Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Элмурза Сатыбалдиевдин тарапкерлери Өзгөндө пикет өткөрүүдө


Элмурза Сатыбалдиев
Элмурза Сатыбалдиев

Кыргызстандын мурдагы Баш прокурору, Апрель окуясы боюнча соттолгон Элмурза Сатыбалдиевдин тарапкерлери пикетке чыкты. Нааразылык акциясы ушул тапта Ош облусунун Өзгөн районунда өтүүдө.

Райондук акимчиликтин алдында 100дөй адам чогулуп турганын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Чогулгандардын көбү Сатыбалдиев туулуп-өскөн Саламалик айылынын тургундары, анын туугандары экени айтылууда.

Алар Элмурза Сатыбалдиевдин абактан бошотулушун талап кылууда.

2010-жылдын 7-апрелинде ошол кездеги башкарууга нааразылардын ири демонстрациясы өтүп, натыйжада бийлик алмашкан. Митингге чыккандардын 90го жакынын атып өлтүрүшкөн. Бул үчүн айыптуу деп мурунку президент Курманбек Бакиев өзү жана анын жакындары, айрым чиновниктер соттолгон.

Өткөн аптада республиканын Аскер соту мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиевге тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон болчу.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотулбай жатат. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG