Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Коомчулукта 2010-жылдын 7-апрелиндеги айрым бир табышмактуу, бүдөмүк жагдайлардын бети ачылбай келе жатканы айтылууда.

Окуянын башкы күбөлөрүнүн бири, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кандуу булоонго шыкакчы болгон жагдайлар боюнча сотко материалдарды тапшырып, көрсөтмө бергендигине карабастан ал жагдайларды кайрадан карап, иликтеп чыгууга көңүл бөлүнбөй жатканын билдирди. Тергөө органдары болсо аталган көрсөтмөлөргө негиз бере турган далилдер жок экенин белгилешүүдө. Ал эми жабырлануучу тарап буга окшогон көрсөтмөлөрдү соттун жүрүшүн башка нукка буруу аракети катары баалады.

Атып түшүрүлгөн “жалданмалар” кайда?

2010-жылы 7-апрелде борбордук аянттагы каршылык акциясына катышкан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзү күбө болгон айрым бир жагдайлар боюнча сотко көрсөтмө берген. Анда ал аянтта жалданма көзгө атарлардын жана атайын эл арасына киргизилген чагымчылардын жүргөндүгүн белгилеген.

Токтайым Үмөталиева “Илбирс” ишканасынын имаратынын үстүнөн жана аянттын четинен атып түшүрүлгөндөр туурасында маалымат тергөөдө иликтенбей калганына токтолду:

- Мына ошол “Илбирстен” кулап түшкөн беткапчан көзгө атар далил болчу да. Аны кимдир бирөө ак үйдүн түштүк-батыш жагына маңдайлашкан имараттын башынан атышкан экен. Анын өлүгүн ошол жакта турган бардыгыбыз эле көргөнбүз. Анан тез жардам келип салып кеткен болчу. Ошол боюнча мына ошол көзгө атар ким экени эч кимге белгисиз бойдон калды. Анан аянттын четиндеги талдын түбүндө туруп алып, видеокамера мененби же фотоаппарат мененби бир нерселерди тартып жүргөн славян түспөлүндөгү кызды башка атышкан болчу. Анын башы жөн эле чачырап кетиптир. Бирок ошол кыз тууралуу да кийин эч жерден эч кандай маалымат ала алган жокпуз. Мына ушуга окшогон жагдайлар иликтенбей калып жатпайбы.

Тергөө анын бардыгын имиш катары баалайт

Бирок 7-апрель окуясын иликтеген тергөөчүлөр укук коргоочунун койгон дооматтары менен макул эмес. Алардын айтымында, жалданма көзгө атарлар же ошол күнү эл арасына атайын киргизилген башка бир чагымчыл күчтөр туурасында маалыматтар иликтенип чыгып, бирок ага тиешелүү далилдер табылбаган.

Сотто мамлекеттик айыптоочу катары чыккан, башкы прокурордун мурдагы орун басары Рыскул Бактыбаев муну кадимки имиш катары баалады:

- Бул иштер коомчулукка белгисиз болуп, бүдөмүк эч нерсе деле жок. Биздин тергөөчүлөр окуялардын болгонун болгондой тизмектеп чыгышкан. Мына ошол боюнча иш сотко өткөрүлгөн. Жанагы көзгө атарлар бул – мына ошол Ак үйдүн чатырында болушкан “Альфа” менен “Арстандын” эле балдары болгон.

Бейнетасмадагы далилдер

Бирок буга карабастан Токтайым Үмөталиева анын колунда 7-апрель окуясынан кийин ар кайсыл жактан чогултулган бейнетасмалар бар экендигин жарыялады. Мына ошол материалдардын биринде укук коргоочу аянтты курчаган имараттардын үстүнөн ок чыгарып жаткан беткапчан адамдар бейнетасмага түшүп калгандыгын мисал келтирди.

Үмөталиева сотто бул боюнча көрсөтмө бергени менен судья мына ошол жагдайларды кайрадан иликтеп, ишти кайра кароого жибербей жатканын айтып өттү:

- Мен мына ошол окуялардан кийин ар кимден чогулткан жүз минуталык бейнетасманы чуркап жүрүп сотко зорго өткөздүм. Мындан сырткары мына ошол көзгө атарларды көргөн, табышмактуу жагдайларга күбө болгон балдардын көрсөтмөлөрү да жазуу түрүндө берилди. Биз ошол күнү эмнени көрсөк, эмнени билсек ошонун бардыгын сотко төкпөй-чачпай айтып бердик. Бирок сот мына ошол жагдайларды эске алып, алар боюнча жаңы иликтөө жүргүзүү зарылдыгы боюнча жообун билдире элек. Бул боюнча мына ошол айыпталуучулардын адвокаттары да өтүнүч келтиришкен болчу.

Соттун нугу бурулабы, же соболго жооп угулабы?

Мындай мүнөздөгү көрсөтмөлөрдү жабырлануучу тарап соттун жүрүшүн башка нукка буруп, айыпталып жаткан аскер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жеңилдетүү аракети катары карайт. Анткени алар тергөө материалдарында ок Ак үй тараптан атылып баштагандыгын тастыктаган миңдеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар экендигин мисал келтиришти.

Жабырлануучулардын сотттогу коомдук коргоочусу Осунбек Жамансариев Ак үйдөн тышкары жактан көзгө атарлар иштегенде анда, аны коргоп турган аскерлердин көбү окко учмак деген жүйөөнү келтирди:

- Мунун бардыгы ойдон чыгарылган карандай калп. Себеп дегенде муну эмне менен далилдесе болот? Сырттан атылган бир дагы ок Ак үйдүн тосмосуна кептелип калган эмес. Бирок мына ошол ичкери жактан атылып жаткан октордон темир тосмолор бырыйып, кээ бир жерлери жырылып кеткен. Мына ошондон эле ок кайсыл жактан атылып тургандыгын байкаса болот. Эгерде кимдир бирөөлөр Ак үйдү коргоп тургандарга каршы ок чыгарганда аларга да ок тийип, кырылып кетпейт беле? Каза болгон балдардын биринде да курал турмак, чыбык болгон эмес. Бирок ошолордун бардыгын атып салышып, анан эми мына ошол балдардын арасында куралчандар бизге карата ок атышкан деген немени ойлоп таап жатышпайбы. Мунун бардыгы арык аттап, суу кечпей турган имиштер.

Мээ кандаган “Медиа-Форум”

Аскер эксперттери менен ардагер чекисттер 7-апрелдеги кандуу булоонго түрткү болгон жагдай катары башында “Медиа-форумдун” алдындагы чагымды аташат. Анда каршылык акциясына чогулган митингчилерге каршы күч колдонулуп, бирок аскер кызматкерлери кармашта карапайым калкка курал-жарактарын тарттырып жиберишкен.

Коопсуздук кызматынын генералы Марат Иманкулов муну ошол кездеги бийликтин өзүнө-өзү өкүм чыгарган зөөкүрдүгү катары мүнөздөдү:

- “Альфаны” жана “Арстанды” аякка жибериштин зарылчылыгы жок болчу. Мыйзамда да ушундай нерсе жок. А бирок алар курал-жарактардын баарын автомашиналарга жүктөп алышып, ок-дарылары менен атайын даярдыктагы аскерлерди жөнөтүп жатышпайбы. Анан алар тынч митингге чогулгандарды кууп таркатабыз дешип анан өздөрү курал-жарактарын тарттырып качып келишкен. Бул атайын чагым кылгандык. Буга мына ошол кездеги бийликтегилердин көөп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамды уруп ойнобой калгандыгы себеп болгон. Алар коркутуп-үркүтүп митингди таркатууга үйрөнүп алышкан болчу. Ошондуктан а кездеги президент Бакиев куралдуу күчтөрдүн кол башчысы катары буга байланыштуу ар бир чечимди билген. Анын чечимисиз күч түзүмдөрүнүн бир дагы жетекчиси башкача иштей алмак эмес.

Суталиновдун билгени бар

7-апрель окуясына эки жылга чукулдаганына карабастан бул боюнча соттук териштирүүлөр буга чейин он жети жолу үзгүлтүккө учурады. Бул аралыкта сот ишин алып барган судья эки жолу алмашты. Кылмышка шектүү деп айыпталып жаткан жогорку даражадагы аткаминерлердин айрымдары качып кетишсе, кээ бирөөлөрү өз эрки менен кайтып келишти.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев атайын кызматтын мурдагы башчысы Суталиновдун сотто бере турган көрсөтмөлөрү көп жагдайлардын башын ачаарына ишенет:

- Суталинов кайтып келип сотко катышып жатпайбы. Мына ошол киши ошол жагдайлардын бардыгын билет. Менимче, ачык-айкын сот болсо ал киши бардыгын айтып берет болуш керек. Мына ошондо гана чындык калкып чыгат. Антпесе мына ошол 7-апрелден кийин эле ар ким өзү каалагандай, “көзгө атарларды жок кылдык, чет элдик жалданмалар экен” деген сыяктуу ар түрдүү калптарды айта башташпадыбы. Менимче, сот иши көп создукпай жыйынтыкталса, мына ошонун бардыгына чекит койулмак.

7-апрель окуясынын чыгышына Бакиев режимине каршы көтөрүлгөн элдик маанайдын күчтүү болгондугуна карабастан аны чет элдик атайын кызматтар уюштурган деген божомолдор да айтылып жүрөт. Бирок тергөө материалдарында буга окшогон имиштерге негиз бере турган жагдайлар иликтенген эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG