Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Талап-тоноочулук боюнча тергөө аяктай элек


Бакиевдердин тонолгон үйү, Бишкек. 8-апрель, 2010-жыл
Бакиевдердин тонолгон үйү, Бишкек. 8-апрель, 2010-жыл

2010-жылкы Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча дагы эки адамга айып тагылып, камакка алынды.

Бул тууралуу ишти тергеп жаткан мекемелер аралык топтун жетекчиси Асылбек Чекиров “Азаттыкка” билдирди. Талоончулук боюнча доо айтылган Жогорку Кеңештеги айрым “атамекенчи” депутаттар тергөөнүн кайра жанданышын сындап, каралоо катары баалап жатат. Эксперттер болсо иш саясатташып кеткенин белгилешет.

Талап-тоноочулук боюнча жалпысынан алты адамга айып тагылууда. Ишти тергеген мекемелер аралык топтун башчысы Асылбек Чекировдун маалымдашынча, сотко жөнөтүү үчүн иш учурда прокуратурага тапшырылды:

- “Талап-тоноочулук”, же болбосо “бирөөнүн мүлкүн карактап алып кетүү”, “бирөөнүн мүлкүн карасанатайлык менен жок кылуу”, “бирөөнүн мүлкүн уурдап кетүү” жана “куралды мыйзамсыз алып жүрүү” беренелери боюнча алты адамга айып коюп сотко жөнөтүп жатабыз. Бул биринчи прокуратурага барат. Ал жерден сотко кетиши керек. Мурунку иштин ичинен алты адам боюнча тергөөнү бөлүп алып өзүнчө иш кылып, номер берип жиберип жатабыз.

Талоончулукту тергеген топко ишти иликтөө үчүн 20-августка чейин мөөнөт чектелген эле. Чекиров тергөө толугу менен аягына чыга электигин белгиледи. Бул иш боюнча доого калган Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары көрсөтмө бергенин айтып, анда карама-каршылыктар чыкканын маалымдады:

- Эки депутатты чакырып сураганбыз. Биздин тергөөнүн алкагында мурдагы берген көрсөтмөлөр менен карама-каршылыктар чыкты. Бул боюнча биз материалдарды бөлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүп жатабыз. Анткени мурдагы тергөөдө бул депутаттардын аракетинде кылмыш жок деп токтом чыгарып койгон. Биз ошол токтомдун тагдырын чечип-чечпөө тууралуу Башкы прокуратурага маселе коюп жатабыз.

Айып коюлуп жаткан парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков талоончулук боюнча иштин кайра жанданганын сынга алды жана аны кароолоо акциясы деп атады:

- Рысалиевдин президентке жазган катындагылар такталган жок. Президент берген мөөнөттөн бери үч ай өттү. Ага чейин эки жылга жакын текшеришкен. Мен деген оперлер, мен деген тергөөчүлөр текшерип, баары калп болуп чыккан. Калп болгондон кийин жоопко тарта албайт да. Анан ошол боюнча прокуратурага жөнөтүштү. Ал жерде эч нерсе жок. Бул “кара пиар”.

Мадылбеков бул ишке байланыштуу жакында президентке кайрылуу жолдоноорун кошумчалады, бирок мазмуну тууралуу айткан жок:

- Кудай буюрса биз сентябрда президенттин жообун алабыз. Кандай жооп экенин сиздер жакында билесиздер. Муну эми биз жөн калтырбайбыз. Биз эмне оюнчук бекенбиз.

Талдоочу Эмил Жураевдин баамында, ишти тергөө саясатташып кетти. Мындан улам жообунан суроосу көп болууда:

- Бул жерде ачык эле турганы бул төлөнө турган саясий баа. Маселе кайсы жагына гана чечилбесин маанилүү, күчтүү саясий оюнчулардын кызыкчылыгы козголот. Эң биринчи бул “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө, партиянын өзүнө коюлган шек. Көп изилдеп, жакындан караган кишиге ачык калган бир топ суроолор бар. Рысалиев айткан жүйөлөргө да так жооп келтирилген эмес. Буга чейин бир-эки жолу жабылгандай болуп токтоп калганы бир аз түшүнүксүз. Экинчи жактан, албетте бул ишке Рысалиев жана башка кызыккан кишилер бар. Ошон үчүн иш токтобой жатат. Мисалы ошол эле Рысалиевдин өзүнө буга чейин бир топ саясий чабуул болгон.

​Ушул жылдын май айында Башкы прокуратура 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча ишти тергөөнү жандандырган.

Буга Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин президент Алмазбек Атамбаевге жазган маалымдама катындагы жаңы жүйөлөр негиз болгону айтылган. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бир беткей жыйынтык чыгарган эмес.
XS
SM
MD
LG