Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Лондондо теракт жасаган кишинин тек жайы такталды


Лондон
Лондон

Лондон полициясы 22-мартта шаарда үч адамды өлтүрүп, дагы 40тай кишини жарадар кылган адамдын тек жайын тактады. Полициянын билдиришинче, чабуулду уюштурган 52 жаштагы Халид Масуд Британияда төрөлүп, соңку учурда Уэст-Мидлендс графтыгында жашаган. Ал мурда зомбулук жана курал сактаганы үчүн соттолгону белгилүү болду.

Халид Масуд 22-мартта Лондондогу парламент имаратынын жанында машинасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Натыйжада үч адам өлүп, 40 адам жабыркаган. Алардын жетөө оор абалда ооруканада жатат.

Чабуул койгондун өзүн полиция жок кылган. Британ полициясы кол салууга байланыштуу жети кишини камакка алды.

XS
SM
MD
LG