Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

7-апрель соту: көрсөтмөлөр өзгөрүүдө


7-апрелдеги кандуу булоон. Бишкек, 2010-жыл.
7-апрелдеги кандуу булоон. Бишкек, 2010-жыл.

Айыпталуучулар жана алардын күбөлөрү биринчи ок атуу митингчилер тарабынан Ак үйдү көздөй атылган деген көрсөтмө берүүгө өтүштү.

Муну жабырлануучу тарап тергөөдөгү баштапкы көрсөтмөлөрдү өзгөртүү катары баалап, кийинки кездердеги сот жараяндарынын жүрүшүн башка нукка буруу аракети катары сыпатташууда.


Көрсөтмөлөр туураландыбы же бурмаландыбы?


Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Майрамбек Тентиев 7-апрель күнү каршылык акциясы башталган “Медиа форумдун” алдында куралын тарттырып жибергендердин бири.
Азыр ал 7-апрель окуясы боюнча айыпталып жатат. Анын айтымында, ал жакка барган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери элдин арасында айырмаланып турган агрессивдүү топтун кол салуусуна кабылган.

7-апрелдеги тополоң окуялардан, 2010-жыл.

Майрамбек Тентиев ошондогу каршылык акциясын тынч митинг деп атоого мүмкүн эмес болчу деген оюн ортого салды:

- “Куралдарыңарды бербесеңер анда биз силерди өлтүрөбүз” деп коркутушту. Куралдарыбыз менен кошо анын магазиндерин, керек болсо формаларыбыздан бери чечип, тартып алышкан болчу. Мына ошол элдин ичиндегилерди мас адам деп айтканга деле болбойт. Эч нерседен жалтанбаган, көздөрү кызарган, кандайдыр бир балдар сабашты да бизди. Мына ошол күнкү ок атууларды өзүңөр деле тасмадан көрсөңөр керек. Бактарга жашынып алышып, жүздөрүн жаап алышып, курал колдонгонду билбегендей адамдар атып жатышты. Анан азыр мына ошону тынчтык митинги болчу деп жатышпайбы.

Күбөлөрдүн бири, байланышчы Александр Яковлев 29-апрелдеги сот отурумунда мамлекеттик күзөттүн экс-жетекчиси Жаныш Бакиев радио байланыш аркылуу ак үйдүн аймагына кирүүгө аракеттенгендерди бутка атуу тууралуу буйрук берген деп көрсөтмө берген. Ошол эле учурда айрым айыпталуучулар өз көрсөтмөлөрүндө митингчилер тарабынан аларды көздөй тынымсыз ок атуулар болуп жаткандыгын белгилешкен.

7-апрелдеги тополоң окуялардан.
Мындай мазмуундагы көрсөтмөлөрдү жабырлануучу тараптын коомдук жактоочусу Осунбек Жамансариев окуяны баштан аяк бурмалоо катары мүнөздөдү:

- Алар тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, өздөрүнүн кызматташтарына тартып, “эртеден кечке чейин митингчилер тарабынан ок атуу болуп жатты” дешпедиби. Бул эми карандай эле калп да. Эмне болгондугун миңдеген адамдар көрүшпөдүбү? Мына жанагы ак үйдүн коргондорун караганда деле ага сыртынан тийген ок жок. Көпчүлүгү анын ичинен чыкканы көрүнүп турбайбы. Эгерде сырттынан ок жаадырылган болсо аны курчап коргоп турушкан аскер кызматчыларынын бардыгы кырылып калбайт беле.


Окуянын башка катышуучулары неге суралбайт?


5-сентябрга белгиленген кезектеги сот отуруму кийинкиге жылдырылды. Буга соттон айыпкер катары өтүп жаткан аскер кызматчыларынын жактоочусу Абдыкерим Ашыровдун сотко өтүнүч келтириши себеп болду. Анда жактоочу мамлекеттик күзөт жана “Альфа” тобунан башка дагы окуяга катышкан калган тартип сакчыларынын сотко айыпталуучу, же күбө катары катышпагандыгынын себептерин аныктап берүүнү сураган.


7-апрелдеги тополоң окуялардан.
Аскер кызматкерлеринин укугун жана эркиндигин коргоо коомдук комитетинин төрагасы Алымбек Ниязов мына ошол өтүнүчкө жооп алуу үчүн 5-сентябрдагы сот иши жылдырылгандыгын белгиледи:

- Мына ушул сот жараянына катышып жатышкан аскер кызматкерлеринен сырткары ал окуяда “Форум” ишканасынан баштап Ак үйгө чейин аскер кызматкерлеринен башка дагы тартип сакчылары болушкан да. Бирок сот ишине күч түзүмдөрү тараптан гана тартылып, башка тартип сакчыларынан күбө катары дагы, айыпталуучу катары дагы, же болбосо жабырлануучу катары дагы эч ким жок.


Тергөөдөгү далилдер


Ошол эле учурда жабырлануучу тарап сот жараянын башка бир нукка буруу аракеттери болуп жаткандыгын белгилешти. Анын бир мисалы катары айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүнүн башка багытка өзгөрүп, бир ооздон ок атуу башка бир тараптан чыккан деп айтып жатышкандыгынан көрүшөт.

Бирок Осунбек Жамансариев тергөөдө аныкталып, талашууну талап кылбай турган жагдайлар бар экендигин кошумчалады:

7-апрелдеги кандуу булоон.
- Ок тийип кайтыш болгондордун кырк экисине ок жогортон төмөн карай атылган. Жарадар болгондордун дагы отуз пайызга жакыны жогортон төмөн карай атылган октордон жабыркашкан. Бул жанагы чатырларда турушкан көзгө атарларга карата айныксыз далилдер. Себеби өздөрү чатырдын кайсыл жагында олтурушкандыгын айтып беришкен да. Ошолордун ичинен айрымдары “отуз ок бар эле, анан анын бардыгын асманга атып салдым” дегендери болду. Ошого ким ишенет?

Буга чейинки соттук отурумдарда үч жүздөн ашуун жабырлануучунун жүз сексен экиси, жүз отузга жакын күбөнүн кыркка чукулу суралып бүттү. Бардыгы болуп 7-апрель окуясы боюнча 28 адамга айып тагылган. Анын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары баш болгон алты адамга сыртынан айыбы угузулуп, издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG