Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Мамлекеттик кызматкерлердин декларация толтуруу өнөктүгү


Жалал-Абад облусунун акими Бектур Асанов. 2010-жылдын 22-июну.
Жалал-Абад облусунун акими Бектур Асанов. 2010-жылдын 22-июну.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү башталды. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаевдин айтымында, кирешелери тууралуу так эмес маалымат көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартуу каралмакчы. Ал ортодо адистер коррупцияны жоюуга багытталган бул иш-чарадан майнап аз чыгып жатканын айтууда.

- Кымбат эмес, 1997-жылкы эски машинем бар. Төрт бөлмөлүү батирим, бир эски үйүм, бир дачам бар. Болгон дүнүйөм ушул. Болгону өмүрүмдө үй салганга бир участок алгам, 8 сотик.

Мына ушинтип өз мүлктөрүн “Азаттыкка” тизмектеп берген Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов мамлекеттик кызматкерлердин декларация толтурушун колдойт.

- Мен жылда толтуруп турам декларацияны. Бул аябай керек нерсе. Бардык тапкандарым бүт өзүмдүкү, ошондуктан коркпой эле көрсөтөм. Айлыгым 22 миң сом. Чынын айтканда мен элчи болуп иштегенде чоң айлык алчумун. Жетчү. Менин төрт балам бар, үй-бүлөдө келинчегим болуп алты кишибиз. Алты кишиге 22 миң сом кеңири басканга жетиши кыйын. Менин катарлаш бизнесим бар. Мен мамлекеттик кызматкер катары ишкерлик кыла албайм. Ал ишти менин жакындарым улантып жатышат.

- Бизнесиңиз декларацияда көргөзүлөбү?

- Ал менин келинчегиме жазылып калса көрсөтүлөт. Башка бир туугандарыма жазылса алардын үй-бүлөсү башка, анда көрсөтүлбөйт.

Жоопкерчиликке тартылбайт

Коомчулук арасында айрым мамлекеттик кызматкерлер кирешелери менен мүлктөрүн декларацияда так көрсөтпөйт деген пикирлер арбын. А түгүл айрым аткаминерлердин бизнестери ачык эле маалымат каражаттарында жазылып жүрөт. Өткөн жылы таптакыр толтурбагандар деле болгон. Маалыматтарга караганда, бир катар мурдагы губернаторлор, акимдер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрт депутаты декларация тапшырбагандардын тизмесинен орун алган. Декларация тапшырбагандардын көпчүлүгүн сот органдарынын өкүлдөрү түзгөн.

Мыйзам боюнча декларация толтурбай койгон, же туура эмес көрсөткөн мамкызматкерлер жоопкерчиликке тартылбайт. Мамлекеттик кадр кызматынын директору Чолпонкул Арабаевдин “Азаттык” үналгысына айтымында, кирешелери тууралуу так эмес маалымат көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартуунун жол жобосу иштелип жатат.

- Биз быйыл жаңы нукта, башкача айтканда, Америка элчилигинин жардамы менен атайын бөлмө жасап, декларацияны электрондук вариантта кабыл алабыз. Дагы бир жаңылык катары азыр мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Келечекте кимдир-бирөө декларацияны туура эмес толтуруп, бизге берген кирешеси тууралуу маалымат так болбой турган болсо, аны тийешелүү юридикалык жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун иштеп чыгып атабыз. Акимдик жазага дагы, кылмыш жоопкерчилигине дагы тартыш керек дегенди механизм катары киргизели деп жатабыз.

Президенттин кеңешчиси, мурдагы эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова ушул убакка чейин декларацияны туура эмес толтурганы үчүн бир да кызматкер расмий жооп бербегенин белгилейт. Айгүл айым Кыргызстанда декларация толтурулгандан кийин аны көзөмөлдөөнү сунуштайт.

- Мен азыр президенттин кеңешчиси болуп жаңы кирдим. Айлык канча экенин билбейм. Бирок мурда министр болуп турганда 16 миң сом айлык алчумун. Жолдошум банкта иштейт, анын айлыгы 25 миң сом. Үч бөлмөлүү батирибиз, жолдошумдун машинасы бар. Болгон байлыгым ошол. Кандайдыр бир мекеме же бизнесим да жок. Бирок айлыгыбыз жашообузга жетет. Айылда да жерибиз жок, айылдан жер алабыз деп ала албай койдук. Министр болуп турганда өзүнүн жеңилдиктери бар. Иш сапар менен чыкканда, эл аралык уюмдар алып барганда жолуңу төлөп берет. Жашырбай эле койоюн, ошондо жакшы эле акча чөнтөгүңдө калып калат. Коркуп, ошону туура эмес жазып койсом эртең мамлекет тарабынан жаза болот деген бир да кызматкерди көргөн жокмун.

"Ичтим, жедим, башкага жаздым"

Чолпонкул Арабаев мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин эсептөө жолдору да мыйзам долбоорунда каралат.

- Албетте бизнесин башка туугандарына жаздырып койгондор бар. Муну айрымдары билет. Бирок бүгүнкү күндө бул ачык чыккан жок да. Себеби мыйзамдык база болбогондон кийин биздин да колубуздан келбей жатат. Биз мыйзам түзүп жатканда ушуну да карайбыз. Эгер бизнеси болуп, же болбосо ичип-жеп алып аны башкага жаздырып койсо аны таап, жазалаш керек.

Ал ортодо адистер мамлекеттик кызматтагы коррупцияны жоюуга багытталган бул иш-чарадан майнап аз чыгып жатканын айтууда. Экономист Айылчы Сарыбаев өзгөчө чоң кызматта иштеген кызматкерлердин маалыматы туура эмес деп эсептейт.

- Кыргызстанда бардыгы тескерисинче болуп калган. Күчкө салмайынча эч ким эч нерсесин айтпайт. Бардыгы уурдайт, жашырат. Андыктан бул декларация киргенден бери натыйжа бере элек. Бирок бериш керек, ошого барыш керек сөзсүз. Азыр анын туура, катасын текшериш да кыйын. Эсеп-кысап деген дээрлик жок. Көмүскө экономика күчүндө турат. Өзгөчө чоң кызматта иштеген, ар кандай көмүскө экономиканын үстүндө тургандардын берген маалыматы туура эмес десек жаңылбайбыз.


Мамлекеттик кызматкерлердин декларация толтуруусу Кыргызстанга коррупцияны жоюу максатында, үй-бүлөлүк башкарууга каршы мындан алты жыл мурда киргизилген. Бүгүнкү күндө жалпы мамлекеттик кызматкерлердин саны 35 миң, алардын ичинен декларация толтурчулары 15 миң кишинин тегерегинде. Өткөн жылы 15 миң кишинин 86% өз кирешелери, мүлктөрү тууралуу маалыматты өз убагында беришкен. Декларация толтуруу мөөнөтү 1-январдан 3-мартка чейин созулат.

XS
SM
MD
LG