Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Аксы районунда 1996-жылы башталып, былтыр июнь айында президенттин катышуусунда ишке берилген Иринжит каналы али толук колдонула элек.

Былтыркы жылы бүттү деп пайдаланууга берилген каналда учурда да курулуш иштери жүрүп жатат. Жакынкы убакта эле бетон арыктын ичиндеги жарылган жерлер жамалса, кээ бир аймактарында ремонт иштери соңуна чыга элек. Жумуш алып барып жаткан куруучулар "Азаттыкка" эч кандай маалымат бере албастыгын билдиришип, маектешүүгө макул болушпады.

1996-жылы курулушу башталган канал көп өтпөй каражаттын жоктугунан бүтпөй токтоп калган. 2011-жылы мамлекеттик бюджеттен кошумча 140 млн. сом бөлүнүп, 7,5 чакырымды түзгөн канал курулган. "Бирок ушул күнгө чейин ал толук ишке кире элек" дейт райондун Дөң-Кыштак айылынын башчысы Баатырбек Кыдыев:

- Мына ушул жерде президентти чакырып, канал бүттү деп сууну агызып, ачып жиберишкен. Эртеси күнү эле канал бузулуп, суу жиреп кеткен. Өзүңөр көрүп тургандай, азыр эле ремонт жасалган. Башын жана аягын жасап, ортосун таштап кетишиптир. Ортосуна арматура койбой, сапатсыз курулган. Быйылкы жылы эле бүткөн каналга бир канча миллион сом каражат сарпташты. Ошону башка жакка жумшаса болмок да. Мен муну "майып канал" деп атап койдум. Мындайча айтканда "майып канал" төрөлдү. Ал каналды эми өмүр бою "дары" берип иштетеби? Бир жыл бул канал жакшы иштеген жок. Быйылкы жылы эки жолу суу жиреп, бузуп кетти.

Иринжит каналы райондун Кош-Дөбө айыл аймагын агын суу менен камсыздоо максатында курулган. 15 миңден ашык калкы бар айылга буга чейин 40 чакырым аркылуу коншу Өзбекстандан суу келип турган. Миң гектардан ашык жер аянтын суу менен камсыздоо максатын көздөгөн каналдын тагдыры азыр ара жолдо калды.

"Коңшулардан азырынча суу маселесинде көз карандысыздыктан кутулдук дегенге болбойт" дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Шекербек Камчыбек уулу.

- Иринжит каналынын ишке берилүүсү менен биздин Кош-Дөбө айыл аймагын Өзбекстандан 100% көз карандылыктан кутулду деп айтылган. Бирок бул багытта президентибизге туура эмес маалымат жетип калышы мүмкүн. Тескерисинче, биздин айыл өкмөт 100% кайра сууга муктаж болуп олурат. Быйыл өзүңүздөргө маалым болгондой, аба ырайы катуу ысып, кургакчылык болду. Ошол себептүү бизде суу тартыштыгы жаралды. Каналдын пайдасы тийбей эле, ачылгандан бери ар жеринен бузулуп, ушул күнгө чейин оңдоо иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү депутаттардын айтымында, узундугу 7,5 чакырымды түзгөн каналдын эки чакырымы азырынча бүтө элек. Ал аймакта тоо-кен казуу иштери жүрүүдө. Район акими Медетбек Айдаралиев жогорудагы пикирлердин баарын четке кагып, Иринжит каналын мамлекет азырынча кабыл ала электигин билдирди.

- Чоң курулуштардын үч жылдык сыноо мөөнөтү болот. Азырынча ал каналды мамлекет өзүнө кабыл ала элек. 2017-жылы мамлекеттик деңгээлдеги комиссия текшерип, анан кабыл алат. Ошол себептүү азыр бул багытта чечим чыгарууга эрте. Каналды Суу чарба департаменти аркылуу жеке фирмалар бүтүргөн. 300 метр жери борпоң топурак үчүн коркунучтуу аймак болуп, бузулган учурлар катталды. Аны фирма өз каражатынын эсебинен бүтүрүп жатат. Сугат маалында Кош-Дөбө айылына биз 4 миң литр суу берип жатабыз. Азыр бул багытта эч кандай маселе жок. Кээ бир тараптар өз кызыкчылыгы үчүн ушул маселени көтөрүп жатышат.

Айдаралиев курулуш жүрүп жаткан учурда каналды сапаттуу куруу максатында көзөмөл кылып, министрликке ондон ашык кайрылуу жолдогонун айтып өттү. Анткени Иринжитке тендер 2005-жылы Бишкек шаарында өтүп, жеңүүчү деп да борбордо жайгашкан компания аталган.

- Бул канал менин дагы жеке көзөмөлүмдө турат. Айыл чарба министри дагы эки-үч жолу келип көрүп, куруучуларга сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырма берип кетти. Эми алар да өздөрү ойлонуш керек. Эгерде канал сапаттуу бүтпөсө, аны эч ким кабыл албайт. Эгерде бул жактан да Ак-Терек каналы курулса, Аксы боюнча 10 миң гектар жер суу менен камсыз болот. Бул ошол эсеп менен курулган канал.

2014-жылдын күз айларында Иринжит каналынын айланасындагы бул кырдаалды коомчулукка алып чыгып, бул багыттагы иштерге район акиминин катыштыгы бардыгын айткан жергиликтүү активисттердин үстүнөн сот иши жүрүп, былтыр декабрь айында райондук сот эки адамга 5 миң сомдон айып пул салган. Бул багытта Баатырбек Кыдыев буларды айтты:

- Былтыр биз ушулардын баарын айтып чыксак, аким бизди сотко берип, декабрь айында райондук сот 10 миң айып пул салып койду. Аким сотто "мен бул канал курулуп бүтмөйүнчө, жоопкерчилик албайм" деп айтып жатат. Макул ошентсин, бирок элдин эсебинен, салыктан түшкөн каражатка курулуп жаткан объектке район жетекчиси катары көз салып турууга аким милдеттүү да.

Иринжит каналы 2014-жылдын июнь айында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылып, өлкө башчысы өз сөзүндө канал кошдөбөлүктөрдү толук кандуу агын суудан көз карандысыздыктан чыгарганын белгилеген. 18 жыл бою курулушу жүргөн каналга жалпысынан 441 млн. сом каражат сарпталган.

Архив: Иринжит ишке берилди (тасма 2014-жылдын 20-июнда тартылган)

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG