Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Элчинин аты улук, супарасы курукпу?


«Кыргыз Тышкы иштер мекемелери жарды, ал аз келгенсип, колунда бийлиги барлар кадрдык саясатына кийлигишет», - деп билдирди 15-апрелде парламенттин комитет жыйынында Тышкы иштер министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Ишенбай Абдразаков.

Ал мындай көрүнүш Кыргызстандын беделине доо кетирүүдө деп эсептейт. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев, Жапониядагы Васеда университетинин докторанты Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев.

“Азаттык”: -
Парламент жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер мекемелери жарды, айлыгы аз болгондуктан башка өлкөлөр менен теңата сүйлөшө албай жатканы айтылды. Бул канчалык орундуу?

Асеин Исаев: - Ишенбай Абдразаковду баарыбыз жакшы тааныйбыз. Бул киши өмүр бою дипломат болуп келген. Советтер Союзунун Жапониядагы консулу болгон. Ошондуктан бул ишти абдан жакшы билет.

Байкоочу кеңеш бир жагынан бизди текшерип, экинчиден, бизге жардам берип жатат. Бир жыл ичинде министрликтин кадрдык саясатын, каржы маселесин карап чыгышты. Ошондон улам министрликти сындай бербей, тескерисинче, жардам бериш керек деген корутундуга келишти.

Албетте Абдразаков ата катары сүйлөп жатат. Чет мамлекетке чыкканда, элчилер тең ата эле сүйлөшөбүз, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойбуз. Бул жумушта куру намыстан башка, чындыгында каражат керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Дипломаттардын айлык акысын көтөрүү жагы каралган экен. Бул маселе чечилсе эле өлкөнүн аброю көтөрүлүп, дипломаттар жакшы иштеп калышат деген туурабы?

Каныбек Иманалиев: - Эң негизинен бизге тышкы инвестиция келмейин өнүгө албайбыз. Ал эми аны камсыз кыла турган Тышкы иштер министрлиги.

Үч жагдайды белгилеп кетейин. Биринчиден, биздеги министрликтердин ичинен эң аз айлыкты Тышкы иштер министрлиги алат. Сырткы дүйнөдө Казакстан, Орусияга тең келе албайбыз. Тажикстандан да аз айлык алат, быйыл анын да 10% салыкка кармап жатышыптыр.

Ошондуктан биз үч багытта токтом кабыл алдык. Биринчиси - айлыгынан кармалып алынган 10% салыкты алып салуу жөнүндө, экинчиден, бизде пенсияга кеткен генералдар пенсияга кеткен элчилерге караганда он эсе көп пенсия алат. Ушул жана дипломаттардын айлыгын жок дегенде теңдөө жөнүндө токтом.

Тышкы иштер министрлигинин айлыгын көтөрүү өтө деле көп каражатты талап кылбайт. Министрликте жана сыртта иштеген элчиликтерди кошкондо 400 киши. Айлыкты 50% көтөрүүгө 134 млн. сом керек экен. Ушул боюнча да комитеттин чечимин кабыл алдык.

“Азаттык”:- Кыргыз дипломаттарына барган өлкөсүнүн тилин, жадагалса кыргыз тилди билбейт, ар кандай себептер менен барган мекендештерге орой тиет өңдүү сындар көп айтылат. Ушундан улам суроо туулат: азыркы кыргыз дипломаты кандай болуш керек?

Сейтек Качкынбаев: - Жакында эле премьер-министр “мага тил билген киши эмес, кесипкөй киши керек” деп айтпадыбы. Эгер муну моделдештирип айта турган болсок, бизге “А” эмес “Б” керек деп жатат да. Чындыгында экөөнү бири-бирине карама-каршы кылбай, экөө тең керек деген талап коюш керек.

Ал тилди да билсин, кесипкөй дипломат да болсун. Азыркы дипломатка төрт талап керек. Биринчиси - сөзсүз TOEFLдун документи болушу керек. Мисалы, дипломат болуп, министрликке кызматка алгандан кийин гана TOEFLга даярдаштын кереги жок. Ага чейин интернет же кагаз варианты болушу керек.

Экинчи талап - бара турган өлкөнүн тилин жана кыргыз тилин сөзсүз билиши керек. Азыр Жапонияда жүрөм, анча-мынча жеке, коомдук иштер менен байланышып калганда тилди билбегени зээниңди кейитет.

XS
SM
MD
LG