Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

“Алиппе ТВ”: Сыналгыдан билим ал


“Алиппе ТВ” каналынын алгачкы тынчтык сабагына президент Роза Отунбаева жана Эл аралык электробайланыш бирикмесинин жетекчиси Хамадун Туре да катышты.
“Алиппе ТВ” каналынын алгачкы тынчтык сабагына президент Роза Отунбаева жана Эл аралык электробайланыш бирикмесинин жетекчиси Хамадун Туре да катышты.

29-августта Бишкекте биринчи жолу сыналгы аркылуу окуучуларга билим берген “Алиппе ТВ” аттуу канал ачылды. Бул каналда жуманын алты күнү мектеп окуучуларына арналган сабактар өтүлүп турмакчы.

Мындан тышкары "Алиппе ТВге" кошулган окуучулар сыналгы аркылуу интернетке кирүүгө да мүмкүнчүлүк алышат. Каналдын бүгүнкү бет ачаар сабагына президент Роза Отунбаева да катышты.

Окуучу менен мугалим дайыма байланышта

Мектепте өтүлгөн кадимки эле сабактарды эми окуучулар сыналгы аркылуу көрүп, өздөштүрө алышат. Көрүп гана тим болбостон атайын пульттун жардамы менен сабакка түздөн түз катышууга да болот.

Адила Керималиева
Физика сабагынан мугалим Адила Керималиева буга чейин кадимки класстарда сабак берип келсе, эми ал сабагын түз эфирде өтө баштады. Анын айтымында, сабактар сыналгыда өтүлсө да, окуучулар менен дайыма байланыш болуп турат:

- Беш мүнөттөн кийин математика сабагы баштала турган болсо, бала сыналгынын алдына отурат да, өзүнө тиешелүү идентификациялык номурду терет. Анан ал баланы автоматтык түрдө базада көрөбүз. Ал баланын келгени менин мониторума чыгат. Сабак башталып мугалим жооп берсеңер дегенде, пульттун баскычтары аркылуу жооп берет. Кайсы бир жерди түшүнбөй калса, телефондон смс жазган сыяктуу эле “эже, түшүнбөй калдым, кайталап коёсузбу” деп жаза алат.

Сыналгыдан да интернетке кирсе болот

"Алиппе ТВ" каналы аркылуу 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар мектеп программасындагы дээрлик бардык сабактарды үйрөнүшөт. Ар бир сабак 20 мүнөткө созулуп, окуучулар өз убактысына карата мугалимди жана сабактын саатын тандай алышат. Эң башкысы окуучу кадимки сыналгы аркылуу интернетке да кирип, өзүнө керектүү маалыматтарды издесе болот. Ошол эле учурда атайын электрондук почта аркылуу мугалимге кат жаза алат.

Алмаз Абеков
"Алиппе ТВ" долбоорунун жетекчиси Алмаз Абеков интернетте көңүл ачуучу сайттар жабык болоорун, каналда билим берүүдөн башка окуучуну алагды кыла турган жагдай жок экенин белгиледи:

- Биздин телеканалда жалаң гана билим берүү болот. Ар бир 20 мүнөт сайын сабак өтүлүп турат. Эч кандай жаңылыктар, саясат же оюн-зоок берүүлөр болбойт. Негизги берүүлөр кыргыз тилинде болот. Кийинчерээк орус тилинде сабак бере баштайбыз. Биздин максатыбыз жыл аягына чейин жети тилде сабак берүү.

Жаңы усулдар иштелип чыкты

"Алиппе ТВда" сабактар мамлекеттик билим берүү программасынын негизинде даярдалат. Кээде окуучулардын өтүнүчү менен кошумча сабактар өтүлөт. Канал балдардын алган билимин текшербейт. Бирок окуучуларды шыктандыруу үчүн, ар бир сабакта суроолор берилип турат. Суроолорго биринчи жооп берген окуучуларга белектер да ыйгарылат.

"Алиппе ТВнын" усулдар боюнча адиси Жылдыз Асекова сыналгы үчүн атайын жаңы ыкмалар иштелип чыкканын ачыктады:

- Мугалимдер менен иштеп жатканда, сабактардын сценарийлерин түзгөндө эң кыйыны 20 мүнөттүн ичинде айтыла турган жаңы теманы түшүндүрүп берүү экен. Экинчиси, окуучуларга берилген суроолор. Анткени окуучуларга берилип жаткан суроо да аларды кызыктыра тургандай болушу керек. Алгач кошумча маалымат берилет. Мааалыматтарды жөн эле сөз менен түшүндүрбөстөн анимация колдонулат, видео фрагменттер колдонулат. Анан суроо берилет.

Долбоор окуучунун билим сапатын жогорулата алабы?

Советтер союзу кулагандан бери Кыргызстандагы мектептер билим сапаты начарлаганы айтылып келет. Былтыр окуучулардын билимин баалоо багытында иш алып барган PISA (Programme For International Student Assessment) эл аралык борбору иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, ага ылайык Кыргызстандагы окуучулардын билим деңгээли 65 өлкөнүн ичинен эң төмөн деп табылган.

Роза Отунбаева
Иш-чарага катышкан президент Роза Отунбаева окуучулар үчүн атайын каналдын ачылышын билим берүү багытындагы алгылыктуу аракет катары баалады:

- Биз балким Евразия континентиндеги кайсы бир алыскы өлкө болушубуз мүмкүн. Бирок Алиппе ТВ тобу технологиялык бийиктиктерге жете алды. Бул топ өз эмгеги менен бул программаны түзүүгө жетишти. Демек биз дагы технологиялык бийиктиктерди багындыра алат экенбиз.

Деген менен Алиппе ТВ кадимки аналогдук каналдарга эмес, санарип каналга ылайыкташкан. Ошондой эле бул каналды окуучулар акы төлөп, мүчө болгондон кийин гана көрө алышат. Ал үчүн ар бир ата-эне жылына 4 миң сом төлөйт. Ошондой эле санарип билдирүүлөрдү кабыл ала турган каражаттарды сатып алышы керек. Азырынча бул каналды Чүй облусу менен Бишкек шаары санарип тармактагы 57-канал аркылуу көрө алышат. Октябрдан тарта атайын каражаттар сатыкка коюлуп, андан соң жасалма жандоочу аркылуу каналды бүтүн Кыргызстанга жайылтуу пландалууда.

Долбоор "Алиппе ТВнын" өз каражаты жана Электробайланыш боюнча эл аралык бирикменин колдоосу менен ишке ашууда. Долбоордун жетекчиси Алмаз Абековдун айтымында, теле аркылуу билим берген мындай иш дүйнөдө биринчи жолу Кыргызстанда гана ишке ашууда. Азырынча башка бир да өлкөдө бул долбоордун аналогу жок. Аны ишке ашырууга эки жарым жылдай убакыт сарпталды.


“Алиппе ТВ” - билим берүүчү телеканал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG