Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Катчынын иши мэрге жакпай калдыбы?


Бишкек мэринин маалымат катчысы Гуля Алмамбетованын күтүүсүз кызматтан алынышы ар кандай талкууларга жем таштады.

Бир жылдан бери мэрдин маалымат катчысы болуп иштеп келаткан Гуля Алмамбетова кызматтан кетээрин 10-мартта уккан. Бишкек мэри Албек Ибраимов бөлмөсүнө чакырып, “өз каалоом менен” деген негизде арыз жазып иштен кет деген талап коет. Алмамбетова кызматтан бошотулушуна ачык-айкын иш алып баруусу себеп болду деген пикирде.

- Позициям дайыма ачык-айкын. Кайда болбосун ачык иштегим келет. Менин оюмча мамлекеттик система болобу, же муниципалдык система болобу элге жакын болуш керек. Кайсы жетекчи болбосун ишин өз үйүнө айлантпашы керек. Кыскасы менин принциптерим мэрге жакпай калды окшойт. Негизсиз иштен кетүүгө аргасыз болдум.

Бул боюнча Албек Ибраимовдун өзүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Мэриянын аппараты болсо Алмамбетова өз арызы менен иштен кеткенин кайталоо менен гана чектелди.

Мэрдин мурдагы маалымат катчысы акыркылардан болуп “Азаттыкка” маек уюштурганын эске салып, ал үчүн Ибраимовдун кеңешчилеринин каарына калганын кошумчалады. Анын ырасташынча, мэр Ибраимов тууганы Гүлнара Баймамбетованы кеңешчи кылып дайындап, журналисттер жана коомчулук менен байланышты ошол киши көзөмөлдөрүн айткан. 60 жаштагы Баймамбетова бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Гуля Алмамбетованын иштен алынышы медиа коомчулукта нааразылык жаратты. Айрым журналисттер социалдык тармактарда маалымат катчы ачык иштегени үчүн куугунтукталганын жазып чыгышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматкери Елена Баялинова коомчулук жана журналисттер менен ачык иштешкен маалымат катчынын иштен кетиши мэрияда жашыра турган иштер көп экенинен кабар берет деген пикирде.

- Менимче мэриянын жетекчилигинде башка пландар бар. Балким алар чындап эле жабык иш алып барууну көздөйт. Алар маалыматтарды коомчулуктан жашыргысы келишет. Демек жашыра турган нерселери бар. Болбосо жакшы иштеген кызматкерди эмнеге иштен алышат? Тил табышып иш алып барса болот эле да.

Баялинова да убагында ачык маалымат таратканы үчүн министрликтин "тепкисинде" калган. Ал бийлик өкүлдөрү менен элди байланыштырууда маалымат катчылардын ролу чоң экенин белгилейт.

Журналист Аскер Сакыбаева өнүккөн өлкө жетекчилери ишмердигин интернет аркылуу төкпөй-чачпай жарыялоого ашыгып турган кезде аткаминерлердин маалымат катчыларга болгон өгөй мамилесин түшүнбөйт.

- Маалымат технологиялары өнүгүп адамдардын баарын бир катарга коюп жатат. Ошол эле социалдык тармактарда өлкө башчылары керек болсо жөнөкөй жарандар менен түз баарлашып жатат. Бизге да мындай учурдун келиши алыс эмес деп ойлойм. Бирок акыркы окуялар коомчулукту өкүндүрөт. Бул эскиче иштеген аткаминерлердин саркындысы.

Аткаминерлердин маалымат катчыларды куугунтукташы алгач ирет болуп жаткан жок. Буга чейин былык иштерин коомчулуктан жашыруу үчүн катчыларын кетирип, керек болсо малымат кызматтарын жоюуга аракет кылган учурлар да катталган.

Албек Ибраимовдун мурдагы катчысы Гуля Алмамбетова бул кызматты бир жылдан ашык убакыттан бери аркалап келген. Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG