Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Аксыда 20-апрелде социалдык көйгөйлөргө арналган жыйын өтүп, соңунда чогулгандар талаптарын райондук бийликке жолдошту. Аларды аткарууга бир айлык мөөнөт чегерүү чечимин кабыл алышты.

Райондун Жаңы-Жол айылынын тургуну Кадырбү Сактанкулова пенсия ала баштагандан тарта неберелерине жөлөк пулдун токтотулушуна нааразы. Анткени кожолугу башка болгону менен турак жайы жоктугунан алар менен бирге жашаган уулунун балдарына анын алып жаткан пенсиясын кошуп эсептеп, жөлөк пулдарын токтотуп коюшкан.

- Төрт балага ата болгон уулум келинчеги менен биздин үйдө жашайт. Аны турак жай салып, өз алдынча бөлгөн эмеспиз. Бирок өзүнчө кожолук болуп катталган. Мурдараак төрт баласына тең жөлөк пул алып жүргөн. Эми менин пенсиямды буларга кошуп эсептеп, киреше булагы ашып кетет экен, деген жүйө менен быйылкы жылдын апрель айынан тарта токтотуп коюптур. Келиним почтага барып балдарына акча алайын десе жок дептир, ал үйгө ыйлап келди. Бул акыйкатсыздык да, жакшылап алардын жашоо-шартын текшерүү керек болчу. Мен өзүм көп жыл тамеки талаасында иштеп, жаштыгымды колхозго арнап эми пенсиямды жаш балдарга беришим керекпи? Же алар, же мен пенсия алышым керек экен. Бул эмне деген саясат?

Мындай нааразылыктар кечээ Аксынын Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө өткөн элдик жыйындын ар бир катышуучусу тарабынан айтылып, ортого салынды. Балдарга жөлөк пул чегерүү мыйзамына ылайык, үй-бүлөнүн киреше булагы жан башына айына 810 сомдон ашпоосу керек. Ага үй-бүлөдө карыялардын алып жаткан пенсиясы да киреше катары эсептелген. Райондук социалдык жактан өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ашым Мамасыдыков депутаттар мыйзамга өзгөртүү киргизмейин маселе чечилбесин айтты:

Жаңы-Жол айылынын тургундары. Аксы

Жаңы-Жол айылынын тургундары. Аксы

- Бул маселени мен чече албайм. Кезегинде депутаттар ушундай мыйзам кабыл алышкан. Ага ылайык азыр үйүңдө жүрүп турган авто унааң, 15 коюң болсо балдарыңа жөлөк пул чегерилбейт. Мына жаңы гана министрге азыр түшүнүк кат жазып бердим. Республика боюнча Аксы району балдарга эң көп жөлөк пул алат экен. Быйыл да жыл башынан бери көбөйүп кетиптир. Мисалы, Баткенде 25% балдар жөлөк пул менен камсыздалса, Аксыда 43,9% жетиптир. Ал жер менен биздин шартыбызды салыштырсак болот. Ошол себептүү айтар элем, жөлөк пулду муктаждар гана алышы керек. Анан азыр пенсия курагындагы адамдардын алган акчасы да үй-бүлөнүн киреше булагы катары эсептелип, берилбей жатат. Бул маселеде көп нааразылыктар жаралууда. Эгерде ушул эле бөлүмгө өзгөртүү киргизип, пенсияны кирешеден алып таштаса, анда республика боюнча кошумча кошула турган балдарга берилүүчү жөлөк пул 2,2 млрд. сомго көбөйөт. Ошол себептүү ал жагын дагы караштыруу керек. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек десеңер, анда депутаттарга кат аркылуу кайрылгыла.

Айылда жөлөк пулдан башка дагы маселелер арбын. Район боюнча сегиз айыл өкмөт болсо, 8 миңге чукул калк жашаган Жаңы-Жол айыл аймагынын карамагында бир да бала бакча жок. Кезегинде иштеп турган наристелер үйү менчиктиштирилип кеткен. Бул маселени чечүүгө жергиликтүү бийликтин азырынча каржы булагы жок болгондуктан айылдыктар милиция пункту жайгашкан муниципиалдык имаратты бала бакчага бошотуп берүү талабын коюшту. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди.

Жаңы-Жол айылы. Аксы

Жаңы-Жол айылы. Аксы

- Азыркы убакта бала бакча маселесин чече албай кыйналып жатабыз. Ошондуктан айыл өкмөттүн балансында турган райондук ички иштер бөлүмүнүн айылдык бөлүмчөсү жайгашкан имаратты бала бакчага ыңгайлуу деп эсептейбиз. Имаратты бала бакчага толук бошотуп алууга айылдык кеңештин депутаттарына толук милдеттендиребиз. Милицияга башка имарат карап берүү жагын айыл өкмөт чечсин. Бир ай ичинде райондук милиция башчысы кызматкерлерин башка жакка алып чыгып, имаратты бошотуп берүүсүн талап кылабыз.

1943 -1958-жылдары ушул айыл райондун борбору катары саналып, мында бир топ социалдык объектилер иштеп турган. 1970-жылы салынган маданият үйү 2011-жылы кулап түшүп, учурда республикадагы маданият үйү жок айыл өкмөттөрдүн катарын толуктайт.

Жыйынга чогулгандар быйыл президент демилгелеген " Тарых жана маданият" жылынын урматына ушул маселелерди да чечүүнү суранышты. Мындан сырткары бузулган жолдорду оңдоо жана айылдык ооруканага Тез жардам унаасын алуу маселелери да бар.

Жашоочулардын өз көйгөйлөрүн кайрылуу аркылуу эмес, аргасыздыктан тынч жыйындар жана акциялар аркылуу жеткирүүсү жергиликтүү бийликтин эл менен туруктуу иш алып барбагандыгынын натыйжасы. Мындай пикирин айткан саясий илимдердин доктору Айбек Артыкбаев буга ар кандай себептер бардыгын белгилейт.

- Мындан эч кандай жамандык издебеш керек. Кандайдыр бир өзгөрүүгө баруу үчүн сөзсүз түрдө ушундай жагдайлар болушу зарыл. Анткени "бала ыйлабаса эмчек кайда" дегендей, булар айтпаса ошол бойдон калып кетмек. Биринчи кезекте эл арасында ушундай маселенин жаралышы жергиликтүү бийликтин, экинчи жогорку өкмөттүн да ишинин чабалдыгынын бир белгиси. Алардын маселени чечүүдө иш билбестиги көрүнүп турат. Ошол себептүү тургундар аргасыздыктан ушул кадамга барып жатышат.

100дөн ашык айыл тургундары катышкан элдик жыйынга облустук бийликтен чакырылгандыгына карабай эч ким келген жок. Ал эми район акиминин орун басары тийиштүү райондук тармактык жетекчилер менен келип катышты. Жыйын соңунда талаптар жазылган резолюцияны бийликке тапшырып, аны аткарууга бир айлык мөөнөт беришти. Эгерде талаптар аткарылбаса, элдин агымы нааразылык митингдер менен коштолору эскертилди.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG