Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда кабыл алган “КСДП партиясын шайлоодон четтетүү” боюнча чечимин бүгүн кайра карап, аны жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.
Жүндүбаев Аймактык шайлоо комиссиясы 30-ноябрда чечим кабыл алгандыгына карабай, 2-декабрда кайрадан башка чечим чыгарганы туура эмес болгонун белгиледи.
-КСДП өкүлдөрү 24 талапкерди чакыртып алып, тизме мыйзамга ылайыктуу түзүлдү,- деди Жүндүбаев.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарган эле.
Мындай чечим “Өнүгүү-Прогесс”, “Ата Журт” жана “Ата Мекен” партияларынын арызынан соң кабыл алышкан эле. Даттанууда КСДП партиясы талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик норманы сактабаганы жана жайгашуу тартибин бузгандыгы көрсөтүлгөн. (RsK\SE)