Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Экс-премьер-министр, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын директорлор кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов "Азаттыкка" берген маегинде өлкөнүн кирешелүү тармактарына токтолду.

«Азаттык»: Кумтөрдөн Кыргызстан алтын уттурду, акчалар жеке чөнтөккө кетти. “Алтын чатагы” боюнча кандай пикирдесиз?

Апас Жумагулов: Мен көрбөгөндөн кийин, колунан кармабагандан кийин андай сөздөрдү айта албайм. Биринчи макулдашуунун долбоору такталып, кол коюлуп, мына иштейт деп аткан маалда алтын комиссиясы менен жаңы өкмөт бизге тапшырды эле. Биз колубуздан келишинче келишимди биринчи барагынан акыркысына чейин оңдоп чыкканбыз. Кен чыккан жерди, фабриканы курган каражаттарын кайра алгандан кийин 72-73% Кыргызстанга, калганы инвесторлордо калмак. Азыр башка пайыздык көрсөткүч экен.

«Азаттык»: Жакында «Азаттыкка» М.Шеримкулов маек берип, “А.Акаев өкмөткө «Камеко» менен «Кумтөр» боюнча келишимге кол койгула деген шашылыш көрсөтмө берген, анан өкмөт аргасыз болгон” деп айтты. “Алтын чатагы” болгон мезгилде ал спикер, сиз премьер-министр элеңиз. Ушул чынбы?

Апас Жумагулов: Бирөөнүн көрсөтмөсү менен аргасыз кол койгон өкмөт өкмөт эмес. Ошондуктан андай түз көрсөтмө болгон эмес. Бирок акыбал ошол убакта кыйын болгон. Мен 1993-жылдын 15-декабрында ишке келдим. Ошол күндөн баштап май айына чейин 4-5 жолу келишим кармалып, токтот, кайра караш керек деген маселелер болуп атты. Ошол эле учурда келишимди бузуп, такыр токтотуу керек деген маселелер болгон.

Биздин максатыбыз ошол убакта кырдаалга карата түз, туура жол табыш керек эле. Менин оюмча, ошол убакытта туура жол табылган. Кыйшайбай, оң-сол жака кетпей жүрө турган болсок азыр алтындын бери дегенде 68-72% биздики болуш керек эле. 5-6 жылдын ичинде инвесторлор өздөрүнүн каражатын кайра алышты. Азыр 33% болгон экен.

Кумтөр - чоң, келечеги кенен, запасы абдан көп жер. Болоору болду. Азыр келечегин ойлош керек. Келечекте «Кумтөрдүн» тегерегиндеги чыгып аткан алтын кендерин өзүнчө кылыш керек эле. Алар ошондогу бааны эсепке алышкан. Азыр баасы башка, киреше башкача болмок.

«Азаттык»: Сиз айтып жаткан нерселерди эске алып, келишимди кайра түзүү мүмкүнбү?

Апас Жумагулов: «Кумтөрдү» толугу менен мүмкүн эмес. Жаңы чыккан алтынды өзүнчө караштыруу туура болот.

«Азаттык»: Угармандардан келген суроолордон берейин. “Апас мырза Акаевдин бийликке келгени туура эмес болгон деп ойлобойбу?”, - деген суроо берилиптир.

Апас Жумагулов: Туура, туура эмес деп айтыш болбойт. Эл, парламент шайлап алган ошол убакта. Акаев жакшы иштей баштаган. Көп жакшы нерселерди Акаев эрдик кылып киргизди, рынок экономикага өткөн убактагы эмгегин жокко чыгарууга туура болбойт. Бирок кадр маселесинде башалмандык болгон.

«Азаттык»: Былтыр Кыргызстан экономикалык өсүштөн аксап, Тажикстандан артта калды. Бул тууралуу Аскар Акаев жакында берген маегинде дагы айтты. Сиздин оюңузча, Кыргызстанда экономикалык абал оңолобу?

Апас Жумагулов: Оңолот, мен буга ишенем. Жалаң ишенип жүрө берсек эч нерсе болбойт. Чара көрүш керек. Азыркы өкмөттүн башында турган кишилер абдан туура чара көрүп атышат. Эгерде ушундан тайбай, паракорлукту, жеп-ичкендикти, уурулук маселесин абдан катуу койсок. Айыл өкмөттөн баштап бийик даражада турган кызматкерлерге чейин баарыбыз жоопкерчиликтүү болушубуз керек.

Республикага инвесторлор ишенсе, келсе, ресурстарды туура колдонсок, айыл чарбасында, башка мекемелерде болгон мүмкүнчүлүгүбүздү ишке киргизсек, сөзсүз республика өзүн-өзү багып, кыйынчылык акыбалдан чыгып кетүүгө бүт мүмкүнчүлүгү бар. Талапты катуу коюш керек.

Кен чыккан жерлерди иштетүүбүз керек. Кадамжайды Якутиябы, башкалар менен сүйлөшүп, жарымын берип, чийки затыңарды алып келип иштеткиле дешибиз керек. Бир миң киши иштесе болот, алар айлык алса, салык төлөсө, бизге ошол керек. Кара-Балта 4 жыл туруп калган. Ишкананы 5 айдын ичинде ишке бердик, азыр 700дөй киши эмгектенет. Былтыркы окуяларга байланыштуу ноябрга чейин туруп калдык, ошонун кесепетинен кыйынчылыктар бар. Быйыл миң тоннага чыгарып, эмдиги жылы бир жарым миң тонна зат беребиз деп казактар менен сүйлөшүп алдык, келишимге бүгүн-эртең кол коюлат. Ошолор менен биргелешип иштейли, жарымын берели деп атабыз.

«Азаттык»: Кыргызстанда мунай, газдын кору көп деп илгери бир маегиңизде айттыңыз эле? Ошол бойдон чыккан жок ко?

Апас Жумагулов: Дагы эле ошол сөздү айтам. Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Үч-Коргон ГЭСинде 7-9 миң гектар жерде нефть, газдын запасы бар. Ошол жерди иштетүүбүз керек. Элди алдабай, башка жактарды ойнотпой иштетишибиз керек.

«Азаттык»: Жумагулов өткөн шайлоодо орусиячыл талапкерди колдоп, Кремл жетекчилиги менен жолугушуу уюштуруп бергени чынбы? Чүйдө эң таасирдүү аксакал катары азыр да саясатка таасир этип жатканы чынбы? деген суроо келиптир.

Апас Жумагулов: Мен саясаттан кеткениме көп болду. Мен бир партияны, бир кишини колдогон киши эмесмин. Мен акылдуу, күйүп-бышкан, эстүү-баштуу киши келсе деген тилегим бар. Кандай болсо дагы андай кишилерге жардам берем.

«Азаттык»: Бажы биримдигине киргендин пайдасы, зыяны эмнеде?

Апас Жумагулов: Пайдасы дагы, зыяны дагы бар. Азыр убактылуу кыйынчылыктар болот. Таасири начар болсо дагы Бажы Биримдигине кириш керек. Жакынкы казак туугандар, Орусия, алыскы беларус туугандар менен бирге болгонубуз жакшы. Өзбекстан, Тажикстан менен мамилебизди оңдошубуз керек. Бир тууган элдербиз, бир суу ичебиз, бир жол менен жүрөбүз.

«Азаттык»: Суу-энергетика боюнча Кыргызстан менен Тажикстан башкаларга басым жасай алабы, сууну сатса болобу?

А.Жумагулов: Мунун жолун жакшы ойлонуш керек. Акчалай сатабызбы, же биригип туруп биздин кирешебиз башка, алардын үлүшү башка болобу – ушуларды чечүү керек. Суу биздин байлыгыбыз. Суу алтындай эле кендин бири десек болот. Түздөн-түз акчага сатсак жолу кыйын болот. Бирок жолун тапса болот.

Апас Жумагулов: Кыргыз экономикасы оңолуп кетерине толук ишенем
(маектин аудиосун бул жерден угуңуз)
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG