Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Индиянын премьер-министри Пакистанды терроризмди экспорттойт деп айыптады


Кашмирдеги Индиянын коопсуздук күчтөрү
Кашмирдеги Индиянын коопсуздук күчтөрү

Премьер-министр Нарендра Моди Пакистан терроризмди экспорттоо менен Азияны бүлгүнгө салууну көздөөдө деп, Исламабадды эл аралык деңгээлде изоляциялоо үчүн аракет жасоого убада кылды. Индия өкмөт башчысынын мындай айыптоосу 18-сентябрда Кашмирде Индиянын аскерий лагерине кол салуу болгондон кийин айтылды. Ал боюнча Индия Пакистанды айыптаган. Лагерге чабуулда 18 аскер өлгөн.

24-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө Нарендра Моди Пакистандын зыяндуу аракети Индия, Бангладеш жана Ооганстанга тийип жатканын белгиледи. “Пакистан калкы менен бир убакта эгемендүүлүктү алган Индия программалык камсыздоолорду экспорттоп жатса, Пакистан эмне үчүн террорчулукту экспорттоп жатат деп суроо салыш керек” деди Моди. Индия талаштуу Кашмирдеги жоочуларды колдойт деп Пакистанды мурдатан айыптап келет. Исламабад ал айыптоолорду четке кагууда. Индия өкмөт башчысынын жаңы айыптоосуна жооп болорун Пакистандын тышкы иштер министри билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG