Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Кыргызстанда аксакалдар сотуна кошумча милдеттерди берип, алардын укуктук макамын көтөрүү сунушталууда.

Бирок коомдо мындай пикирге каршы болуп, аксакалдар тартип сактоо органдарын алмаштырып калбайбы деген суроо жаралууда.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы, депутат Кенжебек Бокоев, Нарындагы Дөбөлү айылындагы аксакалдар сотунун төрагасы Жалый Абдыканов жана эксперт Илим Карыпбеков.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, аксакалдар сотуна кошумча милдеттерди берип, алардын укуктук макамын көтөрүүгө кандай зарылчылык бар?

Кенжебек Бокоев: Өкмөттөн мыйзам долбоору келип, “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамга да бир аз кошумча киргизилип кетти. Бул маселе ошол жерде көтөрүлдү.

Негизи “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамды кайра карап чыгып, алардын статусун көтөрүп, кошумча укук берүү маселесин койбосок аларга эч кандай механизм, рычагдар каралган эмес. Атүгүл концелярдык каражаттарына чейин тыйыны жок.

Айылдарда кошунасына мал кирип кетсе, же эки бала мушташып кетсе, турмуштук, үй-бүлөлүк уруш-талаштардан улам биздин балдар камалып кетип атат. Ошолордун бардыгын айылдарда аксакалдар соттору аркылуу чечсе болот.

Азыркы мыйзамда Юстиция министрлигинин каттоосунан өтпөгөн аксакалдар соту - коомдук уюм. Алардын юридикалык эч кандай макамы жок. Аларга каттоодон өткөн өзүнүн мөөрү, штамп жана башка атрибуттары болгон, андан тышкары жергиликтүү курултайда, чогулуштарда шайланып келүүчү орган кылыш керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Илим Карыпбеков: Коомчулукта кандайдыр бир маселе жаралганда, ал маселени чечиш үчүн мыйзам керек деп мыйзам долбоорун иштеп, талкуулап жатып калабыз.

Аксакалдар соту деген маселе кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн түп тамырында жатат. Бул институт эмнеден чыккан? Илгери кыргызда аксакалдар акыркы калыс сөзүн айтып, талаш-тартыш маселени алар кандай чечсе, ошондой болуп калган. Эл да ошону уккан.

Экинчиден, аксакалдардын ролун көтөрүү, айрым жеңил-желпи маселелер үчүн деле сотко бара бербей, ишти жеңилдетүүгө ойлонулуп чыккан. Буга кошумча макамдын кереги жок. Жер-жерлерде аксакалдардын сөзүн угалы, сыйлайлы деген сыяктуу түшүндүрүү иштери жүрсө эле бул иштейт. Ал эми канцелярдык керектөөлөрүн жергиликтүү бийлик чечип бериши керек, алар өздөрү буга кызыкдар болушу зарыл.

Жалый Абдыканов: Айыл болгондон кийин ар кандай кылмыштар болот. Бизге мыйзамдар тууралуу китептер тапшырылган. Ошонун негизинде айыл аксакалдар соту салыштырып карайбыз. Биздин тогуз мүчөбүз бар. Биз кылмыштуулукту чечип атабыз. Ал тургай райондук милицияга кеткен иштерди бизге жиберишет, муну карап бир чечимге келишсин деп. Жергиликтүү элдин, депутаттардын катышуусунда бизди шайлашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG