Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жамансариев: Соттун создугушу - бийликтин чабалдыгында


Бишкектеги Спорт ордосундагы соттук жараян, 1-ноябрь 2010-жыл
Бишкектеги Спорт ордосундагы соттук жараян, 1-ноябрь 2010-жыл

Апрель соту кайрадан белгисиз мөөнөткө жылды. Бул жараяндын күңгөй-тескейи тууралуу “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариевди кепке тарттык.

- Сиз буга чейин апрель соту күз айларында эле жыйынтыкталышы мүмкүн дедиңиз эле. Эмне үчүн сот алигиче созулуп келе жатат?

- Сот болуп жатканына бир жыл, үч айдын жүзү болуп баратат. Бийлик апрель соту боюнча максатын жана саясатын туура коё турган болсо, анда бул иш бир аз эртерээк бүтмөк эле. Бул иште жөнөкөй адамдар эмес, бийликте жүргөн, колунда бар, тааныштары көп адамдар соттолуп жаткандыктан ар кандай тоскоолдуктар менен ушул күнгө чейин созулуп келди. Созулганда дагы бийлик аркылуу болобу, же сатып алып жатышабы, айтор ушундай тоскоолдуктар менен ушул күнгө жеттик.

- Мурат Суталинов УКМКнын тергөө абагында болгонуна карабастан жабырлануучулар эмнеге нааразы болуп жатат? Эмне себептен карама-каршы пикир болуп жатат?

- Баарыбызга белгилүү, Суталинов 7-апрель күнү эле качып кеткен. Ал Казакстанда жүргөнү бизге белгилүү болчу. Анан кийин сотко келгенден кийин, жарым сааттын ичинде аны боштондукка коё берип жиберишти. Ошондон тартып нааразылык башталды. Себеби оор кылмыштарды кылды дегенде сөзсүз түрдө камакка алынышы керек болчу.

Бүгүнкү күндө соткө ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн бердик. Таң калыштуусу, Суталиновду “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген боюнча камакка алып жатат, ал эми ондогон кишилер каза болгон 7-апрель боюнча үй камагына чыгарганы акылга сыярлык иш болбой калды.

- Суталинов абдан көп маалымат алып жүргөн киши, анын келгенинин өзү эле соттун ишин алдыга жылдырат, Суталинов жарандык милдетин аткарып жатат деп ойлойсузбу?

- Жок, андай деп ойлой албайбыз. Себеп дегенде алар саясий абалды байкап, чукулдап калганда конокко келгендей эле келип, анан чыгып кетебиз деген ой менен келишти. Сот, тергөөгө жардам берет деп айтып жатпайбы. Бул мындай айтканда бизди алдап жаткандагысы.

Эгер жардам бере турган болсо, окуя мындай болгон деп билдирүүсүн жасап туруп келе турган болсо биз эч кандай каршылык көрсөтпөйт болчубуз. Формалдуу түрдө, тергөө жардам берет деген сөздөр – бул калп. Ошондуктан ал жарандык милдетин аткаруу үчүн эмес, өзүнүн гана пайдасы үчүн гана келген деп ойлойбуз.

- Апрель сотунда чабактар соттолуп, чаяндары эркиндикке жүргөнү сынга алынып келет. Ушул боюнча сот өкүмү чыкса, апрель соту өзүн актап, жабырлануучулардын көксөсү сууйбу? Же кимдин соттолуп, кимдин соттолбой калганы маанилүү болбой калдыбы?

- Кимдин соттолуп, кимдин соттолбой калганы маанилүү болбой калат дегенге кошулбайм. Негизи азыр камактагылар аткаруучу болсо да жазасын алышы керек. Сиз айткандай, чабактары гана соттолушу нааразылыкты сөзсүз түрдө туудурат.

- Апрель окуясына түздөн түз тиешеси бар деп айтылган негизи аткеминерлердин сотко алынып келбей жатышына кандай мамиледесиз?

- Кимдер келбей жатканы белгилүү. Эми эки адам келиши мүмкүн. Биздин анализ жүргүзгөнүбүз боюнча Малеваная жана Эсен Байыш уулу келиши ыктымал. Калгандары сотко келерине биз ишенбейбиз. Алар келбейт.

Кыргызстанда стабилдүүлүк болуп, эл аралык келишимди оңдоп, өкүм чыккандан кийин бир жыл болобу, эки жыл болобу, аларды алып келип отургузуп берет дегенге биз ишенебиз.

XS
SM
MD
LG