Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Ала-Букага кошумча күч кетти


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда улуттар аралаш жашаган айылдарды күзөтүү үчүн кошумча күч жөнөтүлдү.

Буга чейин аталган аймакта кыргыз жана өзбек уландарынын ортосунда жаңжал чыккан. Иш териштириле баштаганда айыпталуучунун баш коргоо чарасы тууралуу сот чечимине нааразы тарап 25-сентябрда жаңжал чыгарууга аракеттенди.

Ала-Буканын Достук айылында 8-сентябрда түнкүсүн кыргыз жана өзбек тектүү балдар ортосунда уруш чыккан экен. Облустук ички иштер башкарма жетекчиси Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга байланыштуу эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылган. Айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгаруу чечимине жабырлануучулар нааразы болууда дейт Нурдинов:

- Бирөөсүнүн жарааты жок болот, экинчи тараптыкы жеңил жараат болот. Анан сот аларды үй камагына чыгарып жиберет. Кийин арыз облустук сотко жазылат. Облсот да үй камагына чыгаруу чечимди күчүндө калтырат. Анан жабырлануучулар мындай чечимге нааразы болуп, камап бересиңер деп чуу чыгарып, сотко барганда сот жок болуп калат. Анан райондук милицияга келет, ал жакта судья менен прокурор отурган болот. Сот чыкканда анын күрмөсүн айрып коюшкан. Прокурор да чогулган элдин арасында тарткы-түрткүдө калган.

Жогорку Соттун маалыматына ылайык, ур-токмокко алынган судья мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жаткырылды.

Облустук милиция башчы Малик Нурдинов райондо коопсуздукту күчөтүү максатында облустан кошумча күч жөнөтүлгөнүн билдирди:

- Эки элдин ортосунда уруш, жаңжал чыгып кетпесин деп, кошумча күч жөнөттүм. Ал жерде коомдук тартипти сактоо, улуттар аралашып жашаган айылдарды күзөтүү үчүн жүздөн ашуун кызматкер жөнөттүм.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 25-сентябрда райондук милициянын алдына 300дөй адам топтолгон.

Учурда айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү жагы каралып жатат.

Облустук соттун төрагасы Рысбек Шүкүралиев айыпталуучунун үй камагына чыгарылышы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иш козгогон. Бул өтө оор эмес кылмыш деп эсептелет. Биринчи инстанциядагы сот аны үй камагына чыгарган. Кечээ облустук сот ал чечимди күчүндө калтырган. Өкүм чыккан күнү тынч эле болгон. Бүгүн айыпталуучунун камалбай калганын угуп чогулуп чыгышкан экен.

Бул окуя улут аралык жаңжал мүнөзүнө ээ болгонун фактылар айтып турат. Бирок кантсе да Ала-Бука райондук акимчиликтин аппарат башчысы Гүлжан Асанова жаңжалды жеке адамдардын өз ара мушташы деп сыпаттады:

- Кырдаалды көзөмөлдөп атабыз. Абал тынч. Маселе чечилип атат. Эч кандай улут аралык араздашуу жок. Бизде Ала-Буканын борборунда кыргыз-өзбек аралаш жашайт. Камалган адам өзбек тектүү, жабырланган кыргыз тектүү жаран. Ошондон улам эле ушундай сенсация болуп кетти. Улуттук маселе көтөрүлгөн жок.

2010-жылы июнда Ош жана Жалал-Абад шаарларында кыргыз-өзбек ортосунда кандуу кагылыш болгон. Ошондон бери дегеле эки улут өкүлдөрү аралаш отурукташкан аймактарда улуттар ортосундагы чырлар эң талылуу маселе болуп саналат.

XS
SM
MD
LG