Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Сот жана прокурор токмоктолгон Ала-Букадагы кырдаал боюнча ачакей пикирлер айтылууда. Жергиликтүү бийлик абал тынчып калганын билдирсе, окуяга көз салган укук коргоочулар ички чыңалуу бар экенин айтып жатышат.

Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскуловдун айтымында, аймакта кырдаал тынч. Учурда жер-жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бийлик органдары нааразы тарап айткан талаптарга чара көрүү жагын карап жатат.

- Нааразы тараптын талаптары боюнча сүйлөшүп, Жогорку Сотко, Соттор кеңешине жазып атабыз. Ошолордун талабы боюнча бүгүн Жогорку Соттун судьясы жана облустук соттун төрагасы келди. Милициядагы кадрдык маселелер боюнча да сүйлөшүп жатабыз. Милициянын коопсуздук кызматкерлери элдин шарттарын аткаруу багытында иштеп жатат.

8-сентябрда райондогу Достук айылында кыргыз жана өзбек улутундагы балдар уруша кеткен. Бул окуя боюнча өзбек улутундагы бир туугандар Рахмидин жана Шухрат Эгембердиевдерге "ээнбаштык" беренеси боюнча айып тагылып, алар 24-сентябрда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Буга нааразы топ чечим чыгарган сот Абибилла Жаримбетовду ур-токмокко алышкан.

Ал эми 26-сентябрда Ала-Букада 150дөн 300гө чейинки адам чогулуп, райсоттун төрагасын, райондук прокурорду жана башка кызмат адамдарын кетирүү талабын айтып чыгышты. Алар бул талаптарды аткаруу үчүн он күн мөөнөт чектеди. Ушул эле күнү ээнбаштык боюнча айыпталып жаткан бир туугандардын баш коргоо чарасын башка судья кайрадан карап, алар эки айга камакка алынды.

Ушул тапта Жогорку Соттун судьясы Абиджан Исаков абал менен жеринен таанышып, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Ала-Букада жүрөт. Аталган мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, Исаков эки маселени иликтейт.

- Биринчиси, Жаримбетовдун өзүнүн сабалганы боюнча факт. Экинчиден, анын бир тууган Эгембердиевдерге карата чыгарган баш коргоо чарасы тууралуу чечими изилденет. Ал эми нааразы болгон тараптын судьяны кызматтан алуу талабы боюнча азыр айта албайбыз. Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында дагы тааныштырып турабыз.

Буга чейин аймактагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Жалал-Абаддан жүзгө чукул кошумча милиция жөнөтүлгөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирген болчу. Бирок ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары Курсан Асанов Ала-Букада азыр кошумча күч жоктугун, кооптонуу негизсиз экенин айтып жатат.

- Бул жакта коомдук-саясий абал туруктуу. Нааразы тарап кечээ жергиликтүү укук коргоо органдарын, сотту алмаштыруу боюнча бир канча талаптарын айткан. Кошуна аймактан 5-10 милиция барган экен, алар дароо эле кеткен. Мен жалгыз эле бардым. Кошумча күч жок ал жерде. Азыр бардыгы көзөмөлдө.

"Ооруну жашырсаң..."

Анткен менен окуяга көз салган укук коргоочулар ички чыңалуу бар экенин айтып жатышат. Ала-Букадагы “Эгида шанс” коомдук фонддун жетекчиси Елена Иванова да ушундай пикирде.

- Мурда деле баары тынч, баары жакшы деп айтып келишкен. Мен ар бир жолуккан жерде “үстүнөн тынч көрүнгөндөй болуп жатат” деп айтып жатам. Ошол учурдагы сотту жана прокурорду ур-токмокко алганын көрсөңөр абдан коркунучтуу. Ушунчалык жек көрүү бар. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин үстүрт эмес, элдин ичинде жүргүзүш керек. Ар кайсы уюмдар келип, бир-эки күн акцияларды өткөрүп атат. Бирок олуттуу, узак мөөнөттүү иш алып барыш керек. Мен эки тарап менен тең сүйлөштүм. Баары бир чыңалуу, жек көрүү бар экени сезилет.

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо борборунун Жалал-Абаддагы өкүлү Адыназар Маматисламов сот, укук коргоо органдары калыс иштесе, мындай жаңжал чыкмак эмес деп эсептейт.

- Кырдаалдын бардыгы сот, тартип коргоо органдарына такалып, ошолорго нааразы болуп жатпайбы. Ар бир ушундай чыңалуудан шылтоо чыга берет. Буга чейин деле чыгарылган чечим боюнча түшүндүрүп, негиздеп берсе, тараптар түшүнүү менен эле мамиле кылып жүргөн. Мен кооптонууга негиз жок деп айта албайм. Мисалы, нааразы тарап чара көргүлө деп он күн мөөнөт койду. Эгер көрүлбөсө, алар кандай аракетке барышары мага белгисиз.

2010-жылы июнда Ош жана Жалал-Абад шаарларында кыргыз-өзбек ортосунда кандуу кагылыш болуп, ондогон жарандар набыт болгон. Ошондон бери дегеле эки улут өкүлдөрү аралаш отурукташкан аймактарда улуттар ортосундагы чырлар эң талылуу маселе болуп саналат. Эксперттер бийликтин элдештирүү, ынтымакка чакыруу иш-чараларынан жакшы майнап чыкпай жатканын белгилеп жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG