Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

"Азаттык" белгилүү публицист, акын, котормочу, публицист Алым Токтомушев тууралуу акын Шайлообек Дүйшеевдин эскерүүсүн сунуштайт.

Атактуу Чыкебиз, Чыңгыз Айтматов: “Канткенде адам уулу адам болот?” деген суроону өзүнүн эли болгон бизге эле эмес, бүтүндөй дүйнө элдеринин алдына коюп кеткени белгилүү. Акыл-эси бар ар бир адам өмүр бою ушул суроо менен башын катырып өтсө керек. Алым бизге, айрыкча бизден кийинкилерге, кайсы бир деңгээлде адам болуш үчүн “Эмне кылуу керек?” деген атамзамандан бери келаткан түбөлүктүү суроого жооп боло тургандай ишти жасап кетти десек аша чаппайбыз.

Алым баарыбыздай эле устат күткөн, бирок шакирт күткөн эмес. Алымдын устаты Пастернак болгон, Алымдын устаты адабият классиктеринин китептери болгон. Бир кызыгы Алым шакирт ээрчиткен эмес. Бирок Алымды шакирттер ээрчиген. Шакирттери Алымды туурап китеп кууп окуп, Алымды туурап жазып, алтургай Алымды туурап ала-була кепка кийгенге чейин барышкан. Мен буга биринчи иретте өзүм жакшы билген жана жакшы көргөн таланттуу акын, маркум Жолдошбек Зарлыкбековду кошор элем. Аны эми толугураак сааты келген кезде айтарбыз.

***

Алым Токтомушевдин журналисттик таланты СССР аттуу акыл менен да, саржан менен да, ой-санаа менен да өлчөп болгус зор өлкө жашоосун токтоткон, доор алмашып, көз караштар, принциптер өзгөрүп, коммунисттик башкаруунун өзүнөн башка дүйнөнү көргөзбөй далдалап турган темир көшөгөсү таптакыр кулап түшкөндөн кийин, адамдар каалаганын каалагандай, ойлогонун ойлогондой айта баштаган заман менен кошо ачылды. Ага чейин, адабий чөйрөдө акын катары гана таанымал Алым, “Асаба” гезитине келгенден кийин коомдук турмуштун кан тамырын кармай билген тамырчыга окшоп, даяр экономистке, даяр саясий баяндамачыга, даяр публицистке айланып чыга келди. Ал адегенде “жаза албайм” деп баш тарткан учуру да болгон, бирок Мелис Эшимканов кожоюндук менен “жазасыз!” деп көшөрүп олтуруп, армиядагыдай: “Не умеешь научим, не хочешь заставим” деп жазбаган ою-боюна койбой туруп алган. Бир эсептен ошонусу жакшы болгон экен. Кийин Алымдын жазгандары “Асабанын” саясий салмагына салмак кошуп, гезиттин калк ичиндеги кадыр-баркын оңбогондой көтөрдү.

Алым менен Шербет...

Экөө тең акын болгон. Бир үй-бүлөдө чыгармачыл бир эле адамдын чыгармачыл адам болушу бир нече адамга татырлык “аш менен башка жүк” болсо, бир үй-бүлөдөгү экөөнүн тең чыгармачыл адамдардан болушу кыжылдаган “кытайдан да көптүк кыларын” элестете бериңиздер. Бирок Алым менен Шербет өмүрлөрүнүн аягына дейре тегирмендин ташындай жуп болуп, өмүр деген агып турган суу болсо, ошол өмүр менен жашоону бирдей айланып, турмушту бирдей тегеренип, бала ордуна ыр багып, ырларын бала кылып бөпөлөп, бири-бири менен ынтымак-ыйманда жашап, артына үлгү боло тургандай из таштап кетишти. Бу жалган дүйнөдө изи калбай, ың-жыңсыз кеткендер канча?

* * *

Бизге чейинки кыргыз жазуучулары Кыргыз адабиятын орус адабияты аркылуу байытып, Пушкин менен Толстойду, Чехов менен Гоголду, Горький менен Бунинди, Есенин менен Маяковскийди которуп, алардын ким экенин окутуп, чыгармаларын үгүттөп, үйрөтүп кетсе, Алым менен Шербет бизге орус акындары аркылуу дүйнө адабиятынын андан кийинки классиктерин которуп, окутуп, үйрөтүп кетти. Биз Алым менен Шербеттен Ахматова менен Цветаеваны, Пастернак менен Осип Мандельштамды таанып билгенбиз. Кыргыз кыртышын жаңы сортттогу үрөн менен байытууну көздөгөн дыйканга окшоп, Алым кыргыз адабиятынын кыртышын Пастернак, Мандельштам, Цветаева, Ахматова, Рильке, Неруда өңдүү таланттардын таасирине тартып, ошолордун жазганындай ырлар менен байыткысы келген. Өзү да ырды ошолорго шыктанып, ошолорду туурап жазып, ошолорду кумир тутуп жашады. Алымдын китепканасы ушундай мастерлердин колго тийгис китептерине өтө бай болчу.

* * *

Алым менен Шербет да эл сыяктуу эле “эрди-катын урушат, эртең кайра табышат, эси кеткен болушат” болуп, урушуп-талашып, кыжылдашкан учурлары болгон. Бирок алар эч качан “а жок, бу жок”, “нан жок, чай жок” деп урушкан эмес. Алар акча талашып, дүйнө талашып урушкан эмес. Алар урушса “Пастернак антип жазган эмес, Рильке минтип жазган” деп, “Анна Каренинаны Толстой өлтүргөн”, “Пушкинди Данте эмес, атак-даңк өлтүргөн” деп урушкан. Алым Пастернакты катуу кадырлап, катуу сүйгөн. Ал аны ыр жазган акындардын бардыгынан, балким Шербеттен да катуу сүйгөн.

* * *

Кезинде Кет Бука келди дегенде опол тоо келсе да козголбогон Чыңгызхан ордунан тура калып тосуп чыгып, төрдөн орун берчү экен деген уламыш бар. Бир кезде мага интервью берген эл акыны Рамис Рыскулов: “Жеңижоктун жети сабын орус тилине которуп окуп берсем, латыштын 70 акыны эсинен танып, “О, кудая тобо, ушундай да укмуш акын болот экен ээ!” деп чалкасынан кеткен” деп айтты эле.

Ошол Алыкебиз кумир туткан Пастернактын, Шербет эжебиз кумир туткан Цветаеванын кумири, немис элинин улуу акыны Райнер Рильке болгон. Баары таптаза, айылдары да, шаарлары да, адам тургай баккан ити, мышыгынан бери таза, такыба, тыкан басып, тыкан жашаган, цивилизациялуу Германиядан Рильке акын айтарабы албаалап-далбаалаган, ачылып-чачылып жаткан Орусияга келип, айыл-кыштагын аралап көрүп, чиркөөсүнө кирип чокунуп, чиркөөсүнөн чыгып бармактай бадыраң менен бир тилим саласын закуска кылып арак ичип олтурган орус мужуктары менен сүйлөшкөндөн кийин ичинде кылдай кири жок, ачык-айрым орус элин жанындай жакшы көрүп калган. Орустун “Слово о полку Игорева” аттуу эпосун окугандан кийин такыр эле кеткиси келбей, Орусияда жашап калгысы келген. Бирок ар кандай себептерден улам жашап калган эмес.

Анан биздин Жеңижоктун жети сабын окугандан кийин латыштын 70 акыны чалкасынан түшсө, Сагымбай менен Саякбайдын “Манасын” окуган немистин 70 эмес, 700 Рилькеси чалкасынан түшмөк экен деп ойлодум.

Ошол өзүбүздүн чапанчан, кызыл жүз, кымыз жыттанып, кара саңсаң тебетей кийип дөңдө олтурган Кет Бука, Калыгул менен Арстанбек, Сагымбай менен Саякбай, Барпы менен Жеңижоктун фонунда мен үтүктөлгөн костюм-шым, ак көйнөк, бутунда жалтылдаган кара туфли, моюнунда кара бабочкасы, ийининде жээрде кайыш сумкасы, башында чаар кепкасы бар арык, манжалары ипичке, кубакай жүз, чылымды кыйшайта тиштеп, түтүнүн түрүлтө үйлөп салам айтпай өтүп бараткан, балким саламдашып өтүп бараткан кыл мурутчан Алымды эстей берем.

Анан бизде да акырындап Пастернакты эмес, Алымды кумир туткандар, Пастернакты эмес Алымды туурап жазгандар, Шербетти эмес, Анна Ахматованы, Марина Цветаеваны туурап жазгандар пайда болду. Анан Алымдын шакирттери, Алымдын мектеби пайда болду. “Алар кимдер?” дегендерге мен биринчи иретте өмүрү кыска болгон, дагы бир таланттуу акын, маркум Жолдошбек Зарлыкбековду айтар элем. Жолдошбектин ичин да, сыртын да жакшы билгендер ал музоонукундай көздөрүн жайнатып кирип келгенде эле кайдан келатканын, кимден келатканын айттырбай билер элек. Анысын өзү да жашыралабай:

- Алым жездемкинен келатам,- деп айтып жиберчү. Жолдошбек Шербет менен бир айылдан, Кочкордун Кара-Суусунан, андан ары эки тоо ашсаң Тянь-Шандын Кара-Кужурунан эмес, Кочкордун Кара-Кужурунан болчу.

- Алым жездемкинен келатам,- деп жиберчү ал шашып.

- Жездеңкинен жөн келаткан жоксуң! - деп демитсек, коюнунан Алымдан “көрсөтпөй сурап келаткан”, биз билбеген, биз көрбөгөн бир акындын китеби чыгар эле. Ошондон көп өтпөй гезит-журналдарга Жолдошбектин окурмандардын башын мыкчыткан, табы Батыш жыттанган, каны Пастернак жыттанган, жаны Алым жыттанган жаңы ырлары жайнап чыгар эле. Алыкул, Айтматов, Байдылдалар Манас менен сүйлөсө, Алыке Пастернак, Мандельштам менен сүйлөчү. Жолдошбек болсо Алым менен сүйлөчү. Көрсө бул деген жашоонун, жаңылануунун, өсүп-өнүүнүн диалектикасы турбайбы. Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев менен канат кагып чыккан кыргыз поэзиясы улам жол узарткан сайын жаңы сөз, жаңы үн менен байыгысы келгени, жаңы кийим кийгиси келгени, жаңыланууга умтулганы жашоонун мыйзам ченеми, жан дүйнөнүн талабы экен да.

Алыке бир күнү, бизге:

- Корол Лирди ит кылдым! -деди. Анан “Корол Лир” жөнүндөгү мына бул ырын окуду.

Карга каак деп, кузгун куук деп көрүнбөй,

Качантадан тирлик изи жок өңдүү.

Какыраган Арабия чөлүндө

Каңгып жүрдү картаялек Корол Лир.

Кайда баары? Кайда баары? Каякта?

Таажымды бер мен падыша кездеги.

Булут жылат жараланган канаттай,

Аны сатып жибергенин эстеди.

Какырайт чөл... кайда башы аягы?

Кайда батат картаялек Корол Лир?

Ата Журтун, араб элин, аялын

Алмаштырган сыйлыгына Нобелдин.

Караан да жок, адам да жок, бир дагы,

Кудай да жок! Болсо, кимди унутту?

Ардактаган досун, жакын тууганын

Алмаштырды сыйлыгына клубдун.

Кең дүйнөлөр келип улам эсине,

Чөл дүйнөгө айланганын түшүнүп.

Ыйлап ийди... ыйлаганда көзүнөн

Көз жаш эмес, агып жатты түкүрүк.

Алым бул ырын канааттанып, өзүнүкүн өзү жактырып, өзүнө өзү тамшанып окуп берди. Негизи эле өзүнүн жазгандарына өзгөчө сонуркап окуган Алым болор эле. Муну биз аябай жакшы билчүбүз. “Асабага”, кийин “Асаба” жабылып, “Агым” болгондо да жарык көргөн макаласын жыргап окуп олтурганы азыр да көз алдымда турат. Ал эми Алым жазган, кылгылыкты кылып коюп өз Мекенинен качып, тентип кеткен Корол Лирлерди четтен тапсак болот. Башкаларды айтпаганда да өзүбүздүн эле Корол Лирлерибизди, “баарын жыргатам” деп келип, жылас кылып кеткен мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди эстесек жетиштүү болор.

* * *

Алым Токтомушев 1947-жылдын 9-январында Жумгал районунун Кайырма айылында туулуп-өскөн. Орто мектепти ошол айылдан окуп бүткөн.

Алыке өмүрүн жалаң жазуучулук ишке арнап, алгач “Мугалимдер гезитинде”, “Кыргызстан маданияты” гезитинде алгач корректор, анан адабий кызматкер, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысынын кеңешчиси, кийин “Асаба”, “Агым”, “Республика”, “Алас” гезиттеринде кабарчы, башкы редактордун 1-орунбасары, акыркы жылдары “Жаңы Ала-Тоо” журналында бөлүмдүн редактору болуп иштеген.

Алым өзү тууралуу чечилип айта бергенди жакшы көрбөгөн менен кээде кызуу болгон кезинде бала чагын, айылда өскөн менен айылдын балдарындай болуп кара жумуш кылбай, алтургай кой да, уй да кайтарбай, кара турмушка аралашпай, “ак кол” болуп, Кайырмага кадыры сиңген чоң апасынын канатында өскөнүн айтып берер эле. Непадам бала кезинде кимдир бирөөлөрдүн ага колу тийип кеткен болсо, чоң апасы ошол замат байлануу турган атка минип, колуна союл алып, Алымды артына учкаштырган бойдон чаап барып:

- Ушул чычкандай баладан башка урушаар бала таппай калдыңарбы!- деп айылды ары-бери аңтарып жберер эле, чоң апам айылдагылардын баары сөзүн эки кылбаган кадырлуу аял болчу, - деп айтып бергенин укканбыз.

Алымдын чыныгы турмушту турмуштан издебей, китептен издеп калганы да ушундан улам болсо керек деп ойлой берем.

* * *

Рилькенин “Ал дарак өзүнөн да бийик өстү” деген ырынын сабы тууралуу, Марина Цветаеванын “Ушинтип өзүнөн бийик өсүп кеткен дарактар да болот. Алар өсүп чыкканча жерден Кудай жардам берет, анан жети катар асманга жеткидей өсүп алган соң, Кудай аны өстүрөм деп убара болбой калат” деп айтканы бар.

Анысыңарындай, Алым Токтомушев да ошол дарак өңдүү өзүн бизге таштап, жети кабат асманды көздөй өсүп кеткен даракка окшош. Бир кызыгы жети саны оруста да ыйык саналат экен. Орустар: “Быть на седьмом небе от радости”, “Видеть седьмой сон”, “”Семеро одного не ждут”, “Семь бед один ответ”, “Семь раз отмер, один раз отрежь” дегендери бар экен. Орустар ошондой эле “Неделя” дегенди эски славян тилинде “седьмица” деп атачу экен.

* * *

Кыскасы: “Өткөндөрдүн салты болбой,

Өсөөр кыргыз калкы болбойт.

Өлгөндөрдүн даңкы болбой,

Тирүүлөрдүн баркы болбойт”, – дейт.

Көзү өтүп кеткен Алыкебиздин китебин чыгарып, анын эми мындан ары жашай бере турган экинчи өмүрүн узартып, эмгегин эстетип, баалап, барктап, даңктап жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна ыраазылыгыбызды билдирип, алкышыбызды айтсак туура болот го дейм.

* * *

Алым кээде ишке келип, планеркда сумкасынан машинкага басылган даяр макаланы планга киргизер эле. Биз “Кимдин макаласы болду экен?” деп кызыксак, ошол кезде “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкы офисинде иштеген, айтылуу публицист Эсенбай Нурушевдин макаласы болуп чыкчу. “Асабага” Эсенбай Нурушевдин, Салижан Жигитовдун макалаларынын жарык көрүшү бир жагынан гезиттин аброюн арттырса, экинчи жагынан моралдык таяныч, бийликке болсо “Көрдүңөрбү, бизге кимдер жазып жатканын!” деген чоң сүр, мактаныч, дымак берип турчу. Ушул жерден айта кетейин, Мелис “Асабадагы” журналисттерди Алым экөөбүзгө бөлүп берип, алардын жарымынын жазгандарын Алым, жарымын мен карачумун. Алым Салижан Жигитовдун да жазгандарын оңдоп, курчутуп, ийлеп туруп чыгарчу. Бирок ал бир гана адамдын жазгандарынын бир да тамгасына, алтургай үтүр, чекитине тийчү эмес. Алтургай макала гезитке беттелип жаткан учурда да көз салып, “тийбегиле, өзгөртүп жибере көрбөгүлө?” деп карап турчу. Ошол адам, учурунда бизге такай жазып, дайыма ал-абалыбызды сурап, байланышып турган авторубуз, мен азыр сөз бере турган таланттуу публицист Эсенбай Нурушев болчу.

* * *

Күндөрдүн бир күнүндө, Мелистин кабылдамасындагы кыз: “Байке сизге кишилер келиптир” деп калды. Чыксам, узундуу-кыскалуу болуп, Алым Токтомушев менен Жаныш Кулмамбетов турат. Учурашып келген себептерин сурасам, иш издеп жүрүшкөн экен. Ошо кезде чындап эле Кыргызстанда жан багуу өтө кыйын болуп турган кез болучу. Мелиске кирип түшүндүрүп чыктым, экөөн тең кызматка алды. Жаныш ушунчалык оперативный экен, макала болобу, майда кабар болобу, тим эле бир заматта жайнатып салчу. Жыргап эле калдык. Тилекке каршы көп турган жок. Башка ишке кетип калды.

***

Кыргыз адабиятынын классиги, Алым жакшы көргөн залкар акыныбыз Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген накыл сөзү бар. Мына ушундай адамды, чыгаан журналист, таланттуу публицист Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык” деген китебин чыгарып эскерип, даңазалаган “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна ыраазылыгыбызды билдирип, алкышыбызды айтып, Роза Исаковнанын өзүнө, фондуна чогуу иштешкен кыздарына бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалап кетким келет.

***

P/S: Алым менен Шербеттин артында өтө бай китепкана калды. Ошол мурасы жоголбой, чачылбай экөөнүн музейинде турса деп тилейм. Келечекте андай музей да түптөө керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG