Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Тоолуу Алтай Республикасынан келген Болот Байрышев көмөкөйдөн ырдоонун чебери. Анын айтымында, байыркы кай, кыргыраа өнөрү алтай, тува, хакас элдеринде сакталып калган.

Көмөкөйдөн чыккан сырдуу үн аркылуу байыркы доордун добушу камтылып, Алтайдын кереметтүү кооз жаратылышы, алакандай элдин жашоосу, Ата Мекенин ач душмандардан коргогон баатырлары даңазаланат.



Көмөкөй менен ырдоонун чебери, Орусия Федерациясынын жана Тоолуу Алтайдын эмгек сиңирген артисти Болот Байрышев кай-кыргыраанын кандайча аткарылышын мындайча чечмеледи:

- Кай-Кыргыраа ыкмасынын башка ырлардан айырмачылыгы - мында негизинен баатырдык эпостор айтылат. Кай же кыргыраа көөдөн аркылуу кызыл өңгөч, тамак, кеңилжээр, көмөкөйдөн добуш чыгарып, кооз кайрыктар менен коштолот. Баатырдык эпостор 4-5 миң сөздөн турат. Аны өнөрпоздор үч-төрт күн тынбай айтышчу.

Болот Байрышевдин айтымында, кай же кыргыраа ыкмасы менен ырдаганда атакаруучулар эле эмес, угуп отургандар да сыйкырдуу добушка арбалышып, транска кирип кетишет. Ал ошондой эле Совет доорунда Алтай өрөөнү боюнча көмөкөйдөн ырдаган төрт-беш эле өнөрпоз калып, ата-бабаларынан калган байыркы бул өнөр жоголуп кетүү коркунучуна кабылганын белгилеп, ушул тапта жаштардын арасында көмөкөйдөн ырдоого өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыраачылар көбөйүп баратканын айтты.

Болот Байрышев бул өнөрдү 26 жылдан бери аркалап, Алтай өрөөнүндөгү шыктуу балдарды кай, кыргыраага окутуп жатканын, көмөкөйдөн ырдоо менен АКШ, Европаны кыдырып чыкканын кошумчалады.

Комузчу, күүчү Кенжебек Алдаяр байыркы кыргыздарда да көмөкөйдөн ырдоо өнөрү болгон деп эсептейт.

- Алтайлыктардын көмөкөйдөн ырдоо өнөрү бизде да болгон. Кандайдыр бир тарыхый себептерден улам Ала-Тоо менен Алтайдын ортосундагы байланыш үзүлүп, кыргыздарда көмөкөй менен ырдоо жоголуп кеткен.

Күүчү Кенжебек Алдаяр мындай божомолду жеке эле ал эмес, башка музыка адистери, ойчулдар да тастыкташканын айтты:

- Биздин белгилүү ойчулубуз Болот Мамай “"Манасты" айытуунун түпкү башаты алтайлыктардын көмөкөй менен ырдоо ыкмасынан турат. Кыргыздын ырчылык дүйнөсүнүн башаты да ушул кыргыраадан башталат. Алтайлыктардын кыргыраа дегени, биздин кырылдап ырдоо дегенди түшүндүрөт”, - деп айткан.

Кыргыздарда көп эле ырчылар, мыкты музыка өнөрпоздору болгону менен ыкшоолуктун айынан көмөкөйдөн ырдоо өнөрүнө көңүл бурулбай келатат дейт күүчү.

Алтайлык кайчы Болот Байрышев кыргыз боордошторуна төмөндөгүдөй аруу тилегин билдирди:

- Кыргыз калкы маданият, искусствону көтөрүү максатында фестиваль өткөрүп, бизди чакырганына өтө кубанычтамын. Мен бул жакка келатканда бир туугандарыма келаткандай толкунданам. Менин кыргыз боордошторум аман болсун!
Таш очогу талкаланбасын,
Тапкан мүлкү чачылбасын,
Эшигиңде мал турсун!
Этегиңди балдар бассын!


Алтайлыктар Тумчук кхөмей – эки үн же бир убакта эки добуш чыгарып ырдоо, сыгыт же сыбысгы-шамалдын доошу сыяктуу, кеңилжерден үн чыгарып ырдоо, хатхара же кыргыраа – көөдөндөн, көмөкөй аркылуу үн чыгарып баатырдык эпосторду айтуу ыкмаларын колдонушат.

Мисалы, Ирина Кензина деген ырчы бир эле мезгилде эки добуш менен ырдоонун чебери. Бул дүйнөдө өтө сейрек кездешүүчү өнөр.



Алтайлыктар казактын домбрасы сыяктуу - эки кылдуу Топшур, кадимки темир комуздай-комыс, кыл кыяктай – икили, чоор сыяктуу-шоор ошондой эле амыргы, камчы, кирлее жана тана-топчы, чаңыра өндүү музыкалык аспаптарды колдонушат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG