Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Алибий: АКШда сегиз жылда адвокатка 10 миң доллар төлөдүм


Алибий Музуретбек уулу
Алибий Музуретбек уулу

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү эки өлкөгө каттоо үчүн беш жылдык виза боюнча жаңы макулдашууга апрель айында кол коюшту.

Кыргызстандыктардын АКШга миграциясы эгемендиктин алгачкы жылдары эле башталды. Түрдүү эсептер боюнча учурда Кошмо Штаттарда отурукташкан кыргызстандыктардын саны 20 миңге чейин жетет. Ошол эле учурда бул өлкөнүн ар тарабында мыйзамсыз жүргөн мекендештер миңдеп саналат.

Алибий Музуретбек уулу 2006-жылы Бишкекте жогорку окуу жайды аяктап, Пенсильвания университетине тил үйрөтүүчү курска барган. Үч жарым ай окугандан кийин Кошмо Штаттарда саясий баш паанек сурап калууну чечкен. 22 жаштагы жигиттин мындай чечимине ал кездеги Кыргызстандагы кооптуу саясий кырдаал себеп болуптур. Алыскы өлкөдө сегиз жыл, 56 күн жүрүп, жети жылда беш сот процессине катышып, бирок легалдаша албай, кайра өз мекенине кайтып келди.

Ушул тапта Таласта жүргөн Алибий мырза менен телефон аркылуу байланышып, АКШда башынан өткөргөн тажрыйбасы менен бөлүшүүнү өтүндүк.

Мыйзамдаша албай жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Алды 18 жылга чейин жүргөндөр бар.

Алибий: 2006-жылы мамлекетибизде коогалаңдуу кырдаал күч ала баштаган соң кайрылып баргандан өзүм баш тартып, ойлонуп, үйдөгүлөр менен акылдашып, бир аз калып иштеп, анан мекенге кайтсам деген ойго келдим. ​Анткени мен Кыргызстанда жүргөндө бийликке каршы турган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болчумун. АКШда баш-аягы сегиз жыл, 56 күн жүрүптүрмүн.

"Азаттык": Сегиз жыл аралыгында сизди полиция кармадыбы? Ошол жакта мыйзамдашып калууга кандай аракеттерди көрдүңүз?

Алибий: Сегиз жыл ичинде эч кандай мыйзам бузган жокмун. Бир да жолу полицияга кармалган жокмун. Мыйзамдашуунун мигранттар үчүн үч-төрт эле жолу бар. Ошолордун биринчисин мен өзүмө тандап алгам - бул саясий качкын макамын алуу менен ошол жакта калуу. Мен адвокат аркылуу бардык кагаздарды тапшырып, анын баары сегиз жыл каралып, анан аягына чыкты.

"Азаттык": Легалдашуу узак процесс эмеспи. Кандай баскычтарды өттүңүз?

Алибий: Адвокатка барып, андан кеңеш алып, анан ишке кириштим. Кошмо Штаттардагы кыргыздар деле көп нерсени билип калышты, азыр баргандарга өзүлөрү деле кеңеш бере алышат. Ошентсе дагы адвокат менен акылдашып алган оң болот. Анан адвокатка өз өмүр баянын, таржымалын айтып берсе, ошого жараша мыйзамдаштыруу жолун таап беришет.

Созулган сот, чечилбеген макам...

"Азаттык": Сиз өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, адвокатты кайдан таптыңыз? Ага канча акча төлөдүңүз? Биринчи сот процесси качан болду? Анан эмне үчүн сот сегиз жылга созулду?

Алибий: Мен АКШга 2006-жылы 31-октябрда бардым. Өзүмдүн кагаздарымды бир жыл өткөн соң гана чогултуп тапшырдым. Ал жакта Өзбекстан, Казакстан, Украинадан келгендер көп. Менин адвокатым илгери барган украиндердин небере-чөбөрөлөрүнүн бири, ошол жакта билим алган Татьяна деген аял эле. Кагаздарымды кечиктирип бердим окшойт, белгиленген мөөнөткө жетишпей калгандыктан менин ишим созулуп кетти. Бирок сегиз жылдын ичинде 10 миң доллардан ашык акча кетти.

"Азаттык": Канча жолу сот процесси болду жана сот эмненин негизинде сиздин документтерди кайра-кайра кайтарып, сиздин макамыңызды чечпей турду?

Нью-Йорктогу кыргыздар Түрк элдеринин фестивалында
Нью-Йорктогу кыргыздар Түрк элдеринин фестивалында

Алибий: Кагаздын баарын тапшыргандан кийин бир жарым ай өткөн соң интервьюга чакырышат. Иммиграциялык офиске барып, ал жерден берилген суроолорго жооп бересиң. Эки жумадан кийин алар өз чечимин же кат аркылуу жиберет, же кеңсеге барсаң колуңа тапшырат. Мен барсам "сиздин кагаздар бизди канааттандырган жок, биз сиздин кагаздарды сотко жиберип атабыз" дешти. Соттон кагаздарымды алты айдан кийин алдым. Биринчи соттук иш таанышуу ирети эле өттү. Алты айдан кийин иш каралат деп кетиришти.

Кийин менин ишимди караган Пенсильвания штатынын соту рак илдетине кабылып, эки-үч жыл менин ишим ары-бери эле которулуп жүрдү. Анткени судья келе алган жок. Аягында сот ишти карап, канааттандырарлык эмес деп чечти. "Силердин мамлекетиңерде саясий абал оңолду, бийлик алмашты, жаңы президент, жаңы парламент шайланды, куугунтук деген жок, азыр эми бара берсеңер болот", - деди.

Силердин мамлекетиңерде саясий абал оңолду, бийлик алмашты, жаңы президент, жаңы парламент шайланды, куугунтук деген жок, азыр эми бара берсеңер болот.

Бирок мен ал чечимге макул болбой, кагаздарымды топтоп, жаңы материалдарды кошуп, апелляциялык сотко кайрылдым. Ал жакта менин ишимди үч жыл карашты. Эки жолу тең канааттандырарлык эмес деп, кагаздарымды арткакайтарышты. Ошентип сегиз жыл ичинде беш сот процесси болду.

"Азаттык": Адвокаттарга сиз 10 миңден ашык доллар бердим деп атасыз. Албетте, сиз акча таап берүүгө кудуретиңиз жетти. Ошол эле учурда акчасы жоктор эмне кылат? Адвокаттар андай адамдарды карабайбы?

Алибий: Адвокаттар биринчи консультацияны акысыз өткөрүшөт. Андан кийин документ чогулта баштаган кезде 500 доллардан 1000 долларга чейин алышат. Анан сотко интервьюга бараар алдында эки миң доллар алышат. Интервьюдан кийин ишиң оң чечилсе, дагы эки миң доллар алышат. Ошондо жалпысынан беш миң доллар керектелет. Бул деген иммиграциялык кызматтагы интервьюдан соң иш оңунан чечилип калса. Эгер андай болбой, иш сотко өтсө, ар бир сотко чогуу барганда адвокатка 500 жүз доллардан төлөнөт.

"Азаттык": Сиз ошол акчанын баарын төлөптүрсүз, ал эми төлөп атып, акчасы жетпей калгандар эмне кылат? Ара жолдо калабы?

Алибий: АКШдагы соттордун гумандуу жактарын белгилей кетсек болот. Акчаңа же убактыңа байланыштуу улам алты айга ишти кароону жылдырсаң болот. "Мага убакыт бергиле, себеби ооруп атам, же кагаздарымды күтүп атам, же азырынча каражатым жок" деп болгонун болгондой айтса, алар жылдырып берет.

Мигранттар мунапысты күтүүдө

"Азаттык": Сиз жашаган Филадельфияда да кыргыздар көбөйүп калды. АКШда канча жылдан бери жүргөндөр бар? Канча жыл күтүп мыйзамдашкандар бар? Эгер мыйзамдаша албаса, алардын тагдыры эмне болот?

Алибий: Мыйзамдаша албай жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Алды 18 жылга чейин жүргөндөр бар. 1996-1997-жылдардан бери жүргөндөрдү билем. Бирок мыйзамдуу түрдө АКШнын жарандыгын алып кеткендер да бар. Ала албай калгандар болсо, болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, АКШ мамлекети качан мигранттарга мунапыс берет деп күтүп атышат.

Кыргыздардын Чикагодогу кафеси
Кыргыздардын Чикагодогу кафеси

Алар эми Кыргызстанга келгенден коркушат. 10-15 жыл ошол жакта жашап жүрүп, Кыргызстандын жашоосуна көнө алабызбы-албайбызбы деп, абалга сырттан баа бере алышпайт. Ошол себептен Америкада калып жүрө беришет.

"Азаттык": Азыр студенттер жайында эс алып, иштеп келе турган программа менен кетип атышат. Ал жакка барганда тез эле мыйзамдашып аласыңар, акчаны көп табасыңар деп, мындайча айтканда азгыргандар да көп. Сиздин оюңузча бул канчалык туура? Сегиз жыл иштеп келген адам катары эмне айта аласыз?

Алибий: Сиз айтып жаткан Work and Travel программасы 2-4-курстун студенттерине АКШга барып, иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок бара калганда эле жакшы иш табылып, акча таап кетем деген болбойт. Көп студенттерди жолуктурдум, алардан укканыма караганда, АКШга кетүү үчүн беш-алты миң доллар беришет экен. Бул программа негизи үч эле айлык. Бул убакытта алар короткон акчасын таап кете алышпайт. Ошондуктан көбү нааразы болушат. Айрымдары башынан эле АКШда калып иштейм деген максат менен барышат.

Кыялымдагы Америка

"Азаттык": АКШга барып кандай жол менен болсо дагы калып калам деген мекендештериңизге эмне кеңеш айта аласыз?

Алибий: Сегиз жыл иштеп, Кыргызстанга кайтканыма төрт ай болду. Өз баамымда карап көрсөм, эми албетте, ар кимдин ою ар кандай, бирок жаш, чыгаан улан-кыздар үчүн Кыргызстанда акча тапканга мүмкүнчүлүк жок болсо, анда АКШга барып, баштапкы капиталын таап келип, Кыргызстандан бутуна туруп кетсе жакшы эле болот деп ойлойм.

"Азаттык": Төрт айдан бери Кыргызстанда өз адистигиңиз боюнча иштейм деп азыр изденүү жолунда экенсиз. АКШга эми бара аласызбы?

Алибий: Мен Америкада талбай иштедим, капитал топтодум. Ошол эле учурда бул өлкөнү кыдырдым, тил үйрөндүм. Дүйнөгө көз карашым өзгөрдү. Таласка келгенден кийин 13 жыл сүйлөшүп, мен алыста жүргөндө күткөн кызга үйлөндүм. Азыр биз бактылуу жубайларданбыз. Ишке ашырчу план, долбоорлорум бар. Келечекте өзүмдүн тагдырымды АКШ менен үзгүм келбейт. Улуу держава, чоң мамлекет. Мен келечекте биздин тагдырыбыз дагы кесилишет деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG