Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Апрель окуясы боюнча республикалык аскер сотунун өкүмү угузулду


Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.
Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.

Республикалык аскер сотунун 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмү чыкты. Аскер соту Нурлан Ашымбеков бүгүн өкүмдү окуп бүттү. Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси мамлекеттик күзөт кызматынан мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылды. Ал эми экс-президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев сыртынан 27 жылга кесилди.

Соттун буга чейинки инстанциясында атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилди.

Соттун мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин эркиндикте жүргөн Мурат Суталинов менен Данияр Дунганов сот залында камакка алынды.

Бишкекте Акүйдүн алдында 2010-жылкы элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG