Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Жаныбарларга кыянаттык кылбайлы


Салтанат Сеитова
Салтанат Сеитова

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлар кескин азаюуда. Жапайы жаныбарларды коргоо борборунун жетекчиси Салтанат Сеитова “Азаттыкка” маек курду.

- Дүйнөлүк Кызыл китепке кирген илбирстин саны Кыргызстанда кескин кыскарып баратканын адистер белгилеп жатышат. Сиздин борбордо канча жаныбар бар?

- Бизде карышкыр, аю, сүлөөсүн, төө, Кызыл китепке кирген бугу, ар кандай канаттуулар, бүркүт, жамансары, тазжору деген жаныбарлар бар.

- 7-апрелден кийин Бакиевдердин үйүнөн да бир топ жаныбарлар сиздерге алынып келинди эле. Ошондо жаныбарлардын абалын оор дедиңиз эле, азырчы?

- Азыр жакшы. Канаттуулардан жугуштуу оорулар менен келген эки-үчөө өлүп калды.

- Кыргызстанда тоолордо жапайы жаныбарлар качып кеткен дешет. Каман, аркар, кулжа алыстап кетти дешет. Ага эмне себеп болууда? Браконьерлер көп болгону үчүн болуп атса керек?

- Ооба, көбүнчө эле ошондон болот. Азыр мылтыкты сатып алган кыйын деле болбой калды. Ошондуктан акчасы барлар мылтык алып эле мергенчиликке чыгып атышат.

- Тоолорго жапайы жаныбарларды кайтаруу үчүн туздарды сээп атышканын уктум эле. Ал иш-чараны сиздер өткөрүп жатасыздарбы?

- Бул иш-чараны биз өткөрбөй эле турабыз, кимдер жасап жатканын да билбейм. Бирок жапайы жаныбарларга жем да, минералдык витаминдер да жетишпей калгандыктан туздарды сээп атышса керек. Анткени жапайы жаныбарлар арасында котур жана башка оорулар көбөйүп атат.

Мен өзүм да мал доктурмун. Чабандар менен сүйлөшкөндө алар да жапайы жаныбарлардан котур менен эхинококкоз оорулары көбөйүп атышканын айтып атышат. Мында жаныбарларды өпкөлөрүндө курттар пайда болот.

Үйдө малдарды дарылоо оңой, жапайы жаныбарларды кыйын болуп атат. Анын үстүнө мергенге чыккандар талаадан эле аркар, кулжа, кийиктерди аткандан кийин ичин жара тартып эле, ичеги-карынын ошол жерге таштап салып жатышат. Аны жеген түлкү, карышкырларга жугуп, алардын заңы чөпкө түшүп, чөптү мал жеп, малдарга да жугуп атат.

- Ошол эле учурда балыктар азайып, айрым түрлөрү такыр эле жок калды окшойт. Суур, кашкулакты жебеген кыргыз эли, азыр жеп калды дегендей... Соңку жылдарда адамдардын жаныбарларга болгон мамилеси өзгөрдүбү?

- Мен бул борбордо он жылдан бери иштеп жатам. Мурда жаныбарларды көрүп келген адамдар таш менен уруп, же кыйкыра берчү. Азыр бир аз андай болбой калды.

- Кээ бирлер "жаныбарларга терс мамиле күчөдү, адамдар жырткыч болуп баратат" деп айтып калышат. Сиз ушундай учурларды байкадыңызбы?

- Анысы деле бар. Көбүнчө мергенчилер көбөйүп кетти. Экинчиден, бизде кийиктин этин, башканын этин жейбиз деген “мода” болуп калды. Андан сырткары кичине акча болсо эле жаратылышка кол салып атышат. Экономикалык абал жакшы эмес, элдин акчасы жок. Чет мамлекеттен кишилер акча төлөп мергенчиликке чыккан учурлар көбөйүүдө.

- Кыргызстанда зоопарк жок. Сиздин борборду Бишкекке которуп зоопарк ачуу планыңыздарда барбы, деги эле мүмкүнбү ачканга?

- Биз муну көп жылдан бери эле ойлонушуруп жүрөбүз. 7-апрелге чейин Бишкектин мурдагы мэри менен да сүйлөшүп, жер ала баштайлы деп жүрдүк эле.

Азыр бизди Германиянын биздикиндей эле “Набу” деген борбору демөөрчүлүк кылышат. Алар азыр борборду Бишкекке көчүрүүдөн коркуп калышты. Биздин көчүргөнгө акыбыз жок.

Экинчиси, бул Жапайы жаныбарларды коргоо борбору бойдон кала берсин, Бишкекке өзүнчө зоопарк ачалы деген пландар бар болчу. Азыр ойлонуп атабыз, иштеп атабыз. Эгер демөөрчүлөр табылса Бишкекке өзүнчө ачалы деп пландап жатабыз. Бизде деле ишкерлер көп, элибиз бар. Ошолор да жардам берсе жакшы болот эле.

XS
SM
MD
LG