Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

17-20-декабрда Алтай Республикасынан төрт адамдан турган расмий делегация Талас облусунда болуп, соода, экономикалык, маданий байланышты түзүү жана өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки элдин достугун арттыруу демилгесин көтөргөн уюштуруучулар буга чейин кыргыз-алтай байланышы бийликтин тез алмашып туруусунан улам иш жүзүнө ашпай келгенин белгилешти.

Мындан 5-6 жыл мурда экс-премьер-министр Апас Жумагулов кыргыз-алтай байланышын түзүү демилгесин көтөрүп, заманыбыздын залкар жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматов менен биргеликте Талас облусу менен Алтай республикасынын ортосунда достук көпүрөсүн курууга аракет кылышкан эле.

Түбү бир элдин ушул убакытка чейин соода-экономикалык, маданий байланыш түзө албай келатканына өлкөдөгү саясий туруксуздук себеп болуп келди, деп билдирди Жазуучулар союзунун катчысы Абдымамбет Сариев.

- Буга чейин алтай-кыргыз байланышы боюнча кат жазышып, бул Москвага чейин жетип, Алтай республикасынын администрациясы макул болгон. Бирок улам бийлик алмашып кетип сүйлөшүүлөр токтоп калып, биз тараптан иш жылбай келген. Алтай тараптан бул демилге колдоо таап, көтөрүлүп чыккан болчу.

Абдымамбет Сариев белгилегендей жаңыдан түзүлгөн “Алтай-Талас-Манас” коомдук уюму Алтай республикасы менен өкмөттүк деңгээлде байланыш түзүү демилгесин көтөрүп, Таластын обладминистрациясынын чакыруусу менен Алтайдан атайын делегация келген.

Эки мамлекет, бир калк

Алтайлык жазуучулар биримдигинин төрагасы, акын Бронтой Бедюров кыргыз-алтай достук байланышын өнүктүрүү багытында бир топ убакыттан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келгенин, бирок расмий жолугушуп макулдашууга ушул жылдын соңунда жетишкенин билдирди.

Бронтой Бедюров
- Бүгүн биз Кыргызстанга Алтай республикасынын расмий жумушчу делегациясы Талас облусунун администрациясынын чакыруусу, “Алтай-Талас-Манас” коомунун жардамы менен келдик. Алты күн бою көп-көп жолугушуулар, таанышуулар, сүйлөшүүлөр болду.

Бронтой Бедюров алтайлыктар менен кыргыздардын түбү бир эл экенин, бул элди экиге бөлүп кароонун өзү туура эместигин айтты.

- Алтай, кыргыз элдери дебейли. Биз бир элбиз. Эки башка мамлекетте турабыз. Биз Орусия мамлекетинде турабыз. Силер өзүнчө эгемен мамлекет болуп калдыңар. Азыр жаңы доор, жаңы кылымдын башталышында алтай-кыргыз байланыштары жакшы башталды.

Алтайдын акыны Бронтой Бедюров белгилегендей, кыргыздардын түпкү мекенин жердеген алтайлыктар менен бир туугандык байланышты өнүктүрүү зарыл.

Ар тараптуу кызматташтык

Алтайлык акын ошондой эле замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көп чыгармалары алтай тилине которулуп, өздөрүнүн улуттук жазуучусу катары баалашарын, буга чейин кыргыздын акын-жазуучулары менен чыгармачылык мамиледе болуп келгенин, мындан ары дагы байланыш өрчүй турганын белгиледи.

Ал эми Алтай республикасынын администрация башчысынын тышкы иштер байланышы боюнча орун басары Дмитрий Шепель Талас облусунун жетекчилиги менен экономикалык, соода-сатык, маданий байланыштарды өнүктүрүү багытында протоколго кол коюшканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын каржы министри, тышкы иштер министринин орун басары, маданият жана маалымат министри менен бетме-бет жолугушуп, бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүү боюнча сүйлөшүү жемиштүү болду.

Алтай республикасынын экономика жана инвестиция министри Светлана Буйдышева Талас облусунда чакан ишканаларды ачуу, туризмди жандандыруу, кол өнөрчүлүгүн, айыл чарба, мал чарбачылыгын өркүндөтүү багытында иш алып барышарын билдирди.

Анын пикиринде географиялык шарты абдан окшош Таласта 220 миң адам жашаса, Алтай республикасында 210 миң калк бар. Алардын 70 пайызы айыл жерлеринде жашап, негизинен айыл чарбасы жана мал чарбасы менен алектенишет.

“Кийинки он жыл аралыгында Алтай республикасынын экономикасы өсүп, социалдык абалы жакшырып, айыл-чарбасында, туризм багытында кыйла ийгиликтерге жетишти. Ал жердеги тажрыйбаны кыргыз туугандарга жайылтып, экономикасын көтөрүүгө колдон келген көмөгүбүздү жасайбыз”, - дейт, Светлана Буйдышева.

Анын пикиринде эки тараптуу сүйлөшүүдө миграция маселесин чечүү, кыргыз жарандары Алтайга барып курулуштарда, айыл-чарбасында иштөөгө, мал багууга шарт түзүү боюнча макулдашылып, ошондой эле Алтайда “Достук” маданий комплексин курууга жер участогун бөлүп берүү макулдашылды.

Былтыр Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков алтай-кыргыз байланышын ар тараптуу өнүктүрүү боюнча демилге көтөрүп “Манас-Манаш” деген коомдук уюм түзүп, өкмөттүн деңгээлинде чечилип, ишке ашырылуучу долбоорду ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун колуна тапшырган. Бирок апрель ыңкылабы окуясынан кийин бийлик алмашып бул маселе жабык бойдон калган.

Таластагы "Манас" ордодогу таштагы жазуу.
Ушул жылдын жай айында “Алтай-Талас-Манас” коомдук уюму түзүлүп бир тууган эки элди жакындатууга, маданий, достук байланышты иш жүзүнө ашырууга аракет көрүлө баштады.

Аталган уюмдун төрагасы, жазуучу Кушубек Качыбеков келерки жылы алтай-кыргыз байланышы ишке ашат деген ишенимде.

- Чынында бийлик улам алмашып бул маселе кагаз жүзүндө эле калып келген. Мына эми ортого тышкы иштер министринин орун басары, каржы министри, маданият жана маалымат министри менен жолугушканда алтайлык делегация айтышты, “биз ушул “Алтай-Талас-Манас” коому менен иштешели. Ортодо даанакер болуп турсун. Мындан ары бул иш калбасын, биринчи протоколого кол коюшкандан кийин бул юридикалык жактан чоң мааниге ээ болду”,-деп. Буйруса өкмөттүн колдоосу болсо эле маселе акырындан турмушка ашат.


Манастын туулган жери делген Алтайда “Манас” эпосундагы жер-суулардын, тоо-ашуулардын аты кездешет. Алар Манасты Алп Манаш деп аташып, бул тууралуу темир комузда күүсү бар.

Тили да, дили да окшош

Алтай тууралуу Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев жакында “Алтайдын ошол поезди” деген чакан китебин чыгарды. Анда Алтай сапарында топтогон материалдары, кыргыздар менен тили, дилинин окшоштуктары, Кыргызстандагы жер-суулардын аттары ал жакта көп кездешерин сүрөттөгөн.

Алтай Республикасы Орусия Федерациясынын курамында, Сибирь федералдык округуна кирет. Баш калаасы Тоолуу Алтай (Горно-Алтайск) шаары.

Калкы 210 миң 788 адамды түзөт. Алардын 35,7 пайызы алтайлыктар, 55 пайызы орустар, казактар 2,3 пайыз. Булардан сырткары теленгит, куманды, чалкан, немис, татар, украин, беларус, туба, азербайжандар жашайт.

Археологиялык казууларга таянсак, Алтай өрөөнүндө адамдардын жайгашуусу 1,5 миллион жыл мурда таш дооруна туш келет. Тарыхта биздин заманга чейинки VIII-III кылымда скифтер, III кылымда гунндар жердегени айтылат. 552 жылы Алтайда түрк каганаты түзүлгөн.

Алтай узак убакыт бою калмактардын жунгар хандыгынын борбору болуп келген.
1756-жылы жергиликтүү калк жунгар хандыгын кулатып, орус падышачылыгына өтөт. 1919-жылы Алтайда Совет бийлиги орноп, 1922-жылы Ойрот автоном облусу болуп түзүлөт. 1948-жылы Тоолуу Алтай автоном облусу болуп кайра түзүлөт.

1993-жылдан бери Орусиянын курамындагы эгемен Алтай республикасы болуп өзүнүн Конституциясын, гербин, туусун кабыл алган.

Орус жана алтай тили мамлекеттик тил болуп саналат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG