Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Ала-Букада жапырт мушташ чыкты


16-майда Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында мектеп окуучулары арасында чыр чыгып, бирөө ооруканада.

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Накен Касиев мушташкан тараптын биринчиси-жергиликтүү өзбек тектүүлөр, экинчи топ кыргыз окуучулар экенин билдирип, бирок окуя этностор аралык араздашуу эмес, күндөлүк кезек талашуудан чыкканын кошумчалады.

Сафед-Булан айылындагы мазарга эс алганы барган Ала-Бука айылындагы Орозалиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары менен жергиликтүү окуучулардын чыры мазардагы үңкүргө кирүү үчүн кезек талаштан чыккан. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Накен Касиев билдирди:

- Чынын айтканда, эки тарап эки улуттун балдары. Ошол жерде жашагандар - өзбек тектүүлөр, эс алганы баргандар - кыргыздар. Бирок бул улут аралык маселе эмес, андай жерде кыргыз менен кыргыз деле урушуп кетиши мүмкүн. Күнүмдүк тиричилик шартында эле чыккан чатак. Бүгүн биздин агенттиктин кызматкерлери окуяны териштирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү кетишти.

Ала-Бука районунун борбору Ала-Бука айылындагы Орозалиев мектебинен 11-класстын 21 улан-кызы барган. Накен Касиевдин айтымында, аларды алып барган унаа таш менен урулган. Ал эми Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караган Сафед-Булан айылынын окуучуларынын саны 25тей болгон. Ала-Бука райондук оорукананын башкы дарыгери Адашпай Сарыбагышев Орозалиев мектебинин окуучулары кайрылганын билдирди.

- Кечээ бизге беш улан, бир кыз болуп алты окуучу келген. Анын ичинен бирөө ооруканага жаткырылды. Мээси чайкалган, абалы орто. Калгандарын улам келип көрүнүп, дарыланууга жибердик.

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Усупбек Турабаев ата-энелер, аксакалдар жана тийиштүү органдардын өкүлдөрү менен бүгүн кечке түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

- Бул окуяны улуттар аралык окуяга айландырууга аракет кылгандар болдубу, айтор ушул өңүттөгү сөздөр көбөйүп кетти. Ошондуктан биз бүгүн айыл округундагы төрт айылдын ар биринде “бул күнүмдүк тиричиликтен чыккан чыр” деп түшүндүрүп жүрөбүз. Бул жерде мазар, музей комплекси бар, ага жыл сайын жаштар эс алганы келет.

Райондук милиция аталган окуя боюнча “бейбаштык” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев буларды билдирди:

- Мен Сафед-Буланда жүрөм. Окуучулар жана алардын ата-энелерин экинчи тарап менен беттештиргени райондук ички иштер бөлүмүнө алып баратабыз. Аймакта абал тынч, кырдаал көзөмөлдө. Биздин район көп улуттуу, жарымы аралаш жашайт, ошондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бул аралыкта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги баштаган күч кызмат жетекчилерин чогултуп, райондордо болуп жаткан окуялардын себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды. Ал бүгүнкү жыйында аталган жетекчилерге мындай деди:

- Акыры тартип болобу же болбойбу?! Окуя болгон жерлерде уюштуруучулар бар да, же өздөрү эле көчөгө чыгып атабы? Эмнеге ошолорду таппайсыңар? УКМК, “бул уюштуруучу, ал уюштуруучу” деп жакшынакай маалымат бересиңер, эмне үчүн ошонун аягына чейин чыкпайсыңар? Андай болсо прокурордон санкция алып, ошолорду алып барып камабайсыңарбы? Андайлар качанкыга чейин буйрук кылат, бийлик барбы же жокпу?

Премьер-министр жаңжалдардын алдын алуу иш-чаралары жүрбөгөндүктөн, жергиликтүү бийлик жетиштүү аракет көрбөгөндүктөн ушундай окуялар чыгып жатат деп эсептеди.

Бир күн мурда Чоң-Алайда Кара-Казык кенине байланыштуу жаңжал чыгып, аким сабалганы маалымдалган. Ал эми Таласта Жерүй кенин иштетүүгө каршы чыккандар мөөнөтсүз митинг жана ачкачылык акциясын баштаганын жарыялашкан.
XS
SM
MD
LG