Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Иманалиев: “Мунапыс тууралуу” мыйзам долбоор даяр


Мунапыс биринчи кезекте түрмөдө отурган аялдарга берилет. Сүрөттө: Степное айылындагы аялдар абагы.
Мунапыс биринчи кезекте түрмөдө отурган аялдарга берилет. Сүрөттө: Степное айылындагы аялдар абагы.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” курган маегинде “Мунапыс тууралуу” мыйзамдын долбоору даярдалып бүтүп калганын айтты.

“Азаттык”: Сиз “Мунапыс тууралуу” мыйзам долбоор даярдап жаткан экенсиз, долбоор качан даяр болот, качан парламентке жөнөтүлөт? Мына абактарда ачкачылык акциясы өтүп, абал курчуп жатат, түрмөдөгүлөрдүн бир талабы да ушул мунапыс берүү болуп атат.

Каныбек Иманалиев: Бул мыйзамдын долбоору даярдалып бүтүп калды. Эртең-бүрсүгүнү биз парламенттин комитеттерине жөнөтөбүз. Негизинен бул Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу. Төрт-беш параметр боюнча мунапыс берилет. Биринчиден, бул түрмөдө отурган айымдарга, балдарга, андан кийин жашы өтүп калган аксакалдарга берилет. Киши өлтүргөн рецивидисттерге, оор кылмыш менен отургандарга мунапыс берилбейт.

Биз Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жана Адилет министрлигинин макулдуктарын алдык. Жалпысынан азыр жаза мекемелеринде 9 900 адам отурат. Ошолордун дээрлик 65-70 пайызына бул мыйзам жеңилдик берет. Бул эми гумандуулук акциясы. Бардык эле өлкөлөрдө ушундай жүргүзүлөт. Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгын майрам деп эсептейбиз. Ошондуктан ага карата “Мунапыс тууралуу” мыйзамдын долбоору иштелип бүттү.

“Азаттык”: Мунапыс берүү иштерин ачык-айкын жүргүү үчүн мыйзам долбордо жол-жоболор каралганбы?

Каныбек Иманалиев
Иманалиев: Ал жерде беренелер боюнча кетет. Ким кандай берененин негизинде жазага тартылган, анан мыйзамда беренелер, жаш курактары жана саны көрсөтүлгөн. Айымдар, балдар жана жашы өтүп калган аксакалдар, анан жеңил жаза менен кириптер болгондор көрсөтүлгөн. Долбоор комитетке келгенде биз алардын баарын так айтып беребиз.

“Азаттык”: Сиз 2007-жылы да ушундай мыйзам долбоор даярдадыңыз эле. Ошол мыйзамга ылайык канча адамга жеңилдик берилди эле?

Иманалиев: Ал мыйзам кабыл алынгандан кийин, азыр так санын унутуп калышым мүмкүн, эки минден ашык адамга жеңилдик берилген. Кургак учук менен ооругандарга да жеңилдик берилип, бирок алар айыккандан кийин өзүнчө этиат жайларда кармоо жагы каралган болчу.

“Азаттык”: Абактардагы абалды угуп атсаңыз керек. 25-марттан бери ачкачылык акциясы өтүп жатат. Бул окуя эмнеден кабар берет? Мунапыс берүү кырдаалды жөнгөрөбү?

Иманалиев: Булардын талаптары канчалык негиздүү экенин аныктап, анан сүйлөшүүлөргө барыш керек. Анан жанагы “Мунапыс тууралуу” мыйзамды кабыл алууну тездетсек кандайдыр бир деңгээлде ошол абалды жумшартууга негиз болот.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG