Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Аксы каргашасын алгач "Азаттык" ачыктаган


Аксы окуясынын он жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларынан. Аксы району, 17-март, 2012.

Аксы окуясынын он жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларынан. Аксы району, 17-март, 2012.

2002-жылы 17-мартта Боспиекте кыргыз бийлиги өз элине каршы ок чыгарып, аны жашыруу аракетин биринчи болуп “Азаттыктын” кабарчылары ашкерелеген.

Ошол каргашалуу окуянын чыгышына себеп болгон бийликтин текебердигин каармандык менен чагылдырып, көөдөнүнө жаш менен кан толгон мекендештерибиздин муңун тең бөлүшүп, коомчулукка акыйкат маалымат жеткирген кесиптештерибиз мына ошол күндөрдүн урунттуу учурларын эскеришет.

"Будуң-чаң” салган Абдраимовдун кабарлары

Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып, камалган депутат Азимбек Бекназаровду боштондукка чыгарууну талап кылганы бараткан жарандарга бийлик ок чыгарды. Боспиектеги ээн талаада болгон бул окуяда беш адам набыт болуп, элүүгө жакыны жараат алган. Бул кабар Аксынын айылдарына желдей тараганы менен бүтүндөй өлкө ал туурасында кабарсыз болчу.

Ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев КТР аркылуу Аксыда Бекназаровду коргоп чогулгандардын арасында жаңжал чыгып, бирин-бири бычактады деп жалган маалымат тараткан. Бирок коомчулук Аксыда чынында эмне окуя болгонун алгач “Азаттыктын” Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун окуя болгон жерден даярдаган репортаждарынан билди:

- Мен Кербендин автобусу менен бара жатып, Боспиек айылына токтогондо эле ошол жердегилер милиция Кербенге топтолуп бара жаткан элди жолдон токтотуп, ок аткандыгын айтышты. Мен дароо эле Авлетим айылдык ооруканасында темир керебетте канга бойолуп жаткан жарадар адамдарды таап, алар менен маектешип, окуя кандай болгонун баштан аяк угуп, макала даярдадым. Бул окуя боюнча 17-март күнү кечки саат тогузда маалымат жиберип, эртеси эртең мененки эфир толкунунда кеңири репортаж бердим.

Бийлик өзү жаккан отту өзү өчүрө албай калган абалда алдастап, Аксыдагы кабарларды өлкөнүн башка аймактарына чыгарбоого аракеттенген. 17-марттагы жана 18-мартка караган түнү Аксынын борбору Кербенде болгон окуяларды ыкчам жана акыйкат чагылдырып турганы үчүн Ырысбай Абдраимов ошол кездеги бийликтин каарына кабылган.

Серепчилер эгерде маалымат өз убагында берилбегенде Аксы окуясы 2005-жылы Өзбекстандагы Анжиян кыргыны сыяктуу көз жаздымда калып кетмек деген ойлорун айтып келишет. Ырысбай Абдраимов ага карата коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан мына ошол окуяларда кабарчылык ишин үзгүлтүккө учураткан эмес:

- Бекназаров Жалал-Абадда түрмөдө жатканда анын токмоктолгондугу тууралуу жергиликтүү акын Жусупбеков деген маалымат берип, мен ал кабарды радиого даярдагам. Ошондон кийин эле мени шаардын прокурору чакырып алып, түнкү саат он бирге чейин ар түрдүү жолдор менен коркутуп, суракка алды. Көзүмө колун кезеп алып, “бул кылганың үчүн сегиз жылга кесилесиң” дегенге чейин барды. Андан ары мен кайда барбайын УКМКнын тыңчылары артыман калбай эле ээрчип жүрүшчү. Алар мага психологиялык басым жасап, жүдөтүүгө бир топ аракет жасашты.

“Азаттыкты” майтаруу планы

Аксы окуясынын кесепеттери боюнча ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин жыйналышында кийин дайындалган өкмөт башчысы Николай Танаев “биз маалымат согушунда “Азаттыктан” утулдук” деп айтканы бар. Муну менен ал маалыматты жашырып, окуяны бурмалоого жасаган бийликтин аракеттерин кыйыр түрдө мойнуна алды деп көз карандысыз медиа эксперттер баа берген болчу.

“Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунун ошол кездеги жетекчиси Кыяс Молдокасымов Акаев бийлиги аны сатып алууга жандалбастап, андан соң коркутууга өткөн учурларды мындайча эскерди:

- Мага Ак үй жактан адамдар ар кандай сунуштарды айтып, акчага сатып алууга аракет кылышты. Өздөрүнүн ал максаты ишке ашпаган соң алар түздөн-түз эле коркутууга өтүштү. Мени УКМКга чакырып алышып, бийликке нааразы болуп сүйлөгөн жарандарды үналгыдан көп чыгарбоону талап кылышып, болбосо башкача болоорун эскертип, түшүнүк кат жазууга мажбурлаган учурлар болду. Ал гана эмес, менин өкмөттө иштеген санаалаштарым “тилге көнбөсө, сени физикалык жок кылуунун жолун ойлонгула деген” сыяктуу көрсөтмө түшкөндүгүн айтышып, “3-4 айга Прагага кете турбайсыңбы” деп сунушташкан учурлар да болду. Бирок биз жоопкерчиликти түшүнүп, сатылган да жокпуз, корккон да жокпуз. Тескерисинче, аягына чейин өзүбүздүн принципти кармандык.

Ошол эле учурда бийликтин көзүн караган мамлекеттик маалымат каражаттары чындыкка коошпогон маалыматтарды коомчулукка таратышкан. Ак үйдүн буйрутмасы менен окуянын чыныгы себептери боюнча түрдүү версиялар чыгарылып, бирок коомчулуктун көңүлүн Аксыдагы ок чыгаруу окуясынан алагды кылуу аракеттеринен майнап чыккан эмес.

“Азаттыктын” редактору Бурулкан Сарыгулова бийлик ошол маалда радиону атайын каралоо кампаниясын уюштурганына мындайча токтолду:

- Аксы окуясынан кийин бир-эки күндөн соң бийлик чыйрала түшүп, контр маалыматтарды берүүгө өттү. Бизге каршы КТР аркылуу каралоо иштерин баштап, “Азаттык” радиосу кырдаалды атайын курчутуп, чагымчыл маалыматтарды берип жатат деген мазмундагы маалыматтарды жайылтып турушту. Буга далил катары мен Аксыдагы кырдаал боюнча даярдап берип турган материалдардын “керектүү” үзүндүлөрүн кесип алып, улам-улам КТРден кетирип турушту.

Кечирим...

Кийин медиа талдоочулар Аксы окуясы боюнча КТРден берилип жаткан жалган маалыматтар коомчулукту тескерисинче кыжырдантып, бийликке каршы маанайды күчөткөндүгүн белгилешкен. Мындан улам Улуттук телеканалдын калк арасындагы кадыры катуу түшүп, анын берген маалыматтарына карата ишеним жоголгон. Учурда КТР Коомдук Биринчи канал болуп өзгөрдү.

Телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаев мурдагы жетекчиликтин жана эмгек жамаатынын иши үчүн он жылдан кийин биринчи жолу элден кечирим сураганын билдирди:

- Мына ошол окуядан бери он жыл убакыт өтсө да телекөрсөтүү тарабынан Аксы окуясы боюнча туура эмес маалымат беришкендигин мойунга алып, кечирим сураган эч ким болбоптур. Биз бүгүн мына ошол окуянын курмандыктарына куран окуп, телеканалдын жетекчиси катары мурдагы жетекчиликтин жана ошол кезде иштеген кызматкерлердин атынан Аксыда бейкүнөө окко учкан ошол мекендештерибиздин жакындарынан кечирим сурайм.

Аксы окуясынан кийин ошол кездеги депутат Бекназаров камактан бошотулганы менен коомчулукта нааразычылык күчөп, митинг-пикеттер улантыла берген. Аксылыктар бийликтен ок чыгарууга күнөөсү барларды жазалоону талап кылып, ошол кездеги бир топ аткаминерлерди кызматтан кетирүүнү суранган. Бирок жабырлануучулардын нааразылык акциялары күч колдонуу менен басылып турган.

Мына ошондой митингдердин бирин чагылдырган “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Жаркын Суран кызы милиция кызматкерлерине байланышкан ары кайгылуу, ары күлкүлүү жагдайлардан кеп салды:

- Бул бир шумдук окуя. Мына ошол Аксы окуясындагы күнөөкөрлөрдү жазалоо талабы менен Ак үйдүн алдында пикет болуп жатканда тигил жактан каз-катар туруп милиция кызматкерлери келе жатканда эле диктофон менен микрофонду алдырып койбойун деген ой менен колума скотчтоп алдым. Анда турган адамдарды малдай эле үзүп-булкуп кармап, автобустарга сала башташты. Менин техникамды байкап калган милиция кызматкерлери скотч менен колума байланган микрофонду сууруйм деп мени колдон тартып барып автобуска тыгып койду. Ал жерде мына ошол диктофонду алып чыгып “силердин эмне кылганыңар, мына буга түшүп, тигил жактан силердин акмакчылыкты көрүп жатышат" десем эле буга ишенген милиция кызматкерлери бизге беттерин көрсөтпөй качып, жыйынтыгында бизди бошотууга мажбур болушкан.

Бийликтин өзүн оодарган “осолдук”

Он жыл өткөндөн кийин Акаев режимине кызмат кылган айрым аткаминерлер ошол кезде бийлик чыныгы маалыматты элден жашырып, туура эмес кылгандыгын мойнуна алышат. Мына ошонун айынан Акаев режими, андан соң Бакиев бийлиги кулагандыгын мисал келтиргендер аз эмес.

Ошол кезде парламент депутаты, анан вице-премьерлик кызматта отурган Курманбек Осмонов ошол кездеги бийликтин Аксы окуясы боюнча жүргүзгөн маалымат саясатын одоно жаңылыштык катары баалады:

- Акматалиев деген ал кезде жаңы эле ички иштер министри болгон эле. Анын кийин айтканына караганда, ага да туура эмес маалымат беришкен экен. Болгон чындыкты элден жашырып, ошол кездеги акцияга чыккан аксылыктарды өлкөгө жаманатты кылуу аракети болгон. Бирок чындык эртедир-кечтир ачыкка чыгат да. Мына ошол жагын ойлошкон эмес экен. Айткандай эле бардык чындык ачыкка чыгып, Аксыда эмне болгону кийин элге белгилүү болбодубу.

Он жылдан бери Аксы окуясы боюнча ондогон сот жараяндары өттү. Бирок коомчулук өкүлдөрү аталган каргашага укуктук баа берилип, айыптуулар жазага тартылбай калгандыгын айтып келишет. Анткен менен авторитардык бийликке карата элдин каршылыгы алгач Аксы окуясынан башталгандыгы айтылып жүрөт.

Би-Би-Си радиосунун ошол кездеги кабарчысы Султан Жумагулов карапайым калк чындык үчүн күрөшсө, айрым адамдар андан саясий упай топтоого жетишкендигин белгиледи:

- Мени нааразылык акциясына, же жөө жүрүшкө чыккан аксылыктар өз ара тартипти катуу сакташып, элүү башы, жүз башы, миң башы болуп катар сактап, араларына чагымчыларды киргизбегени таң калтырган. Анткени бийлик тарабынан андай аракеттер болгондугуна карабастан ал ишке ашкан жок. Чыныгы элдик демократиянын үлгүсүн көрсөтүп, алар койгон талабына аягына чейин катуу турушту. Бирок мына ошол Аксы окуясынан далай адамдар саясий упай топтоп, ошонун арты менен азыркы күнгө чейин чоң саясатта жүрүшөт.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG