Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Аксы окуясы: алынбаган сабак


Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстелик. Аксы району, 17-март, 2010.

Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстелик. Аксы району, 17-март, 2010.

17-мартта Бишкекте Аксы окуясынын 12 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. Анда Аксы каргашасына укуктук баа берилбей жатканы, окуяны кыргыз тарыхына киргизүү сунуштары айтылып, жыйынга бир да бийлик өкүлү катышпаганы сынга алынды.

Жыйынды алып барган коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев башында өзү куран окуп, 2002-жылы Аксы окуясында шейит кеткендер эскерилди. Андан кийин сөз алгандардын көпчүлүгү Аксы каргашасы коомго, анын ичинде саясатчыларга сабак болбой жатканын белгилеп жатышты.

Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков буларга токтолду:

- Ошолорду көрүп, угуп, мыйзамсыз болбойт, токтоткун дегенге жарабаган кылмышкерлерге талапташ болгондор өздөрүнүн жазаларын алгандын ордуна кайрадан бийликтин тепкичтерине келип отурат. Мен азыр архивди карап отуруп, азыркы жетекчилердин фамилияларын көрдүм, алар ошо Аксы окуясында дагы өйдө жакта отурушкан экен. Мен эми айтпай эле коёюн, бул жерде башкача саясат кетти деп дагы айтышпасын.

Ошол эле учурда 2000-жылдары Акаев президент болуп турган мезгилде бийликте иштеген Равшан Жээнбеков дал ошол Аксы окуясы ага сабак болгонун, Кыргызстандагы дагы башка адам укугун басынткан каргашалуу окуялар анын позициясын өзгөртүп жатканын белгилеп, коомчулук алдында кечирим сурады:

- Менин оюмча, мен дагы бүгүнкү күнү кандайдыр бир деңгээлде ошол убактагы окуялар үчүн күнөөм бар деп айтышым туура болот. Биздин трагедиябыз, мамлекетибиздин трагедиясы, улутубуздун трагедиясы - бул президенттик бийлик экен.

Илимий конференцияга чакырылган тарыхчылар болсо азыркы жагдай Аксы окуясын кыргыз тарыхына так жана бурмалабай калтыра турган мезгил экенин айтышууда. Аксы каргашасын жана соңку тарыхый окуяларды иликтеп жаткан тарыхчы, коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин да ушул нерсени баса белгиледи:

- Ушул окуяларды так-таасын жазганга колу-жолубуз бош экенин, цензура жок ушул учурду, ушул өткөөл учурду жакшылап колдонуп калышыбыз керектигин тарыхчылар жакшы билебиз.

Конференциянын жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды. Анда президент Атамбаевдин 2012-жылкы “Аксы окуяларын эскерүү күнү ” тууралуу аткарылбай жаткан жарлыгын көзөмөлдөө, Аксы окуясында шейит кеткендердин үй-бүлөсүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик жардам көрсөтүү улантылышы керектиги белгиленип, куралсыз элге ок чыгарууга, кыйноолорду жасаганга буйрук бергендерди кылмыш жообуна тартуу сыяктуу талаптар коюлду.

Аксыда каргашасында каза болгон Эркинаалы Четинбаевдин агасы Самсалы Четинбаев бул жыйынга Президент администрациясынан жана өкмөттөн бир да киши басып келбегенин жана жыйын уюштурууга көмөк көрсөтпөгөнүн сынга алды.

- Илимий иш-чарага кимдер келгенин көрдүңөр, канчалык деңгээлде мамлекет көңүл буруп жаткандыгы ушул жерден көрүнүп калды.

Президент Атамбаев да бүгүн коомчулукка Аксы окуясына байланыштуу кайрылуу жолдоп, эртең менен Ак үй алдындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл койду.

2002-жылы мартта Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразылык билдирип, жөө жүрүшкө чыккан аксылыктарга Боспиектин жанында тартип коргоо кызматкерлери ок аткан. Аксы каргашасаныда жалпысынан жети адам каза болгону айтылып келет.

2009-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аксыда каза болгон Элдияр Үмөталиевдин өлүмү боюнча арызды карап, ага бийлик күнөөлүү деген чечим чыгарган болчу.


Аксы окуясы: бийлик элге кантип ок аткан

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG