Линктер

Кыргыз илими Алмазын жоготту


Абройлуу окумуштуу менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрынын имаратында өттү.

Абройлуу окумуштуу менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрынын имаратында өттү.

Молекулярдык биология боюнча сейрек адис, академик, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алмаз Алдашевдин сөөгү 21-июнда жерге берилди.

Абройлуу окумуштуу менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрынын имаратында өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга илимий коомчулук, расмий өкүлдөр, маркумдун жакындары катышты.

Маркумдун замандашы, физика-математика илимдеринин доктору, академик Алтай Бөрүбаев кесиптеши менен түбөлүк коштошуп жатып, Алдашевдин окумуштуулук салмагына мындайча токтолду:

- Кыргызстандагы эң алдыңкы окумуштуулардын бири эле. Жазган илимий эмгектери менен эл аралык кадыр-баркка ээ болгон адам болчу. Ал молекулярдык биология боюнча өзүнүн илимий мектебин түзгөн, эл аралык аброй тапкан атактуу окумуштуу болду. Биз акыркы төрт-беш жылда чогуу иштеп калдык. Рухий дүйнөсү кенен, деңгээли бийик инсан менен сүйлөшкөн киши ыраазы болуп, канааттануу алчу. Ал чыныгы окумуштуу, чыныгы инсан катары жашап өттү.

Адистердин айтымында, Алдашев ооруну молекулярдык-генетикалык жактан аныктоодо биочип-анализ деп аталган азыркы шартка ылайык жаңы ыкманы ойлоп тапкан жана аны ишке ашырган. Биочип анализи кургак учукту козгогучтардын антибиотиктерге туруштук берүү мөөнөтүн аныктоону 2-3 айдан эки күнгө азайтып, сыркоолорду тез дарылап, өлкөгө социалдык-экономикалык зор натыйжа алып келген.

Академикти акыркы сапарга узатуу

Академикти акыркы сапарга узатуу

Медицина илимдеринин доктору Миталип Мамытов маркум окумуштуу илим үчүн өзүнүн ден соолугун да тобокелчиликке салып, илимий тажырыйба жүргүзүп келгенин, андан улам бир учурда өзү да өпкө дартынан жабыркаганын, мындай эрдик ар бир эле илимпоздун колунан келбей турганын айтып берди:

- Тактап айтканда бул киши өпкө дарты тууралуу терең изилдеди. Андан кийин илимди реформалайм, анын барк-баасын көтөрөм, илим жаатындагы кыйынчылыктарды ордуна келтирем деп чын дилинен аракеттенди. Менимче, ал бул дүйнөдөн ошонун айынан эле кетти окшойт. Өзүнүн аракетинде анча-мынча жылыш болду, бирок илимдин өспөй жатканына өтө катуу күйдү. Илимге өкмөттүн да, парламенттин да, коомчулуктун да көңүл бурбаганы - бул кишини оорутту.

Мамытов Алмаз Алдашев генетика илимине да зор салым кошуп, кыргыздар менен дүйнө жүзүндөгү башка улуттардын канын салыштырып изилдеп, окшоштуктарды жана айырмачылыктарды тапканын кошумчалады:

- Кыргызстанда мындай күчтүү генетик болгон эмес. Ал кыргыздын канын изилдеп, кыргыздарда арий элдин ДНКсы бар экенин тапты.

Алдашев деген фамилия кыргыз журтчулугуна эзелтен тааныш. Алмаз Алдашевдин чоң атасы Алдаш Молдо кыргыз эл агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын, “замана” агымынын өкүлү болгон. Ал 1874-жылы Жети-Өгүз аймагындагы Ак-Кочкор айылында туулуп, 1930-жылы Ысык-Көл кылаасында дүйнөдөн кайткан. Атасы окумуштуу, жазуучу Абдулкай Алдашев 500дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монография, 11 ойлоп табуунун, эки окуу куралынын автору. Анын жетекчилиги менен илимдин бир нече доктору тарбияланган. Жазуучу катары “Жер төлөдө ой толгоо” аттуу романы менен белгилүү.

Алмаз Алдашев менен коштошууга келген эл

Алмаз Алдашев менен коштошууга келген эл

Алмаз Алдашевди көп жылдан бери жакындан билген журналист Нарын Айып маркум окумуштуу 150дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде АКШнын, Европа менен Орусиянын атактуу илимий журналдарында жарыяланган 80ден ашык фундаменталдуу илимий иштердин автору экенин, абройлуу Nature аттуу илимий журналда өз макаласын жарыялаган Борбор Азиядагы жалгыз илимпоз болгонун белгиледи:

- Жазган илимий макалалары чет өлкөлүк журналдарда жарыяланып турчу. Батышта жума сайын эмгектери пайдаланылган авторлордун рейтингин санап турган журнал бар. “Кайсы илимпозду, кайсы макаласы үчүн, ким атын атады” деген изилдөө жүргүзөт. Ошол эсеп боюнча Алдашев Кыргызстанда биринчи орунда турчу. Аны бул жактагы кыргыздар такыр билген эмес. Себеби ал журналдар чет өлкөдө англис тилинде чыкчу. Азыр ал журнал сайт болуп калды. Мурда жума сайын чыккан журнал болчу.

Нарын Айып академик Алмаз Алдашев "Томсон-Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эмгектерине эң көп шилтеме берилген окумуштуу болгонун айтты.

Алмаз Алдашев

Алмаз Алдашев

Академик Алмаз Алдашев илимий-педагогикалык ишмер катары да белгилүү. Маркумдун жетекчилиги менен 12 кандидаттык жана төрт докторлук диссертация корголгон.

Учурда академик Алдашев тарбиялаган 13 адис биохимия, молекулярдык жана клеткалык биология тармагы боюнча АКШнын Жон Хопкинс, Чикаго университеттеринде, Британиянын Кэмбриж университетинде, Германиянын Гиссен жана Гумбольдт университеттеринде жана Швейцария менен Орусиянын лабораторияларында иштешет.

Молекулярдык биология боюнча белгилүү окумуштуу, биохимик Алмаз Алдашев 1953-жылы Фрунзе шаарында туулган. 63 жашында каза болгон маркумдун сөөгү 21-июнда Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG