Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Иринжит бүттү, Ак-Терек кезек күтөт


Жаңы бүтүп, ишке берилген Иринжит каналы.
Жаңы бүтүп, ишке берилген Иринжит каналы.

Бүгүн Аксыда жаңы курулуп бүткөн Иринжит каналын ишке берүү аземи болду. Курулушу 2007-жылы башталып, быйыл бүткөн каналды ишке берүү аземине мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.

Он сегиз жылдан бери курулуш маселеси көтөрүлүп, быйыл гана бүткөн Иринжит каналы сууну райондогу Падыша-Ата дарыясынан алат. Каналдын узундугу жети бүтүн ондон төрт чакырым. Курулушка өкмөт эсебинен 410 миллион сом жумшалган. Иринжит каналында секундасына төрт бүтүн ондон бир куб метр суу агып, ал райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Иринжит айылынын жайдак талааларын суу менен камсыздоо үчүн курулган.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен чектеш турган Аксы аймагынын ичи менен өткөн мындай курулуштар өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кошкон салым менен барабар экенин белгилеп, чогулган адамдарга республиканын саясий, социалдык-экономикалык багытындагы абалы тууралуу баян курду. Өлкөнүн эгемендүүлүгүн жол тосуу, саясий акциялар аркылуу эмес, ынтымактуулук, ак эмгек менен иштөө аркылуу бекемдөөгө чакырды:

- Бийлик алмашкандан кийин кайра киришип, каналды бүтүрүп атабыз. Иринжит ишке киргенде миң гектар жер суу менен камсыз болот. Мындан ары кошуна мамлекеттен суу келеби же келбейби деп эч ким ойлонбойт, ачык айтканда. Бул чындык, эгемендүүлүккө жасалган дагы бир кадам. Эгемендүүлүк деген “Биз декларация кабыл алдык” деп эле кыйкыргандан болуп калбайт. Эгемендүүлүк – мамлекетибиз башка коңшу мамлекеттерге көз каранды болбой калган күнү келет.

Иринжит каналын ишке киргизүү аземи. Аксы. 20-июнь.
Иринжит каналын ишке киргизүү аземи. Аксы. 20-июнь.


Учурда Аксыда сугат сууга байланышкан көйгөйлөр арбын. Аска, тектирлер аркылуу өткөн Иринжит каналынын курулушун сындагандар да аз эмес. Аны жер алдынан куур алып өтүп курса деле болмогун жергиликтүү тургун, эмгек ардагери Акрам Жоомартов айтууда. Суунун жоктугунан ал быйыл да жеке өзүнүн үлүш аянтын сугара албай калган.

- Беш жүз миң сом менен бүтүрө турган курулуш болчу. Эгер Иринжитти түтүк аркылуу алып өткөндө, мамлекеттен мынча акча кетпейт болчу, канча миллион сом үнөмдөлөт эле. Аксы өзү сууга бай өрөөн болгону менен бул жерде суу маселеси оор. Айрым адамдар чакалап ташып, үй алдындагы жерин иштетет. Үлүш жерибизге суу жок. Өзбекстан суу өткөрсө, жеримди сугарып алам.

Аксыда курулушу башталып, бирок аягына чейин бүтпөй калган дагы бир Ак- Терек каналы бар. Анын курулушу тууралуу экс-президент Аскар Акаевдин доорунан бери маселе улам-улам көтөрүлгөнү менен каражаттын тартыштыгынан улам аягына чыкпай келет. Ал эми райондогу узундугу кырк үч чакырымга созулган Беш-Батман каналынын беш чакырымы Өзбекстанды аралап өтөт. Райондун суу чарба башкармалыгынын башчысы Смаилбек Ибраимов суу коңшу өлкөнү аралап Аксыга кайра чыкканда, кыйла азайып кетерин айтты:

- Аксы районунун Кербен шаар мэриясы, Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айыл аймактарын суу менен камсыздоо алтымыш беш пайызга эле барат. Мына, суу өзүбүздүн жерден агып, чыгып атат. Суу бизге өзүбүзчө эркин канал курганда гана өтөт, ансыз кыйын. Ал үчүн Ак-Терек каналын бүтүрүү керек. Аны бүтүрүү - өкмөткө көз каранды. Акча бөлсө бүтөт, бөлбөсө бүтпөйт. Ак - Терек каналын куруу да 2006 –жылы башталып, эки чакырымы курулуп бүткөн. Ошондо кырк алты миллион сомдук иш өздөштүрүлгөн. Кийин калып кетти. Эгер Ак-Терек каналы курулуп, бүтүп калса, биздин Аксы районундагы үч айыл өкмөттүн аймагынан үч миң гектар жер жаңыдан өздөштүрүлүп калат. Ага кошумча дагы үч миң гектар аянтты сугаруу жакшырат эле.

Аксы району Өзбекстан менен чектеш жайгашкан. Райондогу каналдар коңшу өлкөлөрдү аралап өткөндүктөн, жергиликтүү эл сугат суудан кыйналып келет. Жакында кыргыз өкмөтү ремонтко муктаж деп айтып чыккан Чоң Наманган каналы да Аксы районунун аймагында жайгашкан.
Иринжит ишке берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG