүйрүн кызытып

“Болсочу жерим” – дедирген.

Сүрөттөп “саякатчылар”,

Бейиштей ЖЕРдин кабарын,

Аткаргандар баяндап

Падышанын талабын.

Картасын кошо көрсөтүп

Айдоо жер, жайыт-талаанын.

Эсептешкен кай жерге

Канча миң адам барарын.

Кең өзөн сууну бойлото

Орношуп кыштак салаарын.

Чалгынчы “саякатчылар”,

Такташып түзгөн пландан,

Менменсиген падыша

Кемчилик таппай кубанган.

Ала-Тоонун түздүгүн

Ээлөөгө буйрук чыгарган.

Басып кирген “келгиндер”

Коркушпай сооптон убалдан

Буйруктун күчүн колдонуп

2.

Буйруктан запкы көргөн эл

Жандарынан түңүлгөн.

Түшүмдүү түздөн ажырап

Тоо-тоолорго сүрүлгөн.

Алык-салык көбөйүп

Чыгым тартып бүлүнгөн!

Түтүн болуп кембагал

Эсепке кирип чийилген,

Табалбай түшкөн салыкты

Сабоо жеп өлүп тирилген!

Көөдөндөр толуп турганда

Зомбулук, күйүт, арманга.

Жапандар менен орустун

Урушуна салганга.

“Ажалды беттеп ким барат

Баскынчы үчүн жардамга.

Эркиндик керек, буйрукка –

Турабыз каршы жан барда”.

Дешкен элге, күч алып

Зомбулук-зордук басканда,

Жашоо-турмуш өпкөнү

Куушуруп кысып жатканда.

Көтөрүлүш чыгарган

Ар-намыс жанга батканда.

Падыша буйруган, каарданып

Куралдан ажал чачканга.

“Эркиндик эңсеген” элди

Чымындай кырып атканга.

3.
Бардеңке, пулемёттордун

Мөндүрдөй жааган октору.

Калкыма түшүп каран түн

Кайгыны башка топтоду.

Асылуу калган тулгада

Кайнаган казан оттогу.

Эркиндик үчүн окко учкан

Эрлерди элим жоктоду!

Берендерден айрылган

Ата-эне зарлап боздоду!

Алаамат каптап киргендей

Аймап соруп Дүйнөнү,

Тополоң түшүп Эл үркүп

Айланган түнгө-күндөрү!

Чамасы келбей көп жерде

Чечилбей калган үйлөрү.

Жыйылбай эгин, чапкан чөп

Чачылган мүлкү үйдөгү.

Жүздөрүн чайып шордуу жаш

Муңканып чыккан үндөрү.

Жан айла издеп дүрбөшүп

Турагын таштап Эл качкан.

Шыкалып көчтүү көпчүлүк

Биринен бири адашкан.

Артынан түшкөн кубалап

Солдаттар жетип салт атчан,

Эзелтен жанды көксөгөн

Ажалдар учкан жарактан.

Чабылган чөптөй сулашып

Кырылган Элдин каны аккан!

4.

Кайрылып такаат кылалбай

Ажал-ок чачып келгенге.

Ар кимге чиркин жан таттуу

Карашпай качкан өлгөнгө!

Ата-Энесин, боорлошун –

Чамасы келбей көмгөнгө!

Жем болгон жору, кускунга

Өлгөндөр сайда, дөңдөрдө!

Миңдердин башы калышкан

Мөңгүлүү корум төрлөрдө!

Ашуулардан ашалбай,

Айгыр, ат, атан төө калган.

Ташыркап чайлап басалбай

Сүттүү – сүрөк бээ калган.

Канаты аттан ажырап

Тирүүнүн көбү жөө калган

Ала-дүлөй бороондуу

Тайгактардан жол чалган,

Жаса басып муз-жарын

Күбүрдө калган дөө-балбан!..

Өткөрбөй чектен Кытайдын –

Черүүсү тоскон балдырап.

Найларын төмөн караткан

Ийнинде мылтык салбырап.

Куралдан коркуп калган Эл!

Боюнда жок ал-кубат.

Түшүнбөй тили-сөзүнө

Нес болушкан жалдырап.

Жаңдашуу менен зордукка –

Берилген күлүк, аргымак

5.

Кыз, келиндер салынган

Күмүштөн сөйкө, билерик,

Күбөктү, ачкөз черүүлөр

Кызыга кармап имерип,

Шуру тартма, шолпунун

Байлоосун кыйып жиберип,

Намеркен маасы, өтүктү

Тартышып суурган чиренип.

Калтырбай баарын тоношкон

Каптарга “олжо” тирелип.

Булгаары тердик, зымпооч ээр

Оймолоп кыял салынган.

Көмөлдүрүк, куюшкан

Жүгөндөр күмүш чабылган.

Зергердин баалап эмгегин

Атка же бээге алынган.

Черүүлөр тоноп, нечендер –

Ырайым кыл – деп – зарылган.

Тартып алышкан

Сөөлөттү бекер табылган.

Тонолуп өтүп белдерден

Киргенде Какшаал жерине,

Салам бере, арманын –

Айтышып боордош элине,

Отурсак дешип пааналап

Айылдын жакын ченине.

Сурашканда, кандаштар –

Журт беришкен элиме.

Сүрдүккөн кийин келгендер

Какшаалдын сыйбай ченине.

6.

... Жомоктоп айтчу карылар

Какшаалга барган күндөрүн.

Кабылып ачарчылыкка

Телмирип зарлап жүргөнүн.

Сатууга асыл буюмун

Базарларга киргенин.

Бирине-бири эстетип

Өздөрү көрүп, билгенин.

Баламын анда, уккамын –

Калтырбай сөздүн бир жерин.

Кызыга карайм Какшаалдын –

Менсинген бийик тоолорун.

Корумду койдой жайнаган

Суу бузган терең коолорун.

Дайрасын түрткөн тумшугу

Борчуктуу кара зоолорун.

Эстедим уккандарымды

Үркүндө Элим болгонун.

Элестер көзгө тартылып

Чабыттап чыкты ойлорум:

Уккамын. Көрдүм Какшаалды

Үрккөн Эл тентип баскан жер.

Кадамы сайын азаптан

Салаалап жашы аккан жер.

Жан калкалап, ылымта –

Жарына казан аскан жер.

Алтыгана, күүрегин

Отун кылып жаккан жер.

Үңкүрлүү зоону пааналап

Жазданып ташын жаткан жер.

7.

Союп, сатып түгөтүп

Ажырап жандык малынан,

Жер үшөп өлүп жылкылар

Үчтөн бир калган санынан.

Ачарчылык алкымдап

Жан багуунун айынан,

Туштуурдук, килем, шырдагы

Кымбатпы асыл жанынан?!

Бир табак унга, талканга

Алмашкан, кол жууп баарынан!

Какшаал, Кашкар, Турпандын –

Аттуудай басып арасын,

Үч-Турпан, Ак-Суу, Корланын

Какшыган чөлдүү талаасын.

Каршы-терши чубашкан

Тындырбай жашоо санаасын.

Кайыр сурап тентиреп,

Аралап кыштак, калаасын.

Күнүмдүк ичер тамакка

Малайга берген баласын!

Кечип өтөм дегендин

Неченин дайра агызган.

Кандуу суу Какшаал, чечинтип

Сайроого чыгып калышкан.

Жулкуп чокуп тойлошкон

Карга, кузгун, сагыскан!

Корум сай, жарда өлгөндү

Кыныккан иттер табышкан.

Кийимин тытып, сүйрөшүп

Талашып ичин жарышкан!

8.

Бутунда чарык, кийими –

Кирдеген, жыртык салбырап,

Шишимек тартып көздөрү

Териси беттин шалбырап,

Каржалган кайран жигиттер

Сурашса жумуш жалдырап,

Кап курсак байлар манчыркап

Алышкан тандап алдуулап.

“Акыңа ичер тамагың,

Жумуш көп менде, жанды бак”.

Колунда таяк, шоро көз

Жулдурган итке чапанын,

Кайырчы кары, ээсиндей,

Касиеттүү батанын.

Жобурап бата тартканда

Сыпаа сылайт сакалын.

Кыдырган наркы айылды

Кемпири ушул атанын.

Акмалашып бири-бирин

Улашып жүрөт сапарын.

Жашоо-күрөш, жан ширин

Алкымдап таш боор ачкалык!

Көмүлбөй өлүп калганча

Кум, топурак жазданып,

Сатышкан эрке кыздарын

Кыямат күнгө капталып!

Буркурап, боздоп ыйлаган

Кыздардын муңу таш жарып!

Бир чейрек унга кыз алган

Уйгур, Дуңкан мактанып...

9. 3.

... Эмне үчүн чыгарып алып,

Келбедиңер эжеми?

Деп – сурасам ата-энем

Бар дешчү анын себеби:

“Ачкадан өлүп жатканда

Азгын элдин кээлери.

Биздин эки куданын

Кызматын уккан береги,

Сакташкан ачарчылыктан

Кудалап алып эжеңи.

Казыбай менен Тургунбай

Бир атанын балдары.

Кадыры жетип элине

Сыйлашкан Какшаал аймагы.

Экөөнүн бири катышса

Бүтчү экен уруу жаңжалы.

Бардар жашап турушчу

Арбын аштык, малдары.

Курчалып куда болушуп

Алышкан эжең Сайраны.

Тараткан жок алардын,

Эгин, мал берген жардамы.

Биз беш түтүн болчубуз

Бир атанын балдары.

Сүйлөшкөн куда болордо –

Сөздөрүнөн танбады.

Убада шертти ким бузат?

Кыз чыгарып алганы.

Соо койбойт бата бузганды

Аталардын арбагы.

10.

Биз кетерде чакырып

Сыйлашып эки кудабыз,

Сүйлөшкөнбүз: “катташып

Барып келип турабыз.

Билишмекпиз абалды

Жок дегенде жыл алыс”.

Кийин Чек бекип, адамды –

Өткөрбөйт - деп – угабыз.

Татаал тайгак турбайбы

Тагдырдын жолу ынагыс!..

4.

Куран окуп келүүгө

Эжемдин сыйлап арбагын.

Самап, эңсеп көрүүнү

Боорлошумдун балдарын.

Кыдырып Кытай жергесин

Өткөн күздө баргамын.

Какшаалда калган кыздардын

Ошондогу арманын,

Аялдар айтып беришти

Эстеринде калганын:

Биз,

Кең Нарында экенде

Шайыдан көйнөк кийчү элек!

Бозой, селки аралаш

Шарактап ойноп жүрчү элек!

Биз,

Беделдин белин ашканы

Шайы турмак мата жок!

Корунабыз басалбай

Айткан сөздө ката жок.

11.

Какшаалдын,

Эсебин кантип билебиз?

Эшегин кантип минебиз?!

Чокоюн кийсек көнөрбүз

Тоосуна чыксак өлөрбүз!

Тартмасын кийсек көнөрбүз!..

5.

Жал-Дөбөнүн түбүндө

Короосу менен ураган,

Орду жатат тамынын

Өмүрүн эжем улаган.

Башына түшкөн оордукту

Көтөргөн жүкчүл бул адам

Оюнчук кылып тагдыры

Өкчөп калчап сынаган.

Ээрчитип үмүт, утуру –

Чыйралтып турмуш чыңаган.

Үмүткө шерик Жал-Дөбө

Балык жондуу жер өзү.

Көрсөтчүдөй ааламды

Эжемдин “кароол” дөбөсү.

Ала-Тоо жакты караса

Көрүнөт ата-энеси.

Селкинчек тээп күүлөнгөн

Бозойлор, кыздар, жеңеси.

Төрт түлүк малы жайылган

Төрлөрдүн чалкак сереси.

12.

Көйкөлүп жатат кең Соң-Көл

Чагылып күнгө жаркылдап.

Өрдөк, каз, аңыр, ак-куусу

Шапшынып сүзүп калкылдап.

Имерилип асманда

Ителги шаңшыйт баркылдап.

Шабырлуу жээкте-кылаада

Ылаалайт жылкы салкындап.

Кыяда атчан бир жигит

Баратат ырдап шаңкылдап.

Магдырап жатат тууган ЖЕР

Жашыл баркыт жамынган!

Атырын сепкен абага

Гүлдөрдөн сайма сайынган.

Көчөтү көздү талдырган

Зор килемдей жайылган...

Түгөнбөс жашы мөлт эте

Көрүнүш качат табылган!..

Элестеп туулуп чоңойгон

Эл-ЖЕРин көрчү сагынган!

6.

Айтылуу Какшаал, ата-энем

Мекенине кеткен жер.

Айрылып апам кызынан

Жамгырлап жашын төккөн жер!

Кадам шилтеп кайрылып

Миң кайталап өпкөн жер!

Чыңырып ыйлап эжемдин –

Көзүнөн аккан кандуу сел!

Тирүүлөй бөлүп экөөнүн

Жашоосун тагдыр чечкен жер.

13.

Буюмдарын көтөрүп

Чубашып элим “көчкөн” жер.

Өпкөсү көөп эжемдин

Бөдөнөдөй бөккөн жер!

Жетим калган тайлактай

Буркурап боздоп чөккөн жер!

Түбөлүк муңдун үрөнүн

Көөдөнүнө сепкен жер!

Боорукерлер кейишип

“Баш көтөр, эс ал” – дешкен жер

Күндүзү ойдо, түн түштө

Сагынткан эне-атасын,

Эртели кеч эстетип

Арбыткан кайгы-капасын,

Ажырап жибек, шайыдан

Кийгендир уйгур матасын.

Тирүүсүндө көрүшсөк

Арылтмак ички капасын.

Көрсөтпөй Какшаал эжемди

Кымырып катып жатасың!..

Медербек Акимкожоев, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, март 1992-жыл.

XS
SM
MD
LG