Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Жаз келип, бак-дарактар бүрдөп, жерге көк чыгары менен айрымдар аллергиядан жүдөйт. Маселен, чүчкүрүп, мурдунан суу куюлуп же жөтөлдөн жабыркагандар арбыйт.

Көктөм алды менен аллергиялык акыбалга тушуккандар акыркы мезгилде көбөйүп жатканын адистер белгилешүүдө. Улуттук кардиологиялык илим-изилдөө борборунун аллерголог-дарыгери Жыпара Кыдырова «Азаттык» радиосуна маек курду.

"Азаттык": Аллергия менен сасык тумоонун белгилери окшош болот эмеспи. Ошону алмаштырып алып, туура эмес дарылангандар сиздерге кайрылышабы? Деги эле азыркы тапта аллергия менен кайрылгандардын саны кандай болууда?

Улуттук кардиологиялык илим-изилдөө борборунун аллерголог-дарыгери Жыпара Кыдырова

Улуттук кардиологиялык илим-изилдөө борборунун аллерголог-дарыгери Жыпара Кыдырова

Жыпара Кыдырова: Аллергия жылдан-жылга улам көбөйүп баратат. Бейтаптардын саны да абдан көп. Балким бул дарт мурунтан бери эле бар болчу. Бирок дартты аныктоо туура эмес болуп, эл да түшүнгөн эмес. Азыр эл билип калды. Бейтаптар аллергия деген эмне экенин, кантип башталарын, жалпы белгилерин билип эле дароо бизге кайрылышат. Мурда болсо көптөр аны сасык тумоо деп ойлошуп, ага каршы дарыларды иче беришчү.

Бирок сасык тумоо бир-эки айга уланбайт да. Анын үстүнө сасык тумоого каршы дарылардын курамында С витамини бар. Ал аллергияны ого бетер күчөтүп жиберет.

"Азаттык": Бир мезгилде күчөп кетчү аллергияларга да токтолосузбу? Алар кайсы учурда козголот?

Жыпара Кыдырова: Мезгил алмашканда козголот. Илгери «поллиноз» деп койчу. Азыр эми «аллергиялык ринит» дешет. Аллергиялык ринит чөп бышканда, бак-дарак бүрдөгөндө башталат эмеспи. Бирок ар бир адамдын аллергиясынын себеби өзгөчө болот. Маселен, кээ бириники жай толгондо же буудай, арпа сыяктуу дан өсүмдүктөрү бышканда, айрымдардыкы күзүндө, мөмө бышканда же отоо чөптөр чыкканда козголот.

"Азаттык": Аллергиялык дарттардын белгилери кандай болот?

Жыпара Кыдырова: Чүчкүрүп, бышкырып, кээ бириники деми кыстыгат. Аллергиянын сөзсүз түрдө козгоочу бир себеби болуш керек. Маселен, аллергендик чаң же чаңчалар мурдуна кирсе, ошону менен деп алса анан козголот. Бул эми бир мезгилде козголчу аллергиянын белгилери.

Тамак-аштын аллергиясы да бар. Маселен, кандайдыр бир азыкта козгогуч бар болсо, аны жегенде кишинин денесине бөрү жатыш чыгып, же жара болуп ырбап кетет. Синтетикалык кийим, темир-тезектен да козголот. Андыктан алгач козгоочусун табыш керек, ошондо гана дарылоо туура болот.

Сасык тумоого каршы дарылардын курамында С витамини бар. Ал аллергияны ого бетер күчөтүп жиберет.

Кээде бир эле адамда аллергиянын бардык түрү да чогулушу мүмкүн. Маселен, бир эле учурда жаз айларында чүчкүрүп жаткан адам, аллерген азыкты жеп алса акыбалы кыйындап Квинке шишигине чейин кабылышы ыктымал. Дары-дармектин аллергиясы да өтө опурталдуу.

"Азаттык": Эми муну алдын алуунун жолдору барбы? Кантип аллергиялардан сактана алабыз?

Жыпара Кыдырова: Дагы бир ирет баса белгилегим келет, аллергия үчүн сөзсүз бир себеп болот. Ошол себепти тапканда гана туура дарыласа болот. Мен байкагандан 2014-жылдан бери көзгө көрүнбөс мурун кап чыкты. Аны мурундун ичине киет, ал абаны кадимкидей чыпкалап өткөрөт. Дем алууга же сүйлөгөнгө тоскоол болбойт.

Экинчи жолу - оору ремиссиялаган учурда же козголбой турган чакта алдын алуучу дары-дармек ичсе болот. Ал эми тамак-аштын аллергиясын атайын адис менен аныктап, кайсы азык аллерген экенин билгенден кийин ичкен-жегенди көзөмөлдөгөн оң.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG